Кыргызстан өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуунун алкагында Казакстан менен 100 миллион доллар бөлүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу жаңы шайланган премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 4-майдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулушунан мурда чечилиши зарыл болгон маанилүү эки маселе бар жана булар боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат, бирок мүчө болуу мөөнөтү кечиктирилүүдө.
Премьер-министрдин баса белгилешинче, ЕАЭБге кошулуу тарыхий чечим. О.э. президент да, өкмөт да, парламент да биримдикке мүчө болуу боюнча Кыргызстандын кызыкчылыктары негизинде чечимдерди кабыл алып жатышат.
“Кыргыстан-Россия өнүктүрүү фонду түзүлдү. Россия грант катары 200 миллион доллар бөлүп берди жана биз бул каражаттардын бардыгын жол картасын ишке ашырууга багыттайбыз. Биз бардык нерсени даярдап койдук, а бирок, башка тараптан документтерге азырынча кол коюлбайт, келишим күчүнө кирбейт. Дагы бир аз сабыр кылгыла”, – деди премьер-министр.
Туркистон:
Темир Сариев Кыргызстан премьер-министри болуп дайындалышынан мурун да ЕАЭБге мүчө болуп кирүү мөөнөтү кечиктирилиши мүмкүндүгү туурасында кабар берген эле. Ошол кезде да Сариев биримдикке мүчө болуудан мурда чечилиши зарыл болгон эки маселе бар экендигин т.а. Кытай менен түзүлгөн техникалык-экономикалык келишим жана фитосанитардык көзөмөл маселелери бар экендигин айтып өткөн эле.
Кыргызстан өкмөтү “Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кире турган болсок биз үчүн 170 миллион адамы бар базар ачылат” деп айтып келе жаткан болсо да, түпкүлүгүндө бул азырынча куру сөздөн башка нерсе эмес. Себеби, Кыргызстандын айыл чарбасы да, өнөржайы да Россия, Казакстан жана Белорусия мамлекеттери менен атаандаша турган даражада эмес. Жөнөкөй эле бир мисал, Кыргызстандын ун чыгаруучу заводдору Казакстан заводдору менен атаандаша албайт. Мындан тышкары, сүт жана эт продукцияларын жеткирип берүүдө да фитосанитардык көзөмөл себептүү проблемалар жүз бериши анык. Жеңилдик Кыргызстандан барып кара жумуштарда иштеген мигранттар үчүн гана болушу мүмкүн.
Бирок, мындай проблемалар жана мүчө болуу мөөнөтү артка сүрүлүшүнө карабастан, Кыргызстан ыктыярдуу-мажбурий түрдө ЕАЭБге мүчө болууга умтулууда.
Өткөн айдын аяк чендеринде Кыргызстанга Россиядан келген Геосаясий проблемалар академиясы жана Эл аралык геосаясий анализдер борборунун президенти, отставкадагы генерал-полковник Леонид Ивашов “Вечерний Бишкек” сайтына берген интервьюсунда: “Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу биринчи кезекте Россиянын эмес, тескерисинче Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келет. Россиядан алыстап Европага жакындашууга аракет кылган Украинада эмнелер болуп жатканына көӊүл буруу менен кароо керек. Украина жок болуп барууда. Кыргызстан болсо Украинага караганда кичинекей мамлекет”, – деп ачык эле коркуткан эле.