Аллахка мактоолор болсун, Расулуллах Aга, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал затка дос болгондорго саламдар болсун…
Урматтуу боордоштор, Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Бул кайрылууну мубарек рамазан айында, фазилаттуу орозо айында жолдоп жатабыз. Аллах Субханаху ва Таала бул ай жөнүндө мындай дейт:
﴿شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنْزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ﴾
«Рамазан айы, бул айда адамдар үчүн хидаят болуп, хидаят менен фуркан(акыйкат менен батылды ажыратуучу)нун ачык аяттары болуп Куръан түшүрүлгөн» [2:185]
Расулуллах A бул ай жөнүндө Хадиси Кудсийде ушуларды айтты: Абу Хурайра Gдан риваят кылынышынча, Расулуллах A мындай деди:
«قَالَ اللهُ: كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ، إِلاَّ الصِّيَامَ، فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ…»
«Аллах айтты: адам перзентинин ар бир амалы өзү үчүн, орозо гана андай эмес. Себеби, ал Мен үчүн жана анын сыйлыгын Мен Өзүм беремин…». (Бухарий). Абу Хурайра Gдан дагы риваят кылынышынча, Расулуллах A айтат:
«إِذَا جَاءَ رَمَضَانُ فُتِّحَتْ أَبْوَابُ الْجَنَّةِ، وَغُلِّقَتْ أَبْوَابُ النَّارِ، وَصُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ»
«Рамазан келсе бейиш эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат жана шайтандар кишенделет». (Муслим). Биз ар нерседен улуу жана ар ишке кудуреттүү Аллах Субханахудан жүрөгүңөр биз үчүн ачык болушун, кулагыңар бизди угушун, натыйжада айтып жаткан нерселерибизди кабыл алып Аллах Таала:
﴿الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ أُولَئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمُ اللَّهُ وَأُولَئِكَ هُمْ أُولُو الْأَلْبَاب﴾
«Алар сөзгө кулак салып, анын эң чырайлуусуна (т.а. нажатка жеткирүүчү чын Сөзгө) ээрчишет! Дал ошолор Аллах хидаят кылган заттар. Жана дал ошолор гана акыл ээлери» [39:18]
деп айткан кишилерден болушуңарды сурайбыз.
Урматтуу боордоштор, силер тегерегибиздеги окуяларды угуп, көрүп турасыңар. Колонизатор кафир мамлекеттер баары ит сымал бизге жутунушту. Өлкөлөрүбүз сугунган ач көздөр үчүн олжого, шүмшүңдөп жүргөндөр үчүн жайлоого айланып калды, бул өлкөлөрдүн бытырандылыгын токтотуп, бириктире турган эч ким жок… Кандарыбыз дайра болуп төгүлдү, байлыктарыбыз талап-тонолду, жерлерибиз тартып алынды. Яхудийлер мубарек Палестина жерин, Исро жана Миърож жерин, эки кибланын биринчиси болгон жерди басып алып, ал жерде өз мамлекетин курушту, ашынып бузгунчулук жайышты… Бул мубарек жердин калкын куугунтуктап, өлкөсүнөн кууп чыгарышты, намыстарды тебелеп, адамдарды өлтүрүп кыргын кылышты, дагы эле ал жерде бузгунчулук жайышууда… Америка да дайра кылып кан төктү, Ирак жана Афганистан сыяктуу өлкөлөрдү ыдыратты, бардык жайда бизге каршы тил бириктирди, Суданды бөлүп, Чыгыш Тиморду Индонезиядан ажыратты, Грецияга Кипрдин чоң бөлүгүнө өкүмдар болушуна мүмкүнчүлүк берди… Британия да ар бир бузгунчулукта Америкага шерик болду, бир өзү кыргын кыла алса, кан төгө алса, бул кылмыштарды өзү жасады, бир өзү кыла албаса кылмышта Америкага шерик болду, аны менен бирдей же анын артынан ушул кылмыштарды жасады. Британия Ирак, Афганистан, Ливиядагы… кыргындарда Америкага шерик болду. Франция да кээде бул колонизаторлордун кыргындарына шерик болуп, кээде Борбор Африкада болгондой жеке өзү кыргындарды жасады. Россия болсо Крым, Кавказ, Чеченстан, Татарстанда… кыргындарды жасады. Кытай да Түркстанда ушундай кыргындарды ишке ашырды, Кытайдын Исламга каршы алып барган душмандык иштерин көрүп жатабыз… Индия да Кашмирде кыргындарды жасады. Кашмир калкы мусулман, индустар аларды кыргын жана кылмыштар менен башкарышууда… Жада калса, майда мамлекетчелер да мусулмандарды кыргын кылууда катышты! Мисалы, Бирма мусулмандарды кыргын кылып, ар-намыстарын тебелеп-тепсөөдө, бутпарасттар мусулмандарга зомбулук кылууда… Мындан башка кылмыштар толуп жатат.
