Малайзия Саудия башчылыгындагы аскерий коалициянын курамына кошулган 12-мамлекет болду. РИА Новости агенттигинин билдиришинче, бүгүн Малайзия аскерий аба күчтөрүнүн самолёттору Саудиянын аскерий аба базаларына келип түшкөн.
Эскертип өтөбүз, коалиция Яманда аракет кылып жаткан козголоӊчу хусийлер тобуна каршы күрөшүп жатат. Алгач, коалиция Перс булуӊундагы араб мамлекеттеринен гана түзүлгөн эле. Өткөн аптада Сенегал да коалиция курамына 2 миӊ аскерий кызматкерин жибере тургандыгын жарыя кылды. Андан кийин коалицияга кошулган мамлекет Малайзия болду.
Саудиянын коргоо министрлигинин маалымат беришинче, коалиция аскерий операцияларын башкаруу борбору Малайзия жана Сенегал куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн коалицияга кошуу о.э. алардын катышуу шарттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.