“Global Peace Index” деген аталыштагы экономика жана тынчтык институту 2014-жылы болуп өткөн согуштар үчүн жумшалган каражаттар көлөмү туурасындагы отчётту жарыя кылды. Отчётто келишинче, дүйнөнүн түрдүү бурчтарында 2014-жылы жүз берген согуштарга жумшалган каражаттын өлчөмү 14.3 триллион долларды түзгөн. Бул цифра бүт дүйнөдөгү мамлекеттердин кирешелеринин 13 пайызына туура келет. Т.а. 2014-жылы согуштарга жумшалган каражаттын көлөмү Британия, Канада, Франция, Испания, Бразилия жана Германия мамлекеттеринин ички дүӊ продукциясынан да ашыгыраак.
Отчётко ылайык, 2014-жылы болгон согуштарда өлтүрүлгөн адамдардын саны 2010-жылы өлтүрүлгөн адамдарга салыштырмалуу 350 пайызга көбөйгөн. Өлтүрүлгөн адамдардын көпчүлүгү Сирия, Ирак жана Афганистан мамлекеттерине туура келет. Сирия 2014-жылы дүйнөнүн эң туруксуз өлкөсү деп табылган. Андан кийинки орунда Ирак жана Афганистан турат.
О.э. экономика жана тынчтык институту 2015-жылдагы отчётунда Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африканы дүйнөнүн эң кооптуу региону деп жарыя кылды. 81 мамлекетте кооп-коркунуч даражасы күчөгөн болсо, 79 мамлекетте коопсуздук даражасы төмөндөп кеткен.
Туркистон:
Балким, “бул каражаттар негизинен куфр мамлекеттеринин казыналарынан кетүүдө, бул болсо Ислам дүйнөсү жана Мусулмандар үчүн пайдалуу бир абал” деген түшүнүктөр пайда болушу мүмкүн. Бирок, бул ката түшүнүктөрдүн бири.
Жогорудагы статистикалык маалымат кагаз акча өлчөмүндө келтирилип жатат. Акчанын милдети болсо, товарлар жана кызматтарды бири-бирине айырбаштоону жеӊилдетүүдөн турат. Ошондуктан, акча өз баасын адамдардын мээнети жана алар көрсөтүп жаткан ар түрдүү кызматтар менен кармап турат. Демек, жогоруда акча менен келтирилип жаткан статистикалык көрсөткүчтөр, түпкүлүгүндө адамдардын маӊдай тери жана алар ээлик кылышы мүмкүн болгон продукциялар көлөмү деп этибар кылынышы керек. Жумшалып жаткан каражаттар бул адамдар үчүн жаратылган продукцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү чектебей койбойт.
Бирок, дүйнөнүн экономикалык глобалдык тармагы бар болгондуктан жана ал куфр мамлекеттеринин кол астында болгондуктан, жогорудагы согуштар үчүн кеткен чыгымдар, түпкүлүгүндө жакыр болгон дүйнөдөгү үчүнчү агрардык мамлекеттердин мойнуна түшө берет.
Көӊүл бурган болсоӊуз, 2014-жыл үлкөн экономикалык кризистер жылы болду. Бул негизинен биз айткан агрардык мамлекеттерде сезиле турган даражада болуп жаткан болсо, Батыш дүйнөсү согуштарды жүргүзүп жатканына карабастан, өз жарандарынын жашоо деӊгээли төмөндөшүүсүнө жол бербей жатат. Акыйкатта болсо, статистикалык маалыматтар “ал бечара жетекчи мамлекеттерге да жеӊил болбой жатат” демекчи болуп, триллиондогон кагаз акчалардын чыгымдарын келтирип, бүт дүйнөнү чалгытмакчы болушууда.
Куфр системасынын негизги айла-амалдары БУУ сыяктуу бир катар эл аралык уюмдар аркылуу жүргүзүлөт. Алар ар түрдүү жашыруун же ашкере резолюцияларды кабыл алуу менен, дүйнөнүн экономикалык теӊсиздик абалына укуктук түс берип, ага каршылык кылган бардык аракеттерге каршы чоӊ жетекчи мамлекеттер үчүн күрөш же согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратып берет. Ошону менен бир катарда, бул күрөш жана согуш жүргүзүү үчүн кетип жаткан чыгымдар да жетекчи мамлекеттердин мойнуна түшүп калышынын алдын алуу жолдорун иштеп чыгышат. Ошолордун бири: жакырчылык өтө күчөп бара жатканда же үчүнчү мамлекеттердин калктары бул теңсиздикти сезип, ага каршы чара көрүү туурасында пикирлей баштаганда жасалма согуштарды уюштурушат. Ошону менен өздөрү атайын пайда кылып келе жатышкан бардык зулумдарынын натыйжасында келип жаткан жакырчылык, бузгунчулук, зомбулук сыяктуу абалдарды ушул согуштун натыйжалары деп жар салышат.
Бул биз мусулмандар түшүнүшүбүз керек болгон ачуу чындыктардын бири. Себеби, биз дүйнө аманатка тапшырылган үммөттүн өкүлдөрүбүз! Биз исламды кабыл алуу менен бирге, адамзатты ушул караӊгылыктан илахий нурду көздөй жетектөөнү да кабыл алган Мухаммад САВдын үммөтүбүз! Биз бул иште активдүүлүк көрсөтүп, дүйнөнү жогорудагы ыпылас система негизиндеги залимдерден азат кылууну көздөй малы-жаныбызды жумшап аракет кылышыбыз важиб! Бул ишти ишке ашырууда аларга сүйөнүшүбүз же алардан жардам сурашыбыз же кызматташуубуз максатка ылайык эмес! Себеби, биз Аллахка гана тобокел кылууга буюрулганбыз.
Абдураззак.