Бул кандарды жалаң гана колонизатор кафирлер төкпөстөн, тескерисинче, алардын арабыздан чыккан малайлары жана жүгүртөктөрү да бири-бирине каршы согушуп, кан төгүшүүдө, мусулмандар арасындагы аң-сезими кыска кишилер бул иштерде аларга шерик болууда, себеби, алар бул малайларды жакшы иш кылып жатышат деп ойлошууда. Натыйжада алар Сирияда бири-бирине каршы кудум эң касташкан душмандардай согушууда, Иракта да жахилият доорунда жашап жатышкандай бири-бирине каршы согушууда… Ливияда да бири-бирине каршы ашынган согуш алып барышууда, Яманда да бири-бирине каршы зомбулук менен согушууда, Мисир жана Тунисте да бири-бирине каршы согушууда. Мусулмандар мурун мындай бири-бирин өлтүрүү кылмыштарына барышпаган… Булардан башка кылмыштар да көп.
Малай акимдер жана колонизаторлор тарабынан мусулмандардын каны гана төгүлгөн жок. Тескерисинче, денеге зыян жеткирбей акылды жана жүрөктү бүлгүн кылган иштер да жүз берди. Себеби, колонизатор кафир Халифалык даъватына каршы мүмкүнчүлүгүндөгү бардык чалгытуучу каражаттарды ишке салды, Халифалыкты тикелөөгө аракет кылгандарга каршы айла-амалдарды жана түрдүү карамүртөздүктөрдү жасады. Бул иштер кээде түздөн-түз колонизатордун колу менен, кээде малай акимдердин колу менен ишке ашырылды. Колонизаторлор Халифалыкка аракет кылгандарга сокку берүүдө о.э. мусулмандарды Халифалык фарзынан чалгытууда ийгиликсиздикке учурап турган учурда бир топ мусулмандар колонизаторлор жасай албаган нерсени ишке ашырып беришти. Алар байма-бай конференцияларды өткөрүп, бул конференцияларда сөздөрдү бурмалап, «Халифалык тарыхий окуя жана ал Исламда важиб болгон шаръий өкүм эмес» дешти. Алардан башка дагы бир топ мусулмандар келип Халифалыкка каршы күрөшүүдө андан да көбүрөөк кылмыштарды жасашты. Алар Халифалык атынан Халифалыкты жаманатты кылышты, анын аты астында кыргындарды жана кылмыштарды ишке ашырышты. Алар Халифалык жолунда болбогон нерсени Халифалык деп эсептеп, анын атынан адамдын оюна келбеген иштерди жасашты. Натыйжада колонизатор кафирлер алардын кылмыштарынан пайдаланып, Халифалык кылмыштарга толгон өлкө деп көрсөтүү үчүн Ислам душмандары үчүн жол даярдашты. Ал эми, Ислам душмандары Халифалыкты жаман көрсөтүп адамдарды андан алыстатуу о.э. алардын зээнинде Халифалык жөнүндө улуу жаркыраган элеске бүтүндөй тескери караңгы, карамүртөз элести пайда кылууну көздөштү. Бүгүн мусулмандар караңгылыкта калды. Бул караңгылыкты жалаң гана колонизатор кафирлер жүзөгө келтирген жок, мында өзүн Исламга таандык көрсөтүп Исламга жамандык кылып жаткандар да шерик болду, кала берсе, алар колонизатор кафирден да өтүп кетишти. Алар Исламга каршы ураандарды көтөрүп чыгып да, Ислам ураанын көтөрүп чыгып да Исламга жамандык жеткиришти!
