Хижаб жана никаб үчүн Кытайда жаза-чара колдонулат.

361
0

3 ноября, 14:27

Кытай өкмөтү  кылмыш кодексине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизди. Анын билдиришинче,  “ экстремисттик кийимдер” жана ага даъват кылуу кылмыш болуп эсептелет.

 Global Times  Кытай улуттук  таблоиди   билдиришинче: “Мындай кийимге башкаларды  мажбурий даъват кылган кимселер мамлекеттин көзөмөлүндө болушат,  алар кармалат же 3 жыл мөөнөткө эркинен ажыратылат », – деп цитата келтирди IslamNews.

 Ошол эле учурда Кытай прокуратурасы жана  Жогорку соту “ экстремисттик  кийим “ аталышын анык айтпаган. Т.а. экстремисттер катарына  ар кандай  диний мазмундагы кийимди киргизиши мүмкүн экендиги назарда тутулган. Алардын катарына хижаб, никаб, ал тургай  монахтардын ридасы да кошулушу мүмкүн.

Мындан тышкары “ диний кийимге” үгүттөөчү адамдар , айрыкча аялдары диний ишенимге ылайык кийинген  эркектер кылмыш жоопкерчилигине  тартылышат.

Бул тууралуу тартипти сактоо органдары үчүн жаңы артыкчылыктар берилди.

 Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кытай президенти Си Сзинпин  жетекчилиги учурунда мамлекетте динге каршы кеӊири масштабдуу операциялар ишке ашырылган.  2013-жылдын өзүндө эле 1200 дөн ашуун чиркөө кресттери калктан тартып алынган. Бүгүнкү күнгө келип, бул канкор президент Уйгурстан мусулмандарын түрдүү азаптарга дуушар кылууда.

Туркистон

 Кытайдын Уйгурстанды бүгүнкүдөй толук колония абалга алып келип алышы дүйнө мусулмандары үчүн сабак болушу керек. Кытай исламий жамааттарды алгач мусулман өкмөттүн күчтөрү аркылуу кысымга алды. Андан кийин хань – сулар менен кызматташтыкта террористтерге каршы күрөш сыяктуу куфр ойлоп тапкан атамалар аркылуу мусулмандарга каршы күрөшө баштады. Кытай Уйгурстандын жетекчи тобун мусулмандардын колу менен жок кылып алды. Табигый түрдө уйгур саясий элитасы да жок болду.

Бүгүнкү күнгө келип, уйгурларды башкарып кетиши мүмкүн болгон бардык топтор же адамдар жок кылынды, же чет өлкөлөргө чыгарып жиберилди. Кытай мушриктеринин ушул долбоорлоруна мусулмандар алгач өтө кайдыгер карашкан эле. Алар Кытайдын маалымат каражаттары таркатып  жаткан маалыматтарга ишенип капилетте калышты. Мусулмандар “террористтерди жок кылып алары менен Кытай Хань сулары бизди тынч коёт” деп ойлошту.

Бирок, алар катуу жаӊылып калышты. Тескерисинче, куфр дүйнөсү террорист, экстремист деп атап алып, биздин катышуубуз же сүкүт сактап ыраазы болуп турушубуз менен куугунтуктап келе жатышкан бул катмардын өкүлдөрү, түпкүлүгүндө, куфрдун бизди биротоло тебелеп-тепсеп жиберишине мүмкүнчүлүк бербей бекем турган адамдар болчу. Уйгурстандын бүгүнкү абалы буга ачык-айкын мисал боло алат.

Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөстан… жана башка, бардык диний баалуулуктар жана мусулмандар кор болуп бара жаткан мамлекеттер кудум Уйгурстан сыяктуу бир долбоор негизинде ушул күндөгү кордук абалына келип калышты. Куфр бул долбооруна ылайык, алгач карапайым калктын кызыкчылыктарына зыян жете турган даражада бирер жардыруу операцияларын уюштуруп, аны бирер исламий топтун өкүлдөрүнө жабыштырат. Бул ыпылас операциялар бир нече жолу кайталана берет. Т.а. ошол өлкөнүн жарандары бул жырткычтыктар ошол исламий топтор тарабынан экенине ишенмейинче, же тагдырга моюн сунуп, бул топ өкүлдөрүн куфр органдары кармап кетишине ыраазы болушмайынча кайталана берет. Андан кийин куфр күчтөрү кийинки катмардын өкүлдөрүнө өтүшөт. Андан соӊ, улам кийинкисине өтө беришет.

Акыры бүгүнкү күндө уйгур боордошторубуздун башына түшүп жаткан күн келет. Мечиттер жабылып, хижабга тыюу салынат, Куран окууга жана окутууга тыюу салынат.

Кыргызстанда да – кудум Казакстан же Өзбекстан сыяктуу – “таблиг” жамаатына тыюу салынганы турат. Алар учурда, Кыргызстан муфтийи Токтомушев “таблиг” жамаатынын мүчөсү деген даабаны көтөрүп чыга башташты. Кыргызстан болсо, коргонуу негизинде иш кылып, муфтий ошол даъватчылар жамаатына мүчөбү же жокпу текшере баштады. Бул Кыргызстанга “таблиг” жамаатына тыюу салуу үчүн болгон кысым жана ушул жолго коюлган биринчи кадам болуп эсептелет.

Алар (кошуна мамлекеттер) “Кыргызстан муфтийи бизде тыюу салынган жамааттын өкүлү болгондуктан, биздин өлкөдө кабыл ала албайбыз” деген шылтоо менен аны алмаштырып коюшмакчы.

“Таблиг” жамааты даватчылар деген аталыш менен дүйнөгө таанылган мусулмандар жамааты болуп эсептелет. Алар керек болсо саясий ишмердүүлүккө аралашышпайт. Өкмөттүн мыйзамдары чегарасында даават жүргүзүшөт. Алар ал тургай муфтияттын карамагындагы мечиттердин ишетерине да аралашкан эмес.

Ушундай этиятчылдыгына карабастан, аларга да Хизб ут-Тахрир исламий саясий партиясы сыяктуу тыюу сала башташты. Илгери мусулмандар, “өкмөт саясий исламий ишмердүүлүккө каршы күрөшүү менен чектелет” деп адашып калышкан эле. Алар Куранда “алар (кафирлер) силер алардын динине кирмейинче таптакыр ыраазы болушпайт” деген маанидеги аяттарга моюн сунушпады. Аллахтын аяттары кандай гана акыйкат экендигин турмуш чындыгы далидеп келе жатат.

Куфр дүйнөлүк системасы белгилүү бир исламий топторго эмес, Ислам жана мусулмандарга, аларды дүйнөдө азиз кылып келе жаткан исламий акыйда негизиндеги Ислам идеологиясына каршы. Ушуну дүйнөдөгү мусулмандарга түшүндүрө алсак, биз албетте жеӊишке жетишебиз, инша Аллах. Болбосо, куфр системасы биз мусулмандарды бири-бирибиз менен кор кыла берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here