بسـم الله الرحمن الرحيم
Бардык пикирлерге Ислам чечими т.а. “исламий акыйда” туура негиз болот. Бул туура чечимди аалам, адам жана тирүүлүк жөнүндөгү жаркын пикирсиз пайда кылууга болбойт. Ошондуктан, ойгонууну каалаган жана өнүгүү жолунда жүрүүнү көздөгөн адамдар эң биринчи бул негизги түйүндү жаркын пикир жардамында туура чечип алуулары керек. Бул чечим – Акыйда. Бул чечим пикирий пайдубал болуп, анын үстүнө адамдын турмуштагы жашоо образы жөнүндөгү жана жашоо түзүмдөрү жөнүндөгү бардык экинчи даражалуу пикирлер курулат. Ислам бул чоң түйүнгө көңүл буруп, аны адам табиятына дал келе турган, акылын канааттандыра турган, көңүлүн тынчтандыра турган кылып чечип берди жана Исламга кирүүнү ушул чечимди акыл менен кабыл алууга байланыштуу кылып койду. Мына ошондуктан Ислам жалгыз негиз үстүнө б.а. акыйда үстүнө курулган. Акыйданын мазмуну мындай: Адам, тирүүлүк, ааламдан тышкарыда алардын бардыгын жараткан жаратуучу (холик) бар. Ал – Аллах Таала. Ал жаратуучу бардык нерселерди жоктон бар кылган. Ал Өзү – важибул вужуд (т.а. бар болушу зарыл болгон зат). Ал махлук эмес (т.а. башка холик тарабынан жаратылган эмес). Эгер Ал башка тарабынан жаратылган болсо, жаратуучу болмок эмес. «Жаратуучу» деген сапатка ээ болуунун өзү Анын махлук болбошун, важибул вужуд болушун талап кылат. Бардык нерселер бар болууда ага сүйөнөт, ал болсо эч нерсеге сүйөнбөйт.
Демек, Ислам чечиминде бардык нерсени жоктон бар кылган жаратуучу – Аллах Таала бар, ал ар бир нерсени жоктон бар кылган. Муну сезип турган ар бир нерседен билип алышыбыз мүмкүн. Алардын ар биринде Жаратуучунун бар экендигине далилдер бар. Бирок, адамдын жаралышынан көздөлгөн максат эмне экендигин, өлгөндөн кийин эмнелер болушун же Аллахтын заты жөнүндөгү пикирлерге адамдын күчү жетпейт. Буларды болсо, Аллахтын китеби “Курани Карим”ден билип алабыз. Куран Аллах Тааланын китеби экендигинин далили Курандын өзүндө келет. Т.а. Куран бүтүндөй адамзатты ага ишенүүгө буйруган жана ишенбегендерди акмак, кафир, нажаска чыгарган. Бул өкүмдү жалганга чыгаруучуларды жок эле дегенде ага окшогон бир сүрө келтирүүнү талап кылган жана ал нерсе колунан келбестигинин кабарын да берген. Мына 1450 жылга жакындап калган болсо да, аны четке кагуучулар бирер сүрө келтире алышпады. Бул болсо, Куран Аллах Тааланын китеби экендигин о.э. андагы өкүмдөр жана кабарлар шек-күмөнсүз акыйкат экендигин көрсөтөт. Аллах Таала айтат:
وَإِنْ كُنتُمْ فِي رَيْبٍ مِمَّا نَزَّلْنَا عَلَى عَبْدِنَا فَأْتُوا بِسُورَةٍ مِنْ مِثْلِهِ وَادْعُوا شُهَدَاءَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ كُنتُمْ صَادِقِينَ
فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا وَلَنْ تَفْعَلُوا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ
“Эгерде биз пендебизге түшүргөн нерседен (Курандан) шек-күмөндө болсоӊор, анда ушуга окшогон бир гана сүрө келтиргиле да, Аллахтан башка күбөлөрүӊөрдү чакыргыла, эгерде чынчыл болсоӊор. Эми эгерде андай кыла албасаӊар – эч качан кыла албайсыӊар дагы – анда адамдар жана таштар отун боло турган, кафирлер үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула”. [2:23-24]
Жогорудагы пикирлөөдөн келип чыккандай, Куран бирер адамдын сөзү эмес. Ошондуктан анык тыянак чыгаруу мүмкүн болгон нерсе, Куран Аллахтын сөзү о.э. аны алып келген адам үчүн муъжиза болуп эсептелет. Куранды Мухаммад(с.а.в) алып келген. Куран Аллахтын сөздөрү жана шарияты. Аллахтын шариятын Анын набийлери жана расулдары гана алып келет. Бул аклий далилге ылайык катъий тыянак чыгаруу мүмкүн болгондой, Мухаммад(с.а.в) набий жана расул болуп эсептелет. Булар – бардык нерседе өз Жаратуучусу бар экендигин далилдей турган ақлий далилдер бар экендиги, Куранга ишенбегендер анын сүрөлөрүнө окшогон бирер сүрөнү жаӊылык кыла алышпаганы, адамдарды алсыз калтырган мындай китепти Мухаммад(с.а.в) алып келиши – Аллахтын бар экендигине, Мухаммад(с.а.в)дын расул экендигине жана Куран Аллах Тааланын сөзү экендигине аклий далилдер болуп эсептелет.
Ушул үч негиз бардык туура пикирлердин негизи болот. Акылдуу адам бул үч негизди турмушу үчүн негиз кылат. Туура эмес деп билсе акыл негизинде булардын “туура эместигин” далилдейт (бул нерсе мүмкүн эмес). Себеби, акыйда туурасындагы пикирлер да, нерселер үчүн да, иштер үчүн да туура пикирлерди келтирип чыгаруучу туура, жападан-жалгыз негиз дал мына ушул. Ушулардан келип чыгып, ар кандай адамдын пикирлерин текшерүүдө ал кабыл алган негизди билүү керек. Эгерде ушул үч пикирди бардык пикирлери үчүн негиз кылып кабыл алган болсо, анда калган пикирлери чындыгында эле анын ошол негизден келип чыккандыгы текшерилет жана пикири туура экендиги далиденет. Бул пикирлерден башка ар кандай пикир, мейли негизге тиешелүү болсун, мейли экинчи даражалуу пикирлер болсун алар туура эмес болуп, аны акылы ордунда болгон адам кабыл албайт. Акылын иштете албаган же акылында кемчилиги бар акмактар гана мындай ката пикирлерди кабыл алат. Муну менен өзүнө карата айтылган “акмак” жана “нажас” деген өкүмдү тастыктайт. Аллах Таала айтат:
يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّمَا الْمُشْرِكُونَ نَجَسٌ
“Эй момундар, эч шек-күмөнсүз, мушриктер нажас (ыпылас) кимселер” [9:28]
Абу Аюб Мухаммад