Кытай менен Казакстандын ортосунда 23,6 миллиард долларлык келишим түзүлдү

214
0

Кытай жана Казакстандын премьер-министрлери 33 тармакта 23,6 миллиард долларга барабар болгон кызматташтык келишимине кол коюшту. Келишим Казакстан премьер-министри Карим Масимовдун Кытайга уюштурган сапары маалында ишке ашырылды.

Болот, түстүү металдар, айнек плиталар, нефть тазалоо, гидротехника жана автомобиль сыяктуу тармактарды өз ичине алган келишимге Казакстан премьер-министри Карим Масимов жана Кытай премьер-министри Ли Кэцян катышуусунда кол коюлду.

Кытай премьер-министри Кэцян ортодо түзүлгөн келишим тууралуу сөз кылып: “Бул келишимдерге кол коюлушу эки мамлекет ортосундагы өз ара алакалардын ийгиликтерин далилдеши анык”, – деди.

Кытай премьер-министри Ли Кэцян 2014-жылы декабрь айында Орто Азия өлкөлөрүнө сапар кылып, Казакстан менен Кытай ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана соода көлөмүн 18 миллиард доллардан ашыруу туурасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эле.

Кэцян эки мамлекет ортосундагы кызматташтык жана базардагы өзгөрүштөр жөнүндө этибардуу болуу керектигин баса белгиледи. Түзүлгөн келишимдер боюнча сөз кылган Казакстандын премьер-министри Масимов болсо бул келишим бүт регионго үлгү болушуна басым жасады.

“Бул келишим өз ара кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүү үчүн өтө жакшы башталгыч кадам болду. О.э. кызматташтык жаатында өнүгүүнү эсепке алуу маселесинде да регионго үлгү болду”, “Пакистан да Кытай менен стратегиялык кызматташтыкты күчөтүү жана ар тармакта кызматташууга даяр”, – деди Казакстандын премьер-министри Масимов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here