АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Орто Азия сапарынын алкагында Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов менен жолугушту. Тажикстан мамлекеттик министрлиги имаратында уюштурулган бул жолугушууда Керри менен Рахмонов эки мамлекет ортосундагы саясий, экономикалык, соода, билим-берүү жана маданий тармактарда кызматташууга келишип алышты.
Айрыкча, жолугушууда эл аралык терроризмге (Исламга) каршы күрөш жана Афганистандагы өзгөрүштөр туурасындагы талкуулар жүргүзүлдү.
Жолугушуудан кийин уюштурулган маалымат жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Тажикстандын электр энергия менен камсыздоодо проблемага дуушар болуп жатканынан жана ГЭС куруу маселесинде Өзбекстан менен келишпестик пайда болгонунан кабардар экендигин айтты. Электр энергиясы менен камсыздоо жаатында Рахмонов менен башка варианттарды көрүп чыккандыгын билдирген Керри бул проблема беш жылдын ичинде ишке ашырыла турган долбоорлор аркылуу чечилишин айтты.
“Тажикстанда электр проблемасын чече турган башка булактар үстүндө сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Беш жыл ичинде ишке ашырыла турган долбоор аркылуу Тажикстандын электр энергияга болгон талабы кандырылат о.э. Афганистанга электр энергиясын импорт кыла баштайт”, – деди Жон Керри.
Керри АКШнын Тажикстан менен алакалары Вашингтон үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи. Керринин айтымында, мунун негизги себеби Тажикстандын Афганистанга кошуна мамлекет болгондугунда.
Туркистон:
АКШ Өзбекстанды колго алгандагы ыкмалар менен Тажикстанды да өз колуна алууну пландаштырып жаткан окшойт. Рахмоновдун режими Ислам жана мусулмандарга зулум кылууда Каримовдун режимине жетейин деп калды. Ал да Каримовдой Батышты ыраазы кылып албаса, Батыштын маалыматтык машинасы ага каршы иштей баштайт. Ал болсо, Рахмоновду режими жана үй-бүлө мүчөлөрү менен бир четке сүрүп, мамлекеттен чыга албай турган абалга кептеп коюшу мүмкүн. Каримовго көӊүл буруӊуз, кыздары Европада өзбек улутунун көз жаштары жана маӊдай тери менен табылган акчаларды кеӊири чачып жүрүшөт. Керри Каримовдун алдында адам укуктары туурасында ооз ачпады.
Керри Рахмоновду Каримовду ыраазы кылуу үчүн алдап жатат. Ал тажик улуту үчүн өтө маанилүү болгон Рогун ГЭСинин курулушун улантууга ыраазылык бере албайт. Бирок, Рахмоновду өзүнө тартуу максатында балким АЭС куруп бериши мүмкүндүгүнө ишара кылып жаткандыр. Бул куру убада, узак мөөнөттүү арзуу болуп калса да, Рахмоновдун Рогун ГЭСин куруп бүтүрүү жана ишке түшүрүү маселесиндеги ийгиликсиздигин жашырышы мүмкүн. Тажикстанды болсо, Афганистандын инфраструктурасын тикелөөдө, энергетика сырьёлору менен жардам берүүдө өз максаттарын көздөй багыттамакчы. Керри “бул жардам көрсөтүү иши Тажикстан үчүн Афганистанда буфердик аймакты жаратууда жардам болушу мүмкүн” деп Рахмоновду алдамакчы болот. Кудум Өзбекстанды дагы деле алдап келе жатканы сыяктуу.
Тыянак кылып айтарыбыз, колонизатор мамлекеттердин бардыгы, өздөрүнүн гана кызыкчылыктары негизинде бизге жардам берип жаткандай болуп көрүнүшөт. Алардын жардамдары болсо, аларга малайлык кылууга убада берген жетекчилерибиздин бийликте туруу мөөнөтүн узартуу негизинде жүргүзүлөт.
Алардан үмүтүбүздү үзүшүбүз керек. Себеби бул куфр системасы мындан башка негизде иштей албайт. Бул болсо, бул системага ал тургай Мурси сыяктуу дүйнөлүк исламий партия жетекчилерин алып келип койгонубузда да, система аны өз раъйына тартып кетет. Ал да алардын бирине айланып кала берет. Муну Мисир тарыхынан көрдүк.
Ошондуктан, куфр системасы үстүнө исламий адамдарды жетекчи кылып алып келүү менен дүйнөнү же мамлекетти өзгөртүү тарыйкатынан баш тартышыбыз керек. Биз куфр системасын өзгөртүү үчүн Ислам системасын орнотуу аркылуу дүйнөнү реформа кылуу максатында аракет кылышыбыз важиб. Аллахтын нусраты – кудум мына ушул Пайгамбарыбыздын мамлекет тикелөөдөгү тарыйкаты негизиндеги мабдаъий аракеттерибизге – берилишине ишенишибиз жана иш жүзүндө аны аракетибиздин негизи кылып алышыбыз керек. Антпесе, Керрилер бизди алдай беришет. Биз ушул Керрилердин системасы ичинде алардын торуна түшкөн балыктардай натыйжасыз аракет кыла беребиз.