Гыйбат жана жалаа жабуу

241
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Гыйбат жана жалаа жабуу

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

حَدَّثَنِي مَالِكٌ، عَنِ الْوَلِيدِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ صَيَّادٍ، أَنَّ الْمُطَّلِبَ بْنَ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ حَنْطَبَ الْمَخْزُومِيَّ أَخْبَرَهُ، أَنَّ رَجُلًا سَأَلَ رَسُولَ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَا الْغِيبَةُ؟ فَقَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: «أَنْ تَذْكُرَ مِنَ الْمَرْءِ مَا يَكْرَهُ أَنْ يَسْمَعَ”، قَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَإِنْ كَانَ حَقًّا؟ قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: “إِذَا قُلْتَ بَاطِلًا فَذَلِكَ الْبُهْتَانُ». (موطأ مالك 1812)

Малик мага Валид ибн Абдулла ибн Сайяддан риваят кылат. Расулуллах (саллаллаху алейхи васаллам)дан: Гыйбат деген эмне? деп сураганын кабарлады. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Сенин бир адам жөнүндө ал уккусу келбей турган нерселерин айтып жатканың”. Ал айтты: “Оо, Аллахтын Элчиси, чын болсо дагыбы?”. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Эгерде ал жөнүндө жалган сөз айтсаң, анда ал жалаа болот”. (Муватта’ Малик 1812).

Сөздөрдүн эң жакшысы – Алла Тааланын сөзү, ал эми туура жолдун эң жакшысы – Анын Пайгамбары Мухаммад (с.а.в)дын жолу.

Фитна тутандыруучу нерселердин бири гыйбат кылуу жана бир  адам тууралуу ага жакпаган нерселерин айтуу. Бул нерсе адамдардын арасында жек көрүү жана араздашууну тутанткандыктан, ал үчүн уят жана жүрөгүн сыга турган нерсе. Гыйбат адамдардын ортосундагы мамилени бузуп, коомчулуктун ыркын кетирет, ошондуктан шарият ага тыюу салып, адамдарды андан сактанууга үндөгөн. Чыр-чатакка алып баруучу сөз арам, гыйбат жакшылыкка алып келбейт. Күнөө жана зыяны себептүү андан сак болушубуз керек. Негизги принцип Ислам үммөтүнүн бир кылка болушу. Адамдар бир туугандарын коргоп, айыбын жашырып, жеке жашоосун сакташы үчүн жана аларды өздөрү жакшы көргөн нерселери тууралуу гана айтышы үчүн шариятты кармануу, адамдарга пайдалуу болуу жана фитналардын алдын алуу шарт.

Аллахтан бизди гыйбаттан, жалаадан жана анын ээлеринен алыс кылуусун жана Аллах жана Анын элчиси сүйгөндөрдөн болушубузду тилейбиз. Жана биздин күнөөлөрүбүздү жаап, өзүбүздү жана коомубузду андан сакташын сурайбыз  Аамиин.

Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси  болсун.

1446-х, 6-зул хижжа.

2025-ж, 2-июнь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here