Президент АлмазбекАтамбаев жетекчилигиндеги Кыргызстан делегациясынын АКШга расмий сапары токтотулду.
Кабарларда келишинче, делегация сентябрь айынын акырында АКШга бир апталык сапар менен жөнөп кетиши керек болчу. А бирок, жакында сапардын бекер кылынгандыгы белгилүү болду.
Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаковдун журналисттерге билдиришинче, бул чечим парламенттик шайлоого байланыштуу кабыл алынды.
“Биз алгач шайлоо ноябрда өтөт деп ойлогонбуз. Бирок, БШК октябрь айына белгиледи. Эгерде президент АКШга кетсе октябрдын башында гана кайтып келе алат. Шайлоо – бул мамлекеттин жашоосундагы маанилүү окуя. Андыктан президент бул учурда Кыргызстанда болушум керек деп чечти. Ошол себептен улам сапар токтотулду”, – деди Исаков.
Туркистон:
Обама Путинди жана Эрдоганды кабыл алуудан баш тартты. А. Атамбаев Обама менен жолугушуудан баш тартыптыр. Демек, алардын экөөнүн теӊ бул жолугушууларга караганда маанилүүрөөк иштери бар.
Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мамлекеттик башкаруу системасынын негизин белгилеп берет. Ал парламенттик башкаруу формасында калышы үчүн партиялык диктатура орнотулушу керек. Бул кудум Россиядагы “Единый Россия” фракциясы көрүнүшүндө болушу керек. Т.а. бир нече партиялар ар бири өз программалары негизинде шайлоого аттанып, өкмөттүн колдоосу астында парламентке келишет. Андан кийин алар парламентте коалициялар көрүнүшүндө биригишет. Натыйжада көпчүлүктү түзгөн бир тарап пайда болот. Бул тактика Россияда эле эмес, башка бир нече өлкөлөрдө да колдонулууда, мисалы, Эрдоган партиясы да Түркия парламентин дээрлик монополия кылып алган эле. Акыркы шайлоодо бул максатына жетише албай калды.
Атамбаев жана анын айланасындагы жетекчи күчтөрдүн өкүлдөрү да күтүлүп жаткан парламенттик шайлоодо көпчүлүктү түзүүчү парламенттик башкаруу системасын пайда кылып алышы керек. Антпесе, алар президенттик башкаруу формасына кайтууга аракет кылышат. Бул Кыргызстандын үстүндөгү Россиянын долбоору болуп, Атамбаев дагы бир жылдан кийин президенттикти тапшырышы туурасында айтып жатканы менен өз ыктыяры боюнча шайлоону өз алдынча таштап АКШ сыяктуу мамлекеттерге сапар кыла албайт.
Бирок, президенттин айланасындагыларды тынчсыздандырып жаткан эки абал бар.
Биринчиси: Тышкы саясатка тиешелүү. Россиянын эл аралык системадагы деӊгээли тездик менен төмөндөп барышы жана анда жүз берип жаткан кризис Кыргызстанды да өзүнө тартып бара жаткандыгы. Кыргызстан бийлигинин АКШ менен мамиелси начарлап бара жаткандыгы себептүү күтүлүп жаткан ар түрдүү коркунучтуу абалдар.
Экинчиси: Ички начар чөйрө. Т.а. АКШчыл күчтөр жана алар үчүн ыӊгайлуулук түзүп берип жаткан бузук чөйрө. Т.а. ошол Россия менен түзүлгөн бир нече келишимдердин ийгиликсиздиги, коррупциянын өтө эле күчөп кеткендиги т.а. президенттин жакындарына чейин жетип барганы, калктын жашоо деӊгээли күн өткөн сайын начарлап бара жатканы ж.б.у.с…. Ушулардын бардыгы мамлекеттин коопсуздугуна өтө коркунучтуу абалды пайда кылып турат.
Жогорудагы абалдар Кыргызстан жарандарынын өз каалоосу менен өкмөтчүл партияларды шайлашына жол бербейт. Демек, бул жолку шайлоо да мурункулардан башкача болбойт. Өкмөт админстративдик рычагдары аркылуу өз партияларына колдоо көрсөтүүгө аракет кылат. Бул болсо, АКШчыл күчтөр үчүн өтө пайдалуу болушу мүмкүн. Себеби, АКШ үчүн шайлоодо өзүнө караштуу бирер партияны үстөм кылууга караганда, мамлекетте башаламандык пайда кылуу маанилүүрөөк. Алар кыргыз бийлигинин ар бир катасынан пайдаланып жарандарды “түстүү революцияны” көздөй жетектөө негизинде иш жүргүзүшөт.
Абдураззак.