Кудрин: кризистин чокусунан өттүк деп айта албайбыз

720
0

Россиянын мурдагы финансы министри Алексей Кудриндин айтымында, мамлекет баштан өткөрүп жаткан экономикалык кризистин чокусунан ашып өткөн жок, себеби өкмөт кризиске каршы жетиштүү иш-чараларды кабыл албады.

 “Мындан мурда көптөгөн эксперттер, ошону менен бирге мен да кризистин чокусун басып өттүк деп эсептегенбиз. А бирок, бүгүн айрым кошумча терс натыйжаларды көрүп турабыз, муну биз ноябрь айында көрдүк. Бул болсо, абал дагы деле туруксуз экендигин түшүндүрөт. Буга нефтинин баасы төмөндөп кетиши сыяктуу олуттуу проблема кошумча болду. Эгерде нефтинин баасы кийинки алты ай же бир жыл бою ушундай турса, бизди экономикалык төмөндөөлөр күтүп турат. Ошол себептен улам, биз экономикалык кризистин чокусун басып өттүк деп айта албайбыз”, – деди  Кудрин “Интерфакс” агенттигине берген интервьюсунда.

 Кудриндин айтымында, келе жаткан жыл олуттуу кыйынчылыктарды алып келет. “Мамлекеттик чыгымдар азаят,себеби киреше да аз болот. Кийинки жылы инфляция даражасы күтүлгөн 6,4 пайызга карата 1,5 пайыз жогору болот”, – деп айтты.

 Мындан тышкары Кудрин, жакынкы убакта Россия “кредиттердин жогору ставкалары, бир катар тармактарда, жумуш менен камсыздоо жана киреше боюнча да коркунучтарга” дуушар болушу мүмкүн экендигин айтты.

 “Азыр деле абал өтө жакшы эмес, а бирок, айрым банктар жана айрым тармактарды эсепке албаганда азырынча туруктуу деп айтышыбыз мүмкүн. Бирок, начарлашы да мүмкүн”, – деди мурдагы министр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here