“ATR” телеканалынын ишмердүүлүгү токтотулду

347
0

Крымда ишмердүүлүгүн жүргүзгөн “ATR” телеканалы ишмердүүлүгүн токтотуп турууга мажбур болууда. Себеби, бул канал Россияда маалымат агенттиктеринин ишмердүүлүк жүргүзүшүнө уруксат берүү менен алектене турган Россия инспекция агенттигинен уруксат албаган.

“ATR” телеканалынын жана ага байланыштуу болгон “Лале” жаш балдар каналынын, “Майдан” радиосунун жана “15 мүнөт” маалымат агенттигинин Россия инспекция агенттиги тарабынан берилүүчү уруксатнамасы жок. Ошол себептен улам, кечээ алардын да кээ бир программалары эфирге чыкпай калды.

Телеканалдын ээси Ленур Исламов каналды сатуу боюнча сунуштар келип түшкөндүгүн билдирди. А бирок Исламовдун баса белгилешинче, ал мындай сунуштарды четке каккан.

“Биз бул жерлердин ээсибиз. Бул жерлерде өз баалуулуктарыбызды жана улуттук кызыкчылыктарыбызды коргошубуз керек. Менин позициям мына ушундай жана келечекте да ушундай бойдон калат”, – деди “ATR” телеканалынын ээси.

Россия өткөн жылы Крым жарым аралын өз аймагына кошуп алгандан бүгүнкү күнгө чейин “ATR” телеканалынын Россия инспекция агенттигинен каттоодон өтүү үчүн төрт жолу кайрылгандыгы айтылууда. Ошонун үчөөнө тескери жооп келген, акыркысы болсо азыркыга чейин жоопсуз калууда.

Өзүнүн ишмердүүлүгүн 2006-жылы баштаган көзкарандысыз Крым жарым аралынын “ATR” телеканалы программаларын татар, орус жана украин тилдеринде эфирге узатып келе жаткан эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here