بسم الله الرحمن الرحيم
Кылмышкер Рахмонов режими 16 жыл камак жазасына өкүм кылынган жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн мөөнөттөрүн 23 жылга чейин узартып, зулум кылуу максатында жазаны күчөтүүдө
Бир нече күн мурда Вахдат районунда жашыруун көрүнүштө, өзү камакта жаткан Хизб ут-Тахрирдин 12 мүчөсүнө 189-берене, 2-пункт жана 307-берене, 1-пунктуна ылайык, 16 жылдан 23 жылга чейинки мөөнөт кошуп берилди, алар:
- Хуршид Ахроров
- Толиб Очилов
- Абдували Холмирзоев
- Алижон Дадабоев
- Меърожидин Кодиров
- Иброхимбек Махмудов
- Собир Абдулхамидов
- Киямиддин Сафаров
- Абдухолик Бозоров
- Ахмаджон Ортиков
- Абдусаттор Махмудов
- Абдусалох Бобохонов
Алардын баары мындан мурда 10 жылдан 16 жылга чейинки камак жазасына өкүм кылынышып, бул мөөнөттүн көбүрөөгүн Тажикстан диктатору, малъун, Аллах жана Расулунун душманы болгон Рахмоновдун 3/2 номерлүү “Кирпичный” камагында өткөрүшкөн эле. Аларга карата чыгарылган экинчи өкүм болсо алар камакта жаткан убакта чыкты.
Аларга экинчи жолу өкүм окулушунун себеби – жийиркеничтүү режим дааба кылышынча – туткундардын камаккана эреже-мыйзамдары жана көрсөтмөлөрүнө тескери иш кылгандыктары. Т.а. Ислам даъватчыларынан тыюу салынган нерселер табылган: 7 даана телефон, 41 сим карта, 11 наушник, 1 видеокамера, 3 МР3 плеер, 28 кичинекей флешкалар(чип) жана 6 даана USB-флэшка. Эң маанилүүсү, жогорудагы нерселер камактын ичкерисинде Халифалык мамлекетин турмушка кайтаруу үчүн даъват кылууда колдонулган. Ушул “кылмыш” үчүн райондук прокурор Завкиддин Нуъмонов соттон Аллахка такыбалуу, Аллахтын садик досторуна карата 22 жылдан 27 жылга чейинки мөөнөттөргө камакта калтыруу жазасын сурады. Аллах аны да, кожоюндарын да наалаттасын.
Жогорудагы мусулман жигиттерге мындай көрүнүштө оор жазалар колдонулушуна – алардын куфр талап кылып жаткандай Исламга даъват кылуу жана Исламий турмушту мамлекет көрүнүшүндө кайрадан баштоого даъват кылуудан баш тартпастан, тескерисинче, Аллахка берген убадасына туруктуу болуп, Исламга даъват кылууну улантышы себеп болгон.
Хизб ут-Тахрир өз пикирлери жана мүчөлөрүнүн күчү о.э. бекем турушу менен Тажикстан режиминин үшүн алууда. Ошондуктан, аларды эркиндикке чыгаруудан коркуп жатат. Бул жана башка окуялар буга далил болот.
Ислам жана мусулманларга карата, айрыкча, Исламга даъват кылуучуларга каршы кылмыш жана ырайымсыздыктардын күчөшү болсо, Ислам таӊынын кайрадан жакындашып калганына, куфр малайлары болгон залим диктатор акимдердин алсыздыгы ашкере болуп бара жатканына, алардын жеӊилип бара жатканына далил болот.
Биз Аллахтан залимдердин камактарында азап тартып жаткан даъватчы, эр жүрөк боордошторубузга сабыр-такаат жана шаттык тартуулашын жалбарып сурайбыз. Алар Аллахтын китеби жана Пайгамбарынын сүннөтүн бекем кармаган жана Исламий үммөттүн жакшылык алып келүүчү карлыгачтары болуп эсептелишет. Себеби, алар бизге жандуу өрнөк жана үлгү болушп эсептелишет. Алар Аллах жана Расулу жакшы көргөн иштерди кылып жатышат. Аларга Аллах ыраазы боло турган ишти кылып жаткандыктары жана Пайгамбарлар жолу менен бара жаткандыктары үчүн Тубо болсун. Аллах Таала айтат:
مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا
Момундар арасында өздөрү Аллахка берген (Ал заттын жолунда жихад кылып, шейит болуу жөнүндөгү) убада-шерттерин чындыкка чыгарган кишилер бар. Анан, алардан (айрым) кишилер өз убадасын аткарды (т.а. шейит болушту), алардан (айрым) кишилер болсо (шейит болууга) ынтызар. Алар (мунафиктерге окшоп Аллахка берген убадаларын) өзгөртүшкөн жок. (33:23)
Хизб ут-Тахрирдин
Борбордук басма сөз бөлүмү