Египеттин жарандары Сириядагы согушка катуушууга укуктуу деп билдирди президенттин тышкы иштер боюнча кеңешчиси. Эгер алар Сирияга барып, кайра үйлөрүнө кайтса күч органдары эч кандай кысым көрсөтпөйт жана башка мамлекеттер да эч кандай жазалабайт деп билдирди.
Ислам аалымдары болсо жаштарды колдоруна курал алып Сирияга барууга, ал жерде жаш балдарды, аялдарды жана кары картаңдарды өлтүрүп жаткан режимге каршы турууга чакырып келет.