АКШ жана Батыш ИШИМ шылтоосунда мусулманды мусулманга каршы коймокчу

450
4

Белградда уюштурулган ЕККУ тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирүү берген АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри ИШИМди жеңүү үчүн авиа соккулардын өзү жетиштүү эместигин жана кошумча түрдө кургактыктан да чабуул уюштуруу керектигин билдирди. Керри кургактыктан чабуулга өтүү үчүн Сирия жана  Араб армияларын назарда туткандыгын жашырбады. Анын айтымында, бул үчүн Сирияда “Өткөөл мезгил” келишимине кол коюлгандан кийин Сирия армиясы менен Сирия оппозициясы кызматташтыкта кургактыктан чабуулга өтүшү керек.

“Батыш тарабынан колдоп-кубаттала турган оппозиция ИШИМге каршы күрөштө режим күчтөрү менен кызматташабы?” – деген суроого: “Саясий өткөөл мезгил келишими аркылуу Сирия армиясы жана оппозиция тарабынан ИШИМге каршы уюштурула турган биргелешкен күчтөр ИШИМди бир нече айда түгөтүшү мүмкүн. Сирия армиясы, оппозициялык күчтөр, АКШ жана коалиция о.э. Россия ИШИМди кыйратышы мүмкүн. Бул иште авиа чабуулдардын өзү менен натыйжага жетишүү мүмкүн эмес”, – деп жооп берди Керри.

АКШ президенти Барак Обама да Америка калкына кайрылып, “террор”го каршы күрөш улана тургандыгын билдирди. АКШ президентинин билдиришинче, Сириядагы ишке ашырыла турган кургактык чабуулдары АКШ кызыкчылыгына туура келбейт, ошондуктан, региондогу оппозицияны аскерий машыгуудан өткөрүүнү жана аларды аскерий жабдыктар менен камсыздоону улантуу керек. Обама өзүнүн билдирүүсүндө ИШИМге каршы күрөштө мусулман коому АКШнын эң негизги жардамчысы болушу зарыл экендигин баса белгиледи.

Ошол эле учурда Франциянын Тышкы иштер министри Лоран Фабиус да ИШИМге каршы күрөштө жергиликтүү күчтөрдү ишке салуу керектигин айтып чыкты.

“Ле Прогрес” гезитине интервью берген Фабиус: “Сирияда саясий өткөөл мезгил үчүн эми Асад бийликтен кетиши шарт эмес”, “ИШИМге каршы күрөш маанилүү, бирок, ийгиликке жетишүү үчүн бардык сириялыктар жана жергиликтүү күчтөр бир болушу керек “, – деди.

4 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here