Маккейн: Биз мүмкүнчүлүк бергенибиз себептүү Путиндин аскерий коркунучу күчөп барууда

248
0

АКШ сенатору Жон Маккейн 14-февралда Мюнхенде өткөн коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, Россия Европаны жана Европа Союзун жок кылуу максатында атайылап Сирия качкындары агымын пайда кылып жаткандыгын айтып өттү.

 Анын айтымында, Россия өкмөтү Сириядагы гуманитардык абалды атайылап изден чыгарууда.

 Жон Маккейн: “Путин акыркы үлгүдөгү куралдарын сынап көрүү үчүн Сириядан полигон катары пайдаланууну каалап жатат. Ал Европага сокку берүү жана Европа долбоорун  жокко чыгаруу максатында жаңы качкындар толкунун пайда кылууда”, – деди.

 “Биз алда качан эле Украинада мындай долбоорлрду көргөнбүз. Россия жаңы аймактарды басып алууну улантууда жана гуманитардык жүктөрдү жеткирип берүү шылтоосунда аймактарга кирип барып, аскерий аракеттерди күчөтүүдө. Бул нерсе аскерий агрессия деп аталат жана бул иш жүрүп жатат, себеби биз буга мүмкүнчүлүк берип жатабыз”, – деп баса белгиледи Маккейн.

Ошону менен бирге сенатор, эгерде Батыш алсыздыгын көрсөтө турган болсо “Сирияда согуш улана беришин, адамдар өлүп, качкындар болсо Европага карай тынымсыз аракеттене беришин” айтып өттү.

Туркистон:

Маккейн – Россиядагы депутат Жириновский сыяктуу – мамлекеттин ачышы керек болгон стратегиялык сырларын дүйнөгө жар салып айтып берүүчү саясатчы.

Көӊүл буруӊуз, ал “Россия Европага сокку берүү жана Европа долбоорун жокко чыгаруу максатында жаңы качкындар толкунун пайда кылууда” деп, андан кийин “биз ага ушул иште мүмкүнчүлүк берип жатабыз” деди. Демек, Маккейн аны биз гана токтото алышыбыз мүмкүн, ал биздин таасирибиз астында демекчи болууда.

АКШ Россия үчүн түзгөн тузагын да акырындап жаба баштады. Ал чындап эле Европаны ушул күндөгү абалына алып келүү максатында Россиядан да пайдаланып жатат. Т.а. Европа Союзу мамлекеттерин АКШнын дүйнөдө жүргүзүп  жаткан иштерине аралаша албай турган, мисалы  Германия сыяктуу АКШга аскерий жана башка тараптан муктаж болгон аймакка айландырып алмакчы. Эми Россияны бүт дүйнө үчүн кооптуу мамлекет кылып коюу үчүн ага каршы маалыматтык чабуулду баштады.

Россия Сирия проблемасына кирип алышы менен өзү үчүн дүйнөлүк саясатта өтө жаман, пайдасыз жана кооптуу стратегиялык багытты тандады. Ал бул багытты АКШ менен келишилген абалда тандагандыгына карабастан, Россияга долбоордун эң ыпылас жана кооптуу тарабы берилди. Себеби, бул план иштелип жатканда Россиянын эмес, Путин режиминин ошол кездеги убактылуу кызыкчылыктары негиз кылынган эле. Путин азыр да ошол Россиянын кызыкчылыктарына тескери болгон, мамлекетти кыйроого учуратышы мүмкүн болгон долбоордон четтөө ниети жок. Аныгыраагы, Россия чачыранды болуп кетсе да, анын режими ушул жол менен аягына чейин бара берүүдөн башка чарасы жок.

Путин АКШдан кайрымдуулук күтөт. Ал өтө алсыз жана начар болсо да өз бийлигин сактап калуудан үмүттөнөт. Путин региондо т.а. Европада Ирандын ордунда иш алып барып болсо да өзүнүн өмүрүн сактап калмакчы. Т.а. бүтүндөй Европа Союзун АКШ кызыкчылыктары үчүн коркууда кармап туруу максатында жашыруун келишим түзүп, аскерий абал киргизүү менен Россияда Путиндин диктаторлук режимин пайда кылып болсо да ушундай кылмакчы. Бул нерсе кудум Түндүк Корея режими жана Ирактагы Саддам режими сыяктуу көптөгөн жылдар турушу мүмкүн. Путин Россияда ар дайым Батышты жамандап туруучу, бирок өзү АКШнын сызыгынан чыга албай турган система орнотуп алмакчы.

АКШ болсо маселенин ар тараптарын көрүп чыгып, өзү үчүн эң пайдалуу болгон тарабын ишке ашырууга аракет кылууда. Ал Путинден кудум Каримов же Иран режимдеринен пайдаланып жаткандай пайдалана алса, дүйнөдөгү башка мамлекеттер да ушуга ыраазы болушса же мажбур болушса, Путиндин өзүн Россияга аскерий диктатор кылып алып калат. Жакында Жон Керринин кекетүү  менен “эмне биздин Россияга каршы согуш ачышыбызды каалайсыӊарбы” деген сөздөрү ушуга ишара кылат. Керек болсо АКШ Россиядан кооптонуп жаткандай, аны тыйып коюу колунан келбей тургандай болуп көрүнө алат. АКШнын кубаты – Россияныкына тескери көрүнүштө – өз максатына жетишүү жолундагы мына ушул саясий токтоолугунда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here