ПУТИН: УКРАИНАДАГЫ СОГУШТУК АРАКЕТТЕРДИ ТОКТОТУУ ЗАРЫЛ JUNE 25, 2014 LEAVE A COMMENT

337
0

Россия президенти Владимир Путин АКШлык кесиптеши Барак Обама менен телефон аркылуу байланышып, Украина кризисинин түрдүү тараптарын жана Украина президенти Петр Порошенко сунуштаган тынчтык планын ишке ашыруу жолдорун талкуулашты.

Президент Путин сүйлөшүү маалында баса белгилешинче, Украинада күч колдонууну жана согуштук аракеттерди токтотуп, тараптар ортосунда ачык сүйлөшүүлөрдү баштоо зарыл. Путиндин айтымында, тараптар ортосунда сүйлөшүүлөрдү баштоо Украинанын түштүк-чыгышындагы региондордо кырдаалды тынчтандыруу үчүн биринчи даражадагы иш болуп эсептелет.

О.э. Путин адамдык проблемаларды тезинен чечүү маанилүү экендигине, ошону менен бирге кагышууда зыян тарткан карапайым жарандарга тездик менен жардам берүү зарыл экендигине ишара кылды.

Владимир Путин АКШ президенти Барак Обама менен башка маселелер жөнүндө пикир алмашып, террорчу (Исламий) топтордун ишмердүүлүгүнөн өтө катуу тынчсызданып жаткандыгын билдирди. Россия президенти мамлекетте “тынчтык” жана “коопсуздук”ту камсыздоо үчүн террорчу (исламий) топторго каршы күрөштө бар болгон күчүн жумшап жаткан Ирак өкмөтүн колдоп-кубаттай тургандыгын айтып өттү.

Ирандын ядролук программасы үстүндө талкуу кылышкан эки жетекчи химиялык куралдар запасын жок кылуу сыяктуу Сириядагы кырдаалга да токтолуп өтүштү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here