48 КҮН ТАЛИПТЕРДИН КОЛУНДА ТУТКУНДА ТҮШКӨН КЫРГЫЗ ЖАРАН КАЙТЫП КЕЛДИ

495
0

www.azattyk.org агентиги маалымдагандай Нургазы Конушбеков мекенине келди.Журналиттердин суроолоруна жооп берип жатты.
– Мен от күйгөн жерлерге учуп жүрөм. Ал жакта ушундай окуялар болбой койбойт. Орусия да болгон аракетин жумшап, азыр барымтада калган өзүнүн жаранын бошотуп алсын дээр элем. Мен барымтада жалпысынан 48 күн болдум. Биз аба ырайына байланыштуу конууга аргасыз болгонбуз. Мен талиптерге эч кандай доом жок. Жакшы эле мамиле кылышты. 

Конушбеков барымтада өзүнчө отурганын, талиптер ага сый мамиле жасаганын, тамак-аштан кыйналбаганын билдирди:

– Лагман, оромо, манты деген жок аларда. Алардын өздөрүнүн улуттук тамактары бар. Эми анын баарын силерге айта албайм, куурулган жумуртка, картошка, аш, айран, сүт такай болуп турду. Мага алар мейман катары мамиле жасашты. Бизди ар бирибизди өз-өзүнчө бөлүп койгон. Мен эркин эле жүрдүм. Айрым блогерлер жазып аткандай, чуңкурда колу-бутума кишен салынып отурган жокмун. Алар деле аң-сезимдүү адамдар. Биздей эле кишилер. Үрөй учурган эч ким жок.

Буга чейин маалымдалгандай Конушбеков Ооганстанда МИ-8 үлгүсүндөгү тик учак менен Кабулга учуп баратып, Логар провинциясында авариялык конууга аргасыз болгон. Андагы он адамды талиптер барымтага алган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here