Эй мусулмандар… Эй күч-кубат ээлери…
Бүгүнкү абалыбыз жахилият кылымын эске салат, жахилият кылымында арабдар бир төөнү деп бири-бирине каршы кырк жыл согушкан, ымыркай кыздарды тирүүлөй көмүшкөн, өз колдору менен таш жана жыгачтан бут-санамдарды жасап алып, аларга ибадат кылышкан, кээде курмадан да бут-санам жасап, ачка калышса аны жеп коюшкан! Алар чөлдө дүйнө тиякта турсун, ал тургай, өз жакындарынын пайдасы үчүн же тегерегиндеги адамдардын үчүн пайдасы үчүн эч бир маанилүү маселени көтөрүп чыкпастан текке убакыт өткөрүп, көчмөн болуп жүрүшкөн… Көчмөн эмес отурукташкандары болсо ошол доордогу ири мамлекеттерге көз каранды болушкан. Мисалы, Ирактагы Хиро падышалыгы фарстарга көз каранды болгон болсо, Шамдагы Гассанийлер румдуктарга көр каранды эле. Ошондуктан, румдуктар фарстардан тынчсызданса же фарстар румдуктардан тынчсызданса Гассанийлер менен Хироликтер (Бану Лахм) бири-бири менен согушкан! Ошол убакта арабдар – чөл арабдары да, шаар арабдары да – дал ушундай абалда болгон. Мекке гана андай эмес эле, себеби, Аллах Меккени – анын чар тарабын бут-санамдар курчап турганына карабастан – Өз коргоосунда тынч сактаган!
Жахилиятта чөл арабдары мына ушундай абалда болушкан, бири-биринин канын төгүшкөн, арзыбаган нерсе үчүн, жийиркеничтүү текчилдик үчүн бири-бирине каршы согушкан… Алардын отурукташкандары болсо көп абалдарда ошол доордогу ири мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн бири-бири менен согушкан, натыйжада, ыдыраган абалда калышкан, аларды бириктире турган жана кырсык акыбеттерден коргой турган киши болбогон. Алардын абалы биздин бүгүнкү абалыбызга окшогон же биздин бүгүнкү абалыбыз алардын кечеги абалына окшойт. Ошого карабастан, алардын акимдеринде же башчыларында кандайдыр бир деңгээлде эрдик жана уят болгон. Бул эки сыпат бүгүн мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилерде жок. Буга (т.а. ошол доордогу араб акимдеринин жана башчыларынын ушул эки сыпатына) кырк кишинин жасаган иши далил. Расулуллах Aды өлтүрүү үчүн жиберилген мушриктер түндө Расулуллах Aдын үйүнө барып үйдүн бекилүү экенин көрүштү. Ошондуктан, алар үйдүн айланасында Расул Aдын үйдү ачышын күтүп турушту, Пайгамбарыбыз үйдү ачса өлтүрмөкчү болушту. Себеби, эрдик аларды үйгө зомбулук менен бастырып кирүүдөн тыйды, уят аларды адамдар уктап жаткан үйгө бастырып кирүүдөн токтотту. Ал эми, бүгүнкү күндөгү акимдер жана алардын тыңчылары сый-урматты тебелеп-тепсеп үйлөргө уруксатсыз, жырткыч сымал бастырып киришүүдө, аялдарды жана балдарды коркутушууда. Аялдар жана балдар чоочуп ойгонушууда, алардан коркуп титиреп, калтырашууда. Себеби, бүгүнкү акимдерде жана тыңчыларында эрдик жана уят деген нерсе жок, Расулуллах A Бухарий риваят кылган хадисте:
«… إِذَا لَمْ تَسْتَحْيِ فَاصْنَعْ مَا شِئْتَ»
«… Уялбасаң, каалаган ишиңди кыла бер» деп туура айткан.
