Рохинжа мусулмандарын куткаруу

254
0

 Басма сөз баянаты

Азиянын түрдүү региондорундагы муфаккира аялдар Рохинжа мусулмандарын куткаруу үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө чакыруучу баянатка кол коюшууда

444Азиянын түрдүү региондорундагы муфаккира аялдардан 250 аял Рохинжа мусулмандарын куткаруу үчүн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө чакыруучу баянатка кол коюшту. Баянатта Мьянма жана ага кошуна мамлекеттердеги мусулмандарга карата жырткычтык толкуну күн өткөн сайын күчөп бара жатканы катуу караланган. Баянаттагы чакырыкта айтылгандай, исламий өлкөлөрдү бириктирүү жана бүгүнкү режимдерди о.э. кафир Батыш орноткон улутчулдук чегараларын четке кагуу зарыл. Себеби, ушул чегаралар себептүү мусулмандар жана алардын өкүмдарлары дүйнөдөгү бардык репрессияга учурап жаткан мусулмандарды, ага-ини боордошторун куткарууда өз милдетинен баш тартышты. О.э. баянатта исламий дүйнө өкмөттөрүнөн дароо Рохинжа мусулмандарын куткаруу үчүн аракеттенүү жана алардын Ислам буйругандай акы-укуктарына жетишүүсүнө жардам берүү да талап кылынган. Буга кошумча, кол коюу иш-чарасына катышкан аялдар Рохинжа мусулмандары бороонунун түпкү чечими болуп эсептелген о.э. алардын да, бүт дүйнөдөгү башка мазлум мусулмандардын да кыйынчылыктарына тездик менен чек коё турган пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө ишмердүүлүгүн колдоп-кубаттоого шерттешти. Баянатка кол коюу менен андагы беренелерди колдоп-кубатташын билдирген аялдар – Рохинжа адам укуктары уюмунун мүчөлөрү, журналисттер, радио, телевидение, маалымат каражаттарынын редакторлору, саясий партиялардын мүчөлөрү, исламий уюмдардагы таасирдүү аялдар, жарандык коомдун жетекчилери, ошону менен бир катарда, аймактык министрликтердин кызматкерлери, саясий активисттер, кыз-келиндер кыймылдарынын мүчөлөрү, муслима кызматкерлер, коомдордун жетекчилери, дарыгерлер, инженерлер, ишкерлер, мугалимдер, университеттердин профессорлору жана студенткалардан турат.

Ушул баянат 2015-жылы 6-июнда Малайзияда өткөн о.э. Хизб ут-Тахрир борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты уюштурган аялдар форумунун алкагында чыгарылды. «Рохинжа: деңизде калып кеткендер жарандыгы жок бир улутпу, же болбосо, эң жакшы Үммөттүн бир бөлүгүбү?», – деген аталыштагы ушул аялдар форумунда дүйнө коомчулугунун көӊүлүн Рохинжа аялдары жана жаш балдары дуушар болуп жаткан машакаттарга буруу максаты көздөлгөн. Баянатка байланыштуу ушул иш-чарадан кийин Хизб ут-Тахрир аялдары өз коомдорундагы таасирдүү аялдар менен кеӊири көлөмдүү талкууларды өткөрүп, аларга ушул баянат жана андагы сунуштарды түшүндүрүүгө жана жолдомолорду берүүгө аракет кылышты.

Төмөндө ошол баянатты келтиребиз:

2015-жыл, 6-июнь ишемби күнү Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында: «Рохинжа: деңизде калып кеткендер жарандыгы жок бир улутпу, же болбосо, эң жакшы Үммөттүн бир бөлүгүбү?» – деген аталышта өткөрүлгөн аялдар форумунда Хизб ут-Тахрир борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты «Рохинжа аялдары жана жаш балдарына жардам көрсөтүү» жарыясын чыгарды

Биз төмөндө кол койгон аялдар Мьянма жана анын айланасындагы мамлекеттерде Рохинжа мусулмандарын куугунтуктоо күчөп бара жатканын о.э. бул мусулман ага-инилерибиз, эже-сиңдилерибизге каршы репрессивдүү саясат жүргүзүлүп жатканын кескин каралайбыз жана төмөнкүлөрдү жарыя кылабыз:

  • Биз муслима аялдар катары баса белгилеп айтарыбыз, мусулмандар башка адамдардан тышкары өзгөчө бир бүтүн үммөт. Мусулмандар биригүүсү важиб о.э. аларды эч кандай чегара, тосмо жана аралык ажыратпашы керек. Аллах Таала айтат:

﴿إِنَّ هَٰذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾

«Албетте, силердин үммөтүӊөр чындыгында бир үммөт, Мен болсо (бардыгыӊардын) Роббиӊермин, демек, Мага гана ибадат кылгыла»                                                        [21:92]

Ошондуктан ушул жерден туруп, Рохинжа ага-инилерибиз жана эже-сиңдилерибиздин проблемасы бардыгыбыздын проблемабыз, алардын кыйынчылыктары бардыгыбыздын кыйынчылыктарыбыз экенин баса белгилейбиз. О.э. биз алардын маселесин колдоп-кубаттайбыз. Себеби, Расулуллах Aдын төмөнкү сөздөрүнө ылайык, Ислам аларды коргоону жана тынч мекен менен камсыздоону бизге фарз кылган:

«الْمُسْلِمُ أَخُو الْمُسْلِمِ، لاَ يَظْلِمُهُ، وَلاَ يُسْلِمُهُ، وَمَنْ كَانَ فِي حَاجَةِ أَخِيهِ، كَانَ اللهُ فِي حَاجَتِهِ وَمَنْ فَرَّجَ عَنْ مُسْلِمٍ كُرْبَةً، فَرَّجَ اللهُ عَنْهُ كُرْبَةً مِنْ كُرُبَاتِ يَوْمِ الْقِيَامَةِ، وَمَنْ سَتَرَ مُسْلِمًا، سَتَرَهُ اللهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ»

«Мусулман мусулмандын боордошу, ага зулум кылбайт, душманга тапшырып койбойт, ким боордошунун кажетин чыгарса, Аллах анын кажетин чыгарат. Ким мусулман кишинин капалыгын таркатып жиберсе, Аллах кыямат күнүндө анын бир капалыгын таркатып жиберет. Ким бир мусулмандын айыбын жашырса, Аллах анын айыбын кыямат күнү жашырат» (Имам Бухарий жана Муслим риваяты).

  • Дүйнөнүн бардык бурчундагы мусулмандар боордоштор. Аллах Таала

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ﴾

«Албетте момундар (бири-бирине) боордош»                                                               [49:10]

деди. О.э. душманга каршы бардыгы бир муштум. Расулуллах A мындай деген:

«الْمُسْلِمُونَ تَتَكَافَأُ دِمَاؤُهُمْ وَهُمْ يَدٌ عَلَى مَنْ سِوَاهُمْ يَسْعَى بِذِمَّتِهِمْ أَدْنَاهُمْ وَيُرَدُّ عَلَى أَقْصَاهُمْ»

«Мусулмандар каны (өч алууда жана дияда (кун төлөөдө) бирдей), алар душманга каршы бир муштум, алардын эң төмөнкү даражадагысы берген амандык да таасирдүү, алардын эң алыстагысына да олжо берилет».

Арийне, Сирияда төгүлгөн мусулмандар канынын кол тийгистиги Борбордук Африкадагы, Палестинадагы, кала берсе Рохинжадагы мусулман боордошторубуздун кандарынын кол тийгистиги менен бирдей.

