ӨЗБЕКИСТАН ПРЕЗИДЕНТИ ӨЗБЕКПИ

426
0

Өзбекистан президенти Ислам Каримов Өзбек ТВ каналынын 20-июндагы атайын программасында Москвада көчө шыпырган өзбек улутундагы мигранттарды минтип мүнөздөдү: “Өзбекстанда жалкоолор аз. Мен Москвага барып көчөлөрдү жана аянттарды шыпырып жүргөн кишилерди жалкоо деп эсептейм. Бир өзбек ошол жакка жарты нан табам деп барганы адамды жийиркентет. Өзбекстанда бир дагы адам ачкадан өлүп жаткан жок.

Өзбекстанда бүгүнкү күнү атайын издесең дагы кайырчы таппайсың. Көчөдө кайырчы болуп акча сураганы намыска тийет. Өзбек эли башкалардан намыскөйлүгү менен айырмаланат.

Бул өлүм менен барабар. Ошондон улам, ал жакка барып алып, батыраак акча табууну көздөгөн кишилер бизди уят кылат”, – деди ал.

Журтбашынын айтар сөзү ушул болсо, эми эмне да демек элек, азыр үммөттү ушундай адамдар башкарып калган. Болбосо, ойлоп көрөлүчү, чет жердин азаптарына чыдап, үй-бүлөсүн, ал тургай мамлекетти багып жаткан адамдар жалкоо болобу? Көчө шыпырып болсо да адал тамак таап жатса, алардан жийиркенишибиз керекпи? Бу президент мусулманбы өзү?

Өзбекистандан Америкага барып жашап калган бухаралык еврейлер диаспорасына Каримов мамлекеттик бюджеттен үлкөн каражат ажыратып турары белгилүү. Ал эми анын каршысында, кайра мамлекетке каражат алып келген өзбектерден президенттин жийиркенгени эмнеси?

Туура, Каримов өзү айткандай, өзбек эли намыскөй калк. Бирок, биз Каримовдун намыстуулугун эч качан көрбөгөнбүз. Бир карасаң орус президентинин алдында шыйпаңдап жүрөт, кайра карасаң америкалыктарга шыйпаңдайт, анан кайра эле, түшүнөн чоочуса деле орус президентине жалдырап барып, бутуна жыгылып кечирим сурайт ж.б. Демек, анда ал ким болот?

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here