Эй мусулмандар… Эй күч-кубат ээлери…
Расулуллах A Ислам менен жиберилди, Пайгамбарыбыз арабдарды ушул караңгы жахилияттан ойготту, төмөндүккө түшкөн арабдарды ойготту, арабдарды бутка тургузду, уктап жаткан арабдарды ойготту, натыйжада алар Аллах жолунда жихад кыла турган болушту, кайда барбасын дүйнөгө жакшылык жана адилетти жая турган улуу рисалатты көтүрүп чыгышты… Расулуллах A ыйман келтирген кишилерден Аркам ибн Аркам короосунда жашыруун уюшуу түздү, бир нече жылдан кийин аларды ачыкка чыгарды, алар адамдар менен талкууга киришип кайрат менен акыйкатты ачык айтышты, ушул таризде пикирий жана саясий күрөш алып барышты, Аллах жолунда эч бир жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркушпады… азарларга сабыр кылышты, кайраты суздашпай жана эрки сынбай кыйынчылыктарды жеңип өтүштү… Ошентип, пайгамбарлыктын онунчу жылында Расул Aды коргоп келген абасы Абу Талиб каза болгону, Расулуллах Aдын колдоочусу болуп келген аялы Уммул муминин Хадича I Рафик Аъла алдына сапар тартканы үчүн кайгы жылы деп аталган жылы Аллах Өз Расулун дүйнө жана Акырет азиздиги болгон эки нерсе менен сыйлады. Биринчиси, Аллах Субханаху ал кишини Исро жана Миърож менен сыйлады, Аллах Субханаху ал кишини Масжидул Харамдан Масжидул Аксага сейил кылдырды, асманга көтөрдү жана Өз пендесине буюрган нерсени вахий кылды… Экинчиси, Расулуллах Aга нусрат талап кылуу жөнүндө урууксат берилди, нусрат талабы экинчи Акаба байъаты, нусрат байъаты, башкаруу байъаты менен аяктады. Бул пайгамбарлыктын он үчүнчү жылы зул-хижжа айында болду, мына ошондон кийин Расул A хижраттын биринчи жылы, робиул-аввалда хижрат кылды жана мамлекетти курду, Ислам жана мусулмандарды азиз кылды, улуу окуя жүз берди… Мусулмандар бир тарыхты негиз кылып алмакчы болушканда Умар G аларды чогултуп, бул нерсени үйрөнүп чыгышты, натыйжада алар хижрат жана мамлекеттин тикелениши исламий тарыхтын башаты болууга ылайык улуу окуя деп табышты… Ошентип Ислам мамлекети тикеленди, Ислам бүткүл Араб Жазирасына жана анын айланасына нур чачты, кийин рошид Халифалык болду, андан кийин халифалар болду, фатх-жеңиштер кеңири түс алды, жакшылык дүйнөнүн чыгышынан тартып батышына чейин жайылды, чыгыштагы Индонезиядан тартып батыштагы океанга чейин жайылды. Эгер ошол доордо мужахиддер океан артында жер бар экенин билишкенде аны фатх кылуу үчүн жана ал жерге жакшылыкты жаюу үчүн албетте барышмак. Укба ибн Амир аты менен Атлантика океаны жээгине барып:«Аллахым, эгер бул деңиз артында бирер жер бар экенин билгенимде ага жетүү үчүн, шексиз, бул деңизге шуңгуйт элем» деген. Дагы бир риваятта болсо мындай делген: Ал атын деңизге бастырып кирди, ал тургай, суу анын тамагына чейин жетти, ошондо ал мындай деди: «Аллахым, мен Сени күбө кыламын, эч бир өтүү жолу жок, бирер өтүү жолун тапканымда албетте өтмөкмүн».
Мусулмандар азиздик артынан азиздик, улуулук артынан улуулукка жетишти… Колонизатор кафирлер мусулмандардын азиздигинин себеби Халифалык мамлекети, Укаб роясы: ла илаха иллаллах Мухаммадур Расулуллах роясы астындагы Ислам башкаруусу экендигин билишти. Ошондуктан, ушул мамлекетти кулатуу максатында бар күчүн жумшашты. Ошол убакта куфр башчысы Британия эле. Британия он сегизинчи кылымдын башынан тартып Халифалыкты кулатууга урунуп, миладий жыйырманчы кылымдын биринчи чейрегинде Халифалык мамлекетин кулатууга жетишти. Британия араб жана түрк саткындарын ишке салды… Мына ошондон кийин мусулмандар ыдырады, алардын өлкөлөрүн Исламдын ар кандай душманы, ири мамлекеттер, ал тургай, майда мамлекетчелер да тебелей баштады! Куръан акаарат кылынса мусулмандар унчукпай тура турган болушту, Ислам Расулу A акаарат кылынса мусулмандардын кыжыры кайнабай турган болуп калды, сый-урматтар жана ыйык нерселер тебелеп-тепселсе мусулман армиялары казармаларында чалкасынан жатышат. Акимдер бул армияларды жалаң гана адамдарга каршы аракетке келтиришүүдө, алсыз, бечаралар астында өзүн арстан көрсөтүшүүдө, акыйкатта болсо бул акимдер душмандар алдында коркуудан титиреп, алардын бутун өбүшөт. Ошентип, биз бүгүнкү мына ушул абалга жетип келдик!
