Региондогу согуштар Американын курал-жарак иштеп чыгаруучу компанияларынын ишмердүүлүгүн жандантууда

370
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембидеги 55-санынан:

Американын Ислам жана мусулмандарга каршы согушу аны кыйратуунун ордуна компанияларын жандандырып жиберди

Региондогу согуштар Американын курал-жарак иштеп чыгаруучу компанияларынын ишмердүүлүгүн жандантууда

Америкалык жооптуулар жана Кошмо Штаттардагы курал-жарак чыгаруучу ири компаниялардын жетекчилери билдиргендей, ракетага о.э. аскерий операцияларда колдонулуучу башка курал-жарактарга болгон талап күчөп бара жатат. Бул талапты кандыруу үчүн компаниялар Вашингтон Ислам Мамлекети уюмуна каршы согушта о.э. Жакынкы Чыгыштагы башка согуштарда колдонуп жаткан ракеталар менен курал-жарактарды чыгарууну мурункуга караганда активдештирип жиберишкен.

Чындыгында эле, Америкада иштелип чыккан ракеталарга жана «акылдуу бомба»ларга болгон эл аралык талап күчөдү. Вашингтон жана анын союздаштары ИШИМ уюмуна каршы көпкө созулушу божомолдонуп жаткан согушту о.э. Яманда жүрүп жаткан согушту мына ушундай курал-жарактар менен үзгүлтүксүз камсыздоого аракет кылып жатышат.

Америкалык жооптуулардын айтымында, курал-жарак иштеп чыгаруучу заводдор кошумча иш сменаларга өткөрүлгөн жана иштеп чыгарууну көбөйтүү үчүн кошумча жумушчу күчүнөн жардам алышууда. Бирок, заводдордун кубатына байланыштуу проблемаларга дуушар болушканы себептүү, алардын кубатын ашырууга, ал тургай талап кылынган материалдар менен камсыздоо үчүн жаңы заводдорду курууга муктаж болуп жатышат. Мындай абал кезек күтүүнү да пайда кылууда. Мисалы, бүгүн Вашингтондун союздаштары алардын курал-жаракка байланыштуу талаптарын үйрөнүүдө Кошмо Штаттардын өтө жай аракет кылып жатканынан тынчсызданып жатышат.

Америкадагы курал-жарак чыгаруучу заводдордун биринин атын ачыктоону каалабаган жооптуусу алардын заводу өнүгүүгө жетишкендигин айтып: «Региондогу ар бир адам беш-он жылга чейин жете турган курал запасын камдашы керектигин жана Ислам Мамлекети уюмуна каршы согуш көпкө созулушу туурасында айтып жатат», – деди.

Көрүнүшүнөн, мындай үлкөн талап Алабама штатындагы Трой шаарына өзүнүн таасирин тийгизген окшойт. Ал жерде катуу кайтарылуучу өтө чоӊ жерди ээлеген завод бар. Заводдо «Lockheed Martin» компаниясы Hellfire тибиндеги аба-жер ракетасын чыгарат. Учурда завод жумушсуздук деӊгээлин азайтуу жана шаардагы соода-сатыкты көбөйтүү максатында көптөгөн жаңы жумушчуларды жалдады (Ал-Жазира нет).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here