Уолл-стрит: АКШ Асад менен мамилесин эч качан үзгөн эмес

286
0

Россия жана Иран менен бир катарда АКШ да Асад режими менен туруктуу алака орнотуп келген. Бул тууралуу “Wall Street Journal” гезити кабар таркатты. Гезиттин жазышынча, АКШ жана Сирия ортосундагы алакалар ынкылап башталган 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин үзгүлтүксүз уланып келген.

“Wall Street Journal” гезити бул тууралуу отчёт да жарыя кылды. Отчётто айтылышынча, Сирия кризиси башталган 2011-жылдан бери Обама админстрациясы Асад режими менен дипломатиялык каналдар аркылуу тынымсыз кабарлашып турган.

О.э. отчётто АКШ Сирияда ички чатактар себептүү алгач Сирия өкмөтүн өзгөртүү үчүн ынкылапчы генерал издегендиги, а бирок таба албаган соң, Асад режими менен жашыруун түрдө жолугушуу өткөрө баштагандыгы тууралуу да айтылат.

Бирок, Обама админстрациясы Сирия кризиси учурунда Асад режимин расмий түрдө тан албастыгын билдирип келди. Ал тургай, 2013-жылы оппозициялык топторду Сириянын өкүлү катары тааныганын да жарыя кылган эле.

АКШнын Асад менен алаканы үзбөгөндүгү жөнүндөгү маалыматтар коомчулукта нааразылыкты пайда кылды. АКШ маалымат каражаттарында жазылышынча, Обама админстрациясынын бири-бирине карама-каршы тышкы саясаты Сирия согушунун көпкө созулушуна себеп болгон.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here