Эй мусулмандар… Эй күч-кубат ээлери…
Бул абал башында эмне менен оңдолгон болсо, ошону менен оңдолот т.а. Укоб роясы, Расулуллах A роясы желбиреген рошид Халифалык мамлекетиндеги Ислам башкаруусу менен оңдолот. Расулуллах A Ислам рисалатын жеткирүүдө карманган тарыйкат менен оңдолот, Ислам негизиндеги уюшууну түзүү менен оңдолот. Ушул уюшуу Үммөт менен иш-аракет алып барат, Үммөт арасындагы кубат ээлеринен нусрат талап кылат, бул уюшуу Аллах Субханаху ва Таала ага жардам берип, Ислам башкаруусун жана Ислам мамлекетин тикелемейин аракетин улантат. Абалды мына ушул нерсе оңдойт, аны менен гана Үммөт бул төмөндүктөн чыгат, капилет уйкусунан ойгонуп бутка турат, өтмүштөгү улуу сийратын, рошид Халифалыкты кайра тикелейт, Халифалыкта Исламды колдонот, даъват жана жихад аркылуу Исламды дүйнөгө алып чыгат, натыйжада Азиз, Хаким Аллах бул мамлекетке нусрат-жеңиштерди берет.
﴿إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ﴾
«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган күндө (Кыяматта) да жардам беребиз» [40:51]
Ошондуктан, Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуу зарыл. Халифалык нусрат-жеңиш жолу болгону үчүн гана эмес, эң оболу улуу фарз болгону үчүн, фарздардын энеси болгону үчүн, фарздардын таажысы болгону үчүн аны тикелөөгө аракет кылуу зарыл. Халифалык болсо гана шаръий өкүмдөр колдонулат, хаддар аткарылат. Важиб эмне менен ишке ашса ошол нерсе да важиб… Халифалыкты тикелеп бир халифаны тургузуу фарз, фарз болгондо да фарздардын таажысы. Ошондуктан, ким кудуреттүү болуп туруп аны тикелөөгө аракет кылбаса анын күнөөсү өтө чоң, ал кудум жахилият өлүмүн тапкандай болот, анын мааниси өтө чоң күнөө экенине далалат кылат.
«… وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«… Кимде-ким мойнунда байъат жок абалда өлсө жахилият өлүмү менен өлүптүр». Ошондуктан, Халифалыкты тикелөө жана бир халифаны жүзөгө келтирүү фарз, фарз болгондо да улуу фарз. Ошон үчүн мусулмандар маанилүү экендигине карабастан Расулуллах Aды жерге берүүгө киришүүдөн мурун Халифалыкты тикелөөгө киришишти. Мунун себеби Халифалыктын улуулугунда жана маанилүүлүгүндө. Кибор сахабалар Халифалыкты тикелөө аракетин ушул улуу фарздан – Расул Aдын мубарек жасатын жерге берүүдөн маанилүү маселе деп билишти.
Халифалык болсо гана халифа-имам башчылыгында фатхтар башталат.
«… وَإِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ…»
«… Имам-халифа – артында туруп согуш кылына турган жана коргонула турган бир калкан…». Демек, халифа жана Халифалык бир калкан т.а. коргоочу. Кимдин коргоочусу болсо ал – Аллахтын уруксаты менен – үстөм, анын акы-укугу да, өлкөсү да зая кетпейт, душмандары ага каршы чыгууга батына албайт. Муну Халифалык тарыхы ырастап турат. Кана ошол Византия жана анын епископтору? Кана ошол Мадаин жана кисролор? Эгер, Ислам мамлекети, Ислам кошууну жана Ислам адилети болбогондо бүткүл жер жүзүнө ким такбир айтат эле? Эгер Халифалык ошол доордо чыгыш жана батыштагы эки океан артында дагы бир жер бар экенин билгенде шексиз бул океанга шуңгуп Рахман, Рахим, Азиз, Хаким Аллахка даъват кылмак.
