Бангладеште Хизб ут-Тахрирге мүчө муслималар камакка алынды

328
0

Бангладештин Уттара шаарында Хизб ут-Тахрирге мүчө муслималар мамлекеттин күч түзүмдөрү тарабынан кармалып, акыйкатсыз айыптоолор менен темир тор артына ташталышты. Бул тууралуу Бангладеш маалымат агенттиги кабар таркатты.

Кабарда айтылышынча, Хизб ут-Тахрирге мүчө экендиги кабарланган Тавхида Ахтар Урми жана Ракиба Махмуд деген эки муслима аял “Alias Zakia RAJUK” колледжинин жанында Бангладеш полициясы тарабынан кармалган. Полиция жооптууларынын айтымында, кармалган муслималардын жанынан Хизб ут-Тахрир уюмуна таандык өтө көптөгөн китептер жана далилдер табылган. Полиция тарабынан чыгарылган билдирүүдө, муслима аялдар сурак кылынганда алар Хизб ут-Тахрир уюмуна мүчө экендигин ачык эле жарыя кылышкандыгы айтылат.

Уттара шаардык полиция күчтөрү акыйкатсыз айыптоолор менен камакка алган муслима аялдар мамлекеттик маалымат каржаттары аркылуу эфирден көрсөтүлдү. Сүрөттөрдөн алардын камакка алынышына китептер гана себеп болгондугун көрүүгө болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here