Биз исламий өлкөлөрдөгү учурдагы өкмөттөрдүн Рохинжа мусулмандарын коргоо үчүн Мьянмага аралашуудан баш тарткандыктарын о.э. өздөрүн алып качууга жетишкен бул бечараларды тынч башбаанек жана жакшы турмуш менен камсыздабай жаткандыктарын кескин каралайбыз. Биз мусулмандар өлкөлөрүндөгү мындай илманий улуттук режимдерди о.э. колонизаторлук чегараларын да четке кагабыз. Бул чегараларды кафир Батыш зордук менен орнотуп койду, ушулар менен өлкөлөрүбүздү алсыз мамлекетчелерге бөлүп таштады, алар себептүү мусулмандар – бири-бирине жардам колун узатууга муктаж болуп турган бир убакта – жардамсыз таштап коюлушту, алардан баш тартылды. Биз мындай ачуу вакиъни жок кылуу үчүн аракет кылып, ушуга чакырып жаткан соӊ, исламий өлкөлөрдөгү өкмөттөрдөн Мьянмадагы тиги кылмышкер диктатор өкмөт менен дароо алакаларды үзүүнү, ал жерден қачып чыккан Рохинжа мусулмандарын куугунтуктан куткарып, тынч башбаанек жана толук жарандык укук менен камсыздоону талап кылабыз.

  • Биз “бул кыргынды эл аралык коомчулук токтотушу мүмкүн” деп айтылып жаткан пикирди четке кагабыз. Себеби, эл аралык коомчулук деп айтылып жаткан капиталисттик мамлекеттер Рохинжа мусулмандарына каршы террористтик чабуулдарды ишке ашыруудан токтобой жаткан Мьняма өкмөтү менен саясий жана экономикалык алакаларды бекемдешти. Муну менен эл аралык коомчулук өзүнүн негизги милдети – адам өмүрү жана урматынын зыянына болсо да – жеке материалдык кызыкчылыктарын камсыздоодон тургандыгын дагы бир жолу көрсөттү. Ошону менен бирге, биз “Рохинжадагы мусулман ага-инилерибиз жана эже-сиңдилерибизди куткарууда Түштүк-Чыгыш Азия Мамлекеттери Союзунун (АСЕАНдын) өзгөчө ролу болушу мүмкүн” деген пикирди да бүтүндөй четке кагабыз. Себеби, бул союз ар дайым региондо колонизатор мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылуучу куурчак болуп келген. Мындан тышкары, БУУнун ролун да көрдүк. Ал Сирия, Палестина, Борбордук Африка жана башка өлкөлөрдөгү куугунтукка дуушар болгон мусулмандарды коргоо маселесинде ооматсыздыкка учурады, андан кийин аралашуудан өзүн алып качты. Арийне, буга окшогон уюмдарга ишенбейбиз о.э. эл аралык коомчулуктун Мьянма жана башка жерлердеги мусулман ага-инилерибиз жана эже-сиңдилерибиздин каны төгүлүшүнө, кыйынчылыкта жашашына чек коюшунан үмүттөнбөйбүз.
  • Биз баса белгилеп айтабыз, Рохинжа мусулмандарынын да, дүйнөдөгү башка мусулмандардын да баштарына түшүп жаткан зулумдардын түпкү чечими пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөдө камтылган. Халифалык мамлекети гана мусулмандар кызыкчылыгын чындап табанний кылат, себеби, ал Аллах Субханаху ва Тааланын шариятына ылайык кадам таштайт. Ошол себептен улам пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык бардык куугунтукка учураган мусулмандар келечегине өз дарбазаларын кеӊири ачып берип, бардыгын коргоо жана башбаанек менен камсыздайт. Себеби, Халифалык мамлекетинин назарында алардын бардыгы бирдей. Ушул мамлекет зулумга учураган бул мусулмандар кайда болушпасын, кайсы жерде токтогон болушпасын, эч бир экиленбестен дароо аларды куткаруу үчүн кошуунду аттандырат. Арийне, биз Аллах Таалага убада беребиз, албетте, Хизб ут-Тахрир менен бирге аракет кылып, ушул улуу мамлекетти тикелөө үчүн бар болгон күчүбүздү жана болгон аракетибизди жумшайбыз. Себеби, ушул мамлекет өлкөлөрүбүздү бириктирип, жарандарыбызды душмандын колунан куткарып, коопсуздукту кеӊири жаят о.э. Рохинжа аялдары жана жаш балдары эле эмес, бүтүндөй Ислам Үммөтү үчүн бактылуу турмушту кепилдейт.

Айткан сөздөрүбүзгө Аллахтын Өзү күбө, Анын Өзү ийгиликке жеткирүүчү жана таянууга татыктуу зат.

 Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

Факс: 00961 130 75 94

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here