«Ресурстук келишим» же АКШнын ачык колонизаторлугу
2025-жылдын 1-майында АКШ менен Украина Украина аймагында кен байлыктарды биргелешип иштетуу жана Украинаны калыбына келтирүү үчүн инвестициялык фонд түзүү боюнча макулдашышты. Узак талаш-тартыштардан кийин, АКШ жана Украина кендер боюнча алкактык келишимге кол коюшту. Келишимдин шарттарына ылайык, Украина АКШнын өндүрүш тармагына өзүнүн кендерин ачып берет, бул нефть жана газдан тышкары, аз кездешкен кендерге тиешелүү. Мисалы булар литий, графит, титанды жана башка көптөгөн ресурстарды камтыйт. Келишим паритеттик мүнөзгө ээ, бирок Украина АКШдан муну каалабаган. Украина сүйлөшүүлөр учурунда өзүнө Россияга каршы АКШдан аскердик коргоо алууга аракет кылган. Бирок АКШдан аскердик жардам токтогондон кийин, Украина келишимдин шарттарына макул болууга мажбур болду. Украина жаңы келишим боюнча жаңы инвестициялык өнөктөшүнөн коопсуздук кепилдик албайт, АКШ Украинага тынчтандыруу үчүн, америкалык инвесторлордун Украинада болушу коопсуздук кепилдиги катары эсептелиши экенин билдирди.
1994-жылы Будапештте АКШ, Англия жана Россия Украинага ядролук куралдан баш тартуу үчүн коопсуздук кепилдигин беришкен. Будапешт меморандуму юридикалык күчкө ээ болбосо да, бул талаптардын аткарылбаганы чоң державалардын колонизатордук табиятын дагы бир жолу көрсөтөт.
Бүгүнкү күндө АКШ дүйнөдөгү колонизатордук мамлекеттердин жетекчиси болуп, капиталисттик фикратын жайылтуудан баш тартып жатат. Жакында эле Афганистандан өз аскерлерин чыгарганда, АКШнын расмий өкүлдөрү дүйнө жүзүндө демократия жана либералдык баалуулуктарды жайылтууну токтотконун билдиришти. Ошондой эле, капитализмдин фикратын жана баалуулуктарын пропагандалаган бейөкмөт уюмдардын каржылык колдоосун кыскартышты. Бүгүн Украина АКШнын мындай трансформациясынын курмандыгы болуп калды. Ал эми АКШ Украинадагы авторитардык орусиячыл бийликке каршы ынкылабынын негизги дем берүүчүлөрү жана демөөрчүлөрү болгон.
АКШнын тышкы саясатындагы трансформация капитализмдин фикратына гана эмес, АКШнын өз экономикасына да терс таасирин тийгизип жатат. АКШнын тышкