НАТО маалымат кызматынын кабар беришинче, Чыгыш Европада НАТОнун “Союздаштык калканы” деген аталыштагы сериялуу аскерий машыгуулары башталды. Бул машыгууларда уюмга мүчө болгон 19 мамлекет о.э. кызматташтыктагы 3 мамлекеттен 15 миңден ашуун аскер катышууда.
“Бул машыгуулар альянска мүчө болгон Чыгыш жана Түштүк Европа мамлекеттеринин аскерий даярдыгын текшерүү максатында уюштурулду. Бул аймакта коопсуздукту камсыздоо маанилүү маселе болуп эсептелет”, – деп айтылат кабарда.
Машыгуулар Польша, Прибалтика жана Румынияда 28-июнга чейин уланышы пландаштырылган.
Бул жараянда аракеттенүү жана аскерий кемелерди коргоо көнүгүүлөрү, абадан болуучу чабуулдан коргонуу жана антитеррордук коргонуу аракеттери, миналарды издеп табуу жана жок кылуу үстүндө машыгуу жүрөт о.э. артиллериялык куралдар сыноодон өткөрүлөт.
Туркистон:
АКШ НАТО аркылуу Россияны өз ордуна түшүрүп коймокчу. Себеби, ар кандай мамлекеттин башка мамлекет же регион үчүн аскерий кубат аркылуу басым өткөрүшү ар дайым анын эл аралык саясаттагы ээлеген ордуна байланыштуу болгон. Кайсы мамлекеттин эл аралык саясатта таасири күчтүү болсо, анын аскерий кубат менен басым өткөрө алуу мүмкүнчүлүктөрү да кеңири жана күчтүү болот. Мисалы, Россиянын эл аралык майдандагы деңгээли төмөндөп барышы менен анын Кубадагы, андан кийин Европадагы, Борбор Азиядагы, андан кийин Сириядагы аскерий базаларынын кээ бирлери бүтүндөй артка кайтарып алынган болсо, кээ бирлери кыскартыла баштады. Эми Россиянын өзүнө каратылып жаткан чабуулга кезек келди.
Россия журналисти Коцюбинский о.э. дагы бир катар журналист жана талдоочулардын таркатып жаткан кабарларына ылайык, Россия бир нече аймактарга бөлүнүп кетүүнүн астында турган имиш. Бул нерсе албетте Путиндин режимин да тынчсыздандырат. Путин акыркы кездерде бул кырдаалды оңдоо үчүн Украинага чабуул кылууну пландаштырып жаткандай аракеттерди кыла баштады. НАТОнун жогорудагы аракеттери Россиянын ушул аскерий коркутуусуна каршы уюштурулган. Путин “биз НАТО менен согушмакчы эмеспиз” деп билдирүү берди. Демек, ал НАТО менен гана согушмакчы эмес.
Кыргызстан, Армения сыяктуу бир катар кичинекей жана жетеленүүчү мамлекеттер да, жогорудагы чоң жана жетекчи мамлекеттердин кайсы бири үстөм келер экен деп кызыгуу менен күтүп турушат. Россия режими бул күрөштө жеңилиши менен тышкы кичинекей, өзүнө колония мамлекеттер алдында да өз симпатиясын жоготот. Ички саясатында да жарака кетиши мүмкүн.
Путиндин өз режимин сактап калуу үчүн согуш баштап жиберүүдөн башка мүмкүнчүлүктөрү азайып барууда. Антпесе, Россиянын бөлүнүп кетүү ыктымалы күчөп бара берет.