Стамбулда жардыруу болду

363
0

Акыркы алынган кабарга ылайык, Түркиянын Стамбул шаарында жайгашкан тарыхий жерлердин бири болгон “Султан Ахмет” аянтында жардыруу болгон. Жардыруунун натыйжасында 10 адам өлүп, бир нече адам жарадар болгон. Окуя болгон жерди көп сандуу полициячылар ороп алганы айтылууда.

“Султан Ахмет” аянты бүт дүйнөдөн келүүчү туристтер көп болуучу жерлердин бири. Алгач чиркөө болуп, Стамбул фатх кылынгандан кийин мечитке, Халифалык кулатылгандан кийин болсо музейге айландырылган “Аясофия” тарыхый имараты да мына ушул “Султан Ахмет” аянтында жайгашкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here