Эрдоган Россия Исламды бутага алганына ишара кылууда

350
0

Эрдоган Россия Исламды бутага алганына ишара кылууда

Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Россия “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү шылтоосунда Исламды бутага алганына ишара кылды. Анын айтымында, эл аралык күчтөр тарабынан жүргүзүлүп жаткан Сириядагы күрөш “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы согушуу чүмбөтү астында кырсыкка айланды.

Эрдоган ишемби күнү тасаввуф аалымы Жалалиддин Румийдин өлгөндүгүнүн 742 жылдыгын эскерүүгө байланыштуу Стамбулда өткөрүлгөн иш-чарада төмөнкүдөй билдирүү берди: «Биз Сирияны бомбалап жаткан бул мамлекеттин (т.а. Россиянын) операцияларына назар таштай турган болсок, операциялардын 10 пайызы “Ислам Мамлекети” уюмун бутага алганын, калган 90 пайызы болсо режимге каршы жамааттарга каратылгандыгын көрөбүз. Алардын арасында түркмөн боордошторубуз да бар т.а. ал мусулмандарды бутага алып жатат». (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Түрк президенти мындай билдирүүлөрдү аброюн көтөрүп алуу максатында берип жатканы күндөн-күнгө тастыкталып барууда. Анын бул билдирүүлөрү негизинен куру билдирүүлөр болуп, көпчүлүгү ал тургай анын өзүн каралап жатат. Эрдоган бүгүн Россияга чабуул кылып, анын Ислам жана мусулмандарды бутага алып жатканына ишара кылууда. Кудум өзү жана башка Түркия өкүмдарлары Ислам жана мусулмандарга нусрат-жардам берип, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшпөй жаткандай. Акыры, бул өкүмдарлар Башар Асаддын ушунча кылмыштарына сүкүт сактап, Сирия калкына нусрат-жардам беришпеди го, ал тургай Сирия калкын кыргын кылышы үчүн кафир Батыш коалициясына аскерий базаларын ачып беришти го. Америка, Батыш мамлекеттери жана Россиянын Сирияда Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тикеленишине каршы күрөшүү жана илманий режимди сактап калуу аракеттерине ыраазы болушту го… Эй Түркия өкүмдарлары мына ушулардын бардыгы Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш эмеспи?

Роя гезитинин 2015-жыл, 23-декабрдагы 57-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here