БУУ: Биздин тынчыбызды албагыла, каникулдабыз

292
0

Бир нече айлардан бери Асад күчтөрү менен Хизбулла армиясынын курчоосунда калгандыгы себептүү 40 миң тургуну бар Мадая шаарчасында көптөгөн адамдар, ошону менен бир катарда бейкүнөө наристелер да ачкалык себептүү өлүп  жатат. Буга бүт дүйнө күбө болуп турат. Калктын ачкадан өлүп жатканын өз көзү менен көрүп турган оорукананын башкы дарыгери Амир Бахран Мадая калкынын аянычтуу абалы тууралуу БУУга кат жолдоп, андан жардам сурады.

Мадаяда ачарчылыктан өлгөн адамдардын абалы тууралуу БУУга кайрылган Бахран мырза азык-түлүк            продукциялары жана дары-дармектер зарыл экендигин жазды. О.э. доктор Бахран мусулман калк чөп-чар жана зайтун дарагынын жалбырактарын жегенге мажбур болгондуктан ууланып жаткандыгын, ошол себептен улам дары-дармек жеткирип берилиши зарыл экендигин маалымдады. Доктор Бахран кээ бир адамдардын чыгынды, чөп-чар жана мышыктарды жегенге мажбур болуп жаткандыгын да кошумча кылып, БУУдан гуманитардык абалды жакшыртууга көңүл бурууну талап кылды.

Бирок, доктор Бахрандын жардам сураган катына БУУдан күтүлбөгөн жооп келди. Мадая калкы жети айдан бери курчоодо турганына карабастан, бүгүнкү күнгө келип “кожо көрсүнгө” аракет кыла баштаган БУУдан гуманитардык жардамды зарыгып күткөн доктор Бахрандын БУУнун жообунан көңүлү сууду.

БУУнун башкы катчысынын саясий иштер боюнча жардамчысы Жеффрей Фелтмандын электрондук адреси аркылуу доктор Бахранга келген жоопто: “2015-жылдын 24-декабрынан жаңы 2016-жылдын 4-январына чейин майрамдык эс алуудабыз”, – деп айтылган.

Туркистон: 

Куфр дүйнөсү бир кылымдан бери дүйнөгө жетекчилик кылып келе жатат. Бүгүнкү күнгө келип анын айласы кете баштады. Куфр системасы дүйнөнү башкаруу үчүн жараксыз инсаний мабдаъ негизине курулгандыктан, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик бардыгында проблемалар топтоло баштады.

Учурдагы дүйнөлүк система дүйнөнү эки тайпалык стандарт менен бөлүп койду. Биринчи тайпага, алардын тили менен айтканда, илманий маданият ээлери киришет. Бул тайпанын өкүлү болгон бир адам жүздөгөн адамды кырып жиберген абалда камакта туруп, же Европа шаарларынын борборунда туруп “мен балык жегенден баш тартамын” десе бүтүндөй мамлекет бутка турат. БУУ каникулун жыйыштырып, ошол адамдын  ден-соолугу тууралуу кайгыра баштайт. Бүт дүйнөдөгү маалымат каражаттары күнү-түнү ошол адамдын абалы тууралуу тынымсыз кабарларды таркатып турат. Айланасындагы адамдар ага камкордук кылышып, аны бул нааразылыкка үндөгөн проблема эмне экендигине кызыгып, анын проблемасын чечүү үчүн бийликке басым өткөрө башташат.

Алар экинчи тайпага негизинен агрардык мамлекеттердин жарандарын киргизишет. Бул тайпа өкүлдөрү негизинен дүйнөлүк системаны туура эмес деп билген, же дүйнө системасынын негизи болгон демократияны кабыл алуудан баш тартып жаткан исламий өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турат. Мусулмандар – аларды куфр системасы басып алып, аларды ишениминен баш тартууга үндөп келе жатканына карабастан – ал тургай, куфр системасына иттей кызмат кылып жаткандары да өз дининен баш тартышпады.

Мусулмандарды дининен чыгара албастыгына куфр дүйнөсүнүн акылы жетти. Ошондуктан, куфр системасы исламий өлкөлөрдө өз идеологиясын чырайлуу кылып көрсөтүү долбоорлорунан баш тартып, дүйнөнү ачык зомбулук менен башкаруу ыкмасына өттү. Алар жогорудагы сыяктуу адамдык баалуулуктардан ыраак болгон, айрыкча мусулмандардын ачуусун келтире турган билдирүүлөрдү ачык эле бере башташты. Маалымат каражаттарында да бир тараптуу, исламий кылмыштуу иш аракеттер гана айтылып, тескери үгүттөрдү жүргүзүп жатышат.

Булардын бардыгын жөнгө салуунун бирден-бир жолу, куфр системасынан баш тартып, исламий мабдаъий системаны исламий мамлекет көрүнүшүндө турмушка кайтарууда. Бүгүнкү Сириянын Мадая шаарында өлүп бара жаткан адамдарга жардам берүү үчүн дүйнө мусулмандары биригип, аларга тилектештик билдирүү менен бирге Мадаяга коюлган курчоону жарып өтүп аларга ар тараптан жардам берүүнү өз өлкөлөрүбүздөгү бийликтерден талап кылышыбыз керек. Себеби, бизге карата куфр системасынын ушул айбандык мамилеси биздин унчукпай тура беришибизден улам пайда болгон.

Тополоңдор да куфр системасы негизинде же алардын жардамында, же алардын демөөрчүлүгүндө өтүшү мүмкүн эмес. Себеби, исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын бүгүнкү күндөгү аянычтуу абалы ушул капиталисттик системанын кесепетинен болуп жатат. Ошондуктан, биз дүйнө мусулмандары азырынча амандыкта турганыбызга кубанып отура бербестен, өз колубуз менен бийликти тапшырган акимдерди башкаруу иштеринде куфр системасын четке кагууга о.э. жогорудагы сыяктуу абалдарга кескин мамиле билдирүүгө чакырышыбыз керек.

Андан соң, Аллах бизден ыраазы болушунан жана Мадаядагы мусулмандарды жардамсыз таштап койгондордун сабына кошуп койбостугунан үмүттөнүп, аракетибизди уланта беришибиз керек. Аллах биздин алсыздыгыбызды жана куфрга көз каранды болуп, Аллах берген Ислам аманатын колубуздан түшүрүп, аны куфрга кор кылдырып койгонубуз үчүн баарыбызды кечиришин о.э. Ислам динин өз ордуна кайтаруу үчүн кылып жаткан аракеттерибизге нусрат беришин Аллахтан сурайбыз, Амиин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here