Рамал жана Ислам армиясынын күч-кубаты

316
0

Рамал жана Ислам армиясынын күч-кубаты

Дүйнөнүн төрт тарабынан мусулмандар ажылык вазыйпасын өтөө үчүн Ыйык жайга келишүүдө. Миллиондогон мусулмандар Расулуллах (с.а.в)дын: “Ажылык ибадаттарынын аткарылышын менден алгыла” хадисине ылайык, Ал Зат кандай таваф кылса ошондой таваф кылып, кандай саъй кылса ошондой саъй кылуу менен сүннөткө ылайык ажылык вазыйпасын өтөө алдында турушат.

Ажылык ибадаттарынын арасында Алланын Элчиси (с.а.в)дын өзгөчө сүннөтү бар. Бул – таваф кылууда аткарылган “рамал” рүкүнү. Рамал – эркектердин тавафтын алгачкы үч айлампасында оң ийинди ачык таштап, кыска кадамдар менен булчуңду көрсөтүп туруктуу жүгүрүүсү. Башкача айтканда, рамал күч-кубатты көрсөтүү үчүн тез-тез басуу маанисин билдирет. Расулулла (с.а.в) умра зыяраты үчүн Каабага келген учурда дал ушундай таваф кылган. Бул амал мусулмандардын кошууну оорудан улам алсыз жана коргоосуз калганы тууралуу кабар таркаткан мушриктерге каршы күч көрсөтүү үчүн жасалган.

Риваятта келишинче, мындай аракет менен мушриктерге Исламдын жана кошуундун күч-кубаты ордунда экенин көрсөтүү максат кылынган. Расулулла (с.а.в) сахабалары менен бирге хижраттын жетинчи жылы Зулкаада айында умра кылуу үчүн Меккеге келишет. Мушриктер мусулмандар оор абалда экенин, Мадинада оору таркап алсырашканын айтып, аларды шылдыңдоо үчүн Дарул-Надвада чогулушат. Ошондо Алланын Элчиси (с.а.в) оң ийинин ачып, рамал кылуу менен бирге ушундай дейт:

“Бүгүн өзүн курайштарга күч-кубаттуу көрсөткөн кишиге Алла ырайым кылсын”. [Ибн Хишам].

“Mушриктер күчүңөрдү көрүшү үчүн Байтулланы алгачкы үч жолку тавафында рамал кылгыла”. [Aхмад ибн Ханбал].

Аббас (р.а) айтат: “Расулуллах (с.а.в) менен сахабалар Меккеге келгенде Ясриб безгеги аларды алдан тайдырган эле. Мындан улам мушриктер, “Эртең силерге безгек аларды алсыз кылган бир коом келет” дей баштаган. Бирок Аллах мушриктердин бул сөздөрүнөн Элчисин (с.а.в) кабардар кылды жана Ал сахабаларын таваф учурунда рамал кылууга буйруду. Мушриктер Хижр тарапта отуруп мусулмандарды күзөтө баштады. Мусулмандар тавафта эки рүкүндү аткарган соң калган бөлүгүндө рамал кыла баштады. Мушриктер муну көрүп бири-бирине: “Ясриб безгеги алсыраткан кишилер ушуларбы? Булар баланча, түкүнчөлөрдөн да күчтүү го”, дешти. [Бухари, Mуслим, Насаи].

Ибн Аббас (р.а)нун көз карашында, таваф учурунда алгач курайштар үчүн кылынган рамал амалы кийин Алланын Элчиси (с.а.в) коштошуу ажылыгында тавафтын алгачкы үч айлампасында аткаруусу менен “сүннөт” болгон. Расулулла (с.а.в)дын коштошуу ажылыгында рамалды сүннөт кылышы, душмандардын каршысында мусулмандар ар дайым күчтүү болушу керектигин түшүндүрөт.

Учурда 18 миллион аскер санына, алдыңкы технологиядагы куралдарга ээ болушуна карабастан, мусулман жетекчилеринин болуп көрбөгөндөй алсыз абалына күбө болуп жатабыз. Миллиондогон мусулмандар, айрым жетекчилер ажылык учурунда аткарып жаткан рамал амалы каапырлардын жүрөгүнө коркунуч сала албагандыгы рамалдын рухуна тескери. Маселен, жарым миллион армиясы бар Миср президенти Сиси 2024-жылы ажылыкта рамал кылып жаткан учурда Газадагы бир туугандарыбыз баскынчы яхудийлер тарабынан кырылып жатты. Дагы алдыңкы армияга ээ Эрдоган баштаган жетекчилер умра кылып жаткан учурда Чыгыш Түркистандагы мусулмандар бутпарас Кытайдын зулумдугуна дуушар болуп жатты. Пакистандын өкмөт башчысы умра сапарында жүргөндө Кашмирдеги мусулмандар индус баскынчыларынын зулумдугуна каршы жардам кыйкырыгын салып жатышты…

Учурда рамал рухуна ылайык каапырларды коркууга салуу бул жакта турсун, Хижазда мусулмандар рамал кылып жаткан учурда Американын текебер мамлекет башчысы Трамп баатыр сыяктуу кызыл килемдер менен тосуп алынды. Газа калкы ачка, суусуз жалгыз калтырылган чакта үммөттүн триллиондогон байлыктары Трампка багышталды.

Негизи рамал мусулмандарды күчтүү көрсөтүү, каапырлардын кайратын сындыруу үчүн аткарылчу амал. Анткени, Алланын Элчиси (с.а.в) рамал аркылуу Ислам армиясынын күч-кубаты жайында экенин көрсөтүп, мушриктердин кайратын сындырган эле. Бүгүн болсо бул амал өз рухунан ажырагандыктан, каапырлар тескерисинче мусулмандарга кордук көрсөтүүгө кайраттанып жатышат… Буга баскынчы яхудийлердин баскынчылык аракеттери ачык мисал. Мунун негизги себеби, учурдагы жетекчилердин армияларды аракетке келтирбестен казармаларда кармап жатуусу.

Андыктан, биз рамал амалын ажылык жана умра учурундагы рухун армияларда да көөдөлөндүрүшүбүз шарт.

Баскынчы яхудийлер баш болгон бүткүл каапырларга Ислам үммөтүнүн күч-кубаты жайында экенин аскерий аракет менен көрсөтө тургандарды Аллахым ырайымына алсын. (амиин).

Абдуллах Имамуулу

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here