Эй мусулмандар… Эй күч-кубат ээлери…
Биз силерге мындан мурун эки жолу кайрылуу жасаганбыз:
- Биринчиси, хижрий 1385-жылы 20-робиус-саний, миладий 1969-жылы 17-августта т.а. мындан элүү жылдай мурун болгон.
Ошол кайрылуу мусулмандардын Ислам пикирлерине жана өкүмдөрүнө карата итикадына зыян жеткирүү үчүн аракеттер алып барылып жатканынан эскертип коркунуч коңгуроосун каккан. Себеби, ошол зыян жеткирүүнүн күчтүү таасири мусулмандар арасында сезилээрлик түрдө көзгө урунуп турган! Хизб өз калкын эч качан алдабаган жетекчи болгондуктан Ислам пикирлерине жана өкүмдөрүнө карата ишенимди кайра тикелөө үчүн күчү жеткен бардык жолдор менен ушул зыян жеткирүүгө каршы күрөшүп, сезилээрлик даражада ийгиликке жетишти. Бул үчүн ааламдардын Роббиси Аллахка мактоолор болсун.
- Экинчиси, хижрий 1426-жылы 28-ражаб, миладий 2005-жылы 2-сентябрда т.а. он жыл мурун кайрылуу жолдодук.
Ушул кайрылуу кызуу чөйрөдө болуп өттү. Себеби, Батыш, эң оболу, Америка мусулмандар арасында узак жылдардан бери пайда кылууга урунушкан зыян жеткирүүнү Хизб жана башка калыс мусулмандар Үммөт ичинде жок кылууга жетишкенин жана мусулмандар Халифалыкты тикелөөгө карай кадам таштап жатышканын көргөн соң, колонизаторлордун Хизбге каршы чабуулдары дагы да күчөгөн эле. Алар бул чабуулду кээде түздөн-түз өздөрү, кээде болсо малайлары аркылуу алып барышты. Алар бул чабуулга согуштарды да кошушту. Алар Ислам жана мусулмандарга болгон кек-душмандыктары себептүү Ирак жана Афганистандагы бул согуштарды кресттүүлүк согушу деп жарыялашты. Биз экинчи кайрылуубузда Батыштын, эң оболу, Американын бүткүл мусулмандарга, өзгөчө Халифалыкка жана аны тикелөөгө аракет кылып жаткандарга душмандыгын о.э. Ислам душмандары мусулмандардын Халифалыкка карай кадам таштоосуна жолтоо болуп жатышанын баяндадык о.э. мусулмандар – эгер Ислам өкүмдөрүнө бекем амал кылышса, калыс Аллах үчүн дининде бекем турушса, күчтүү, Азиз Аллах Субханаху баанегине кайтышса – бул душмандарды жеңүүгө кудуреттүү экенин ачыктадык.
- Мына эми Халифалык мусулмандар арасында раъй омго айланган учурда ушул кайрылууну силерге жолдоп жатабыз…
Анткени, Саъд сыяктуу Ансарлардын майданга чыгышын уруксат бериши гана калды… Халифалык үчүн аракет кылып жаткандарга жардам берүү, Хизб-ут-Тахрирге жардам берүү менен өз динине нусрат алып келе турган чыныгы эр кишилерге уруксат бериши гана калды. Ал ушундай бир нусрат, экинчи рошид Халифалыкты, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты бизге зулум кылып жаткан залим падышалыктан кийин тикелейт, бул болсо Аллах Субханахунун:
﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾
«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада берди» [24:55]
деген убадасынын жана Расулуллах Aдын ушул залим падышалыктан кийин Халифалык болушу жөнүндөгү башаратынын жүзөгө чыгышы болот. Расулуллах A:
«…ثُمَّ تَكُونُ مُلْكًا جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ نُبُوَّةٍ»
«… Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышалык болот, ал да Аллах каалаганча турат, кийин Аллах аны көтөрүүнү каалаганда көтөрөт, кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот» деп башарат берген.
- Ушул кайрылууну жолдоп биз силерге жакшылыкты каалайбыз, ошондуктан, эй мусулмандар, шашылгыла! Эй кубат ээлери, шашылгыла, даъват жана нусратка кошулгула, Хизб менен бирге Халифалыкты тикелөөгө шашылгыла! Халифалыктын Хизб тарабынан тикеленишине күбө болууну гана күтүп отура бербегиле. Экөөсүндө тең жакшылык болсо да, ушул сапка бүгүн кошулуп, жакшылык жана ажр-соопко ээ болушуңар эртең кошулуп жакшылык жана ажр-соопко ээ болушуңардан кыйла жогору.
«Силерден (Мекке) фатх болушунан мурун инфак-ихсан кылган жана (Расулуллах менен бирге кафирлерге каршы) согушкан кишилер (Мекке фатхынан кийин инфак-ихсан кылган жана согушкан кишилер менен) бирдей болбойт. Алар кийин инфак-ихсан кылган жана согушкан кишилерден улуураак мартабада. Баарына Аллах чырайлуу (акыбет-бейиш) убада берген. Аллах кылып жаткан амалыңардан кабардар» [57:10]
- Ушул кайрылуну силерге жолдоп жатабыз, Азиз, Жаббар Аллахтан гана корккула, «Эгер силерге жардам берсек Америка жана анын артынан Батыш бизге каршы турат» дебегиле. Себеби, алардын каршылыгы ыйман келтирген, коргоо жана нусрат берген кишилер алдында бат эле кыйрап кулайт.
﴿وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ﴾
«Ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы акыйкат болгон» [30:47]
- Ушул кайрылууда азиздигиңерди жана душманыңардын кордугун эске салабыз. Себеби, силер мусулмансыңар, Аллахка Роббим деп, Исламга диним деп, Мухаммад Aга пайгамбарым деп ыйман келтирген момунсуңар, силер Роббиңер менен күчтүүсүңөр!
﴿لَا قُوَّةَ إِلَّا بِاللَّهِ﴾
«Бар күч-кубат жалгыз Аллах менен» [18:39]
Диниңер менен азизсиңер!
﴿وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ﴾
«Чындыгында күч-кудурет Аллахка, Анын пайгамбарына жана момундарга таандык» [63:8]
Силер рошид халифалардын неберелерисиңер, Андалусияны фатх кылып, ал жерде исламий хазаратты жайган каармандардын неберелерисиңер! Бир румдук зулум кылганда «Эй Муътасим» деп жалбарган аялга жардам берүү үчүн кошуунга жеке өзү командачылык кылган Муътасимдин неберелерисиңер! Силер мусулмандар менен түзгөн убадасын бузганы үчүн рум падышасына угушунан мурун өз көзү менен көрө туган кошуун менен жооп кайтарган Харун ар-Рашиддин неберелерисиңер! Кресттүүлөрдү талкалап нусрат алып келген Салахиддиндин неберелерисиңер! Монголдорду кыйраткан Кутз жана Бейбарстын неберелерисиңер! Аллах Константинополду фатх кылуу менен сыйлаган жаш амир Мухаммад Фатихтин неберелерисиңер! Расулуллах A бул фатх жөнүндө:
«… فَلَنِعْمَ الْأَمِيرُ أَمِيرُهَا، وَلَنِعْمَ الْجَيْشُ ذَلِكَ الْجَيْشُ»
«… Анын амири кандай дагы жакшы амир, ушул кошуун кандай гана жакшы кошуун» деп айткан. Силер Франция туткунга түшкөн королун куткаруу үчүн жардам сурап кайрылган халифа Сулайман Конунийдин неберелерисиңер! Халифа Салим үчүнчүнүн неберелерисиңер, бул халифа доорунда АКШ Америка кемелери Жер Ортолук деңизден өтүшүнө уруксат берилиши үчүн халифанын Алжирдеги валийине жыл сайын салык төлөп келген. Силер халифа Абдулхамиддин неберелерисиңер! Бул халифа яхудийлер сунуштаган миллиондогон алтындарга алданбаган жана яхудийлер Палестинаны мекен кылууга уруксат берилиши үчүн ага каршы ар тараптан уюштурган эл аралык басымдар да бул халифаны коркута албаган. Ошондо халифа Абдулхамид рохимахуллох ушул белгилүү сөзүн айткан: «Мен үчүн Палестина Халифалык мамлекетинен бөлүнүшүнөн көрө бычак денемди тилке-тилке кылып кесиши жеңилирээк… Ошондуктан, яхудийлер миллиондорун сактай беришсин… Анткени, бир күн келип Халифалык мамлекети кулатылса ошондо яхудийлер Палестинаны акчасыз алууга жетишишет». Абдулхамид рохимахуллох алысты көрө билген. Чынында Халифалык жок кылынгандан кийин Абдулхамид рохимахуллохтун айтканы жүз берди. Себеби, малай акимдер Палестинаны колдон чыгарып, аны яхудийлерге кош колдоп тапшырышты, тапшырып гана калбастан, ал тургай, аны яхудийлер үчүн коргоп келишүүдө. Кафирлер бул халифага жана исламий мамлекетке каршы катуу тил бириктиргенине карабастан ошол доордо улуу мамлекет болгон Британия Усманий мамлекеттин Лондондогу элчисинен расмий кечирим сураган, себеби, англис жарандарынын бири он тогузунчу кылымда (1890-жылы) Исламга каршы душмандык эсептелген нерсени басым чыккан. Бүгүн болсо ааламдардын Роббисинин каламы болгон Куръани Карим кафир Батыш жана яхудийлер тарабынан акааратталып жатат, бирок, эч кандай кечирим суроо жок, а түгүл, кечирим суроонун бир азы да жок, себеби, Куръанды дастур кылган жана Куръани Каримге бир аз болсо да урматсыздык көрсөткөн кафирлерге каршы мамлекетти аракетке келтирген мусулмандардын халифасы жок!
Халифалыктын сыпаты мына ушундай, Халифалыкта жашаган мусулмандар мына ушундай болушкан. Эй мусулмандар, алар силердин ата-бабаларыңар, алар мына ушундай иштерди жасаган, силер алардын неберелерисиңер, ошондой болгон соң, алар ээрчиген акыйкатка шашылгыла, акыйкатка ээрчигиле, алар тургузган азиздикке шашылгыла, силер да тургузгула!
Ушул кайрылууда жогоруда айтылган «силер душманыңарды жеңүүгө – Аллахтын уруксаты менен – кудуреттүүсүңөр» деген сөздөрүбүздү баса белгилейбиз. Себеби, колонизатор кафир мамлекеттердин тышкы көрүнүшү гана үлкөн, ички тарабы тамтыгы чыккан. Туура, аларда чоң көлөмдө курал-жарактар бар, бирок, бул куралдар чыныгы кибор эркектердин колунда эмес, ал эми, чыныгы эр кишилер болбосо курал таасири алсыз, душмандын куралына караганда кыйла жеңил куралданган, бирок, согушка душманга караганда зор күч жана кайрат менен атылып чыккан күчтүү ыймандуу топ алдында алсыз. Бул акыйкатты Халифалыктын душман кафирлерге каршы согуштары ырастап турат. Демек, мусулмандар менен болгон согушта куралдагы материалдык үстөмдүк чечүүчү жагдай эмес. Себеби, мусулмандарда тирүү, хак акыйда да бар, бул акыйда аларды согуштук кубат менен камсыздайт, муну бүгүн тогуттар жана алардын кожоюну Америка түшүнүп турат. Бул душмандар бул кубатты Халифалык таңы – Аллахтын уруксаты менен – атканда өз көздөрү менен көрүшөт, бул кубат нусрат-жеңиштин дагы бир жеңишине кадам таштайт, ошондо тогуттар өз уясына бекинип качышат.
﴿وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُ بَعْدَ حِينٍ ﴾
«Албетте силер анын кабарын (аз эле) убактан кийин билип аласыңар» [38:88]
Ушул кайрылууну силерге жолдоп силерди жардамга чакырабыз, бизге силерден мурун жардам берген кишилердин сабына кошулгула, биз силерге колубузду сунабыз, аны бекем кармагыла жана бизди коргоочу күч кубат ээлеринин сабына кошулгула! Себеби, кербендин аракетке келишине жакын калды, ошон үчүн бул жүрүштө бизге шерик болгула.
﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَنْ يَكُونَ قَرِيبًا﴾
«Алар: «Ал (күн) качан болот?» деп (сурашат). «Балким жакындар болор», деп айткын!» [17:51]
Биз Аллах нусраты келишине ыраазыбыз.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Аллах үстөм кылганы себептүү шаттанышат. (Аллах)Өзү каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайымЭэси» [30:4-5]
Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Хизб-ут-Тахрир
2-рамазан, 1436-х.
19-июнь, 2015-м.