Франция жихадчылар идеясына каршы күрөшүү үчүн «салттуу ислам»га чакырууда

276
0

Роя гезитинин 2015-жыл, 9-декабрь, шаршембидеги 55-санынан:

Франция жихадчылар идеясына каршы күрөшүү үчүн «салттуу ислам»га чакырууда

Франция ички иштер министри Бернар Казнев Франциядагы мусулман жетекчилерди «жаштарды зомбулукка жетектеп жаткан ИШИМ уюмунун адаштыруучу идеяларына» каршы күрөшүү үчүн «салттуу ислам»ды өнүктүрүүгө чакырды. Министр 400 мусулман жетекчи, активист жана имамдар менен Париждеги 13-ноябр окуясынан кийин биринчи жолу жолугушту. Жолугушууда ал «Франция бул кылмышкерлерди куугунтуктоодо колунан келген бардык ишти кылат, бирок, мусулмандар гана идеяга каршы Ислам алкагында күрөш жүргүзүп, утушка жетишүү мүмкүнчүлүгүнө ээ» деди. Франция мусулмандар кеңешинин төрагасы Анвар Кибик: «Биз ушул окуяларды каралашыбызды билдирүү үчүн он исламий мекеме жана беш чоӊ мечиттин катышуусунда чукул жыйын өткөрдүк», – деди. Жыйын «Францияга ишенимдүүлүк» анты менен башталып, Франциянын улуттук «La Marseillaise» гимни менен аяктады (Рейтер).

Роя гезитинин комментарийи: Казневдин «салттуу ислам»ды өнүктүрүүгө болгон чакырыгы Франциядагы биринчи аракет эмес. Буга чейин да башкалар тарабынан ушуга окшогон аракеттер болгон. Бул демилгелердин бардыгы Исламды илманийлештирүүгө о.э. саясий Исламдын жүзөгө чыгышына тоскоолдук кылууга каратылган. Себеби, саясий Ислам исламий дүйнө үстүндөгү Батыш өкүмдарлыгына коркунуч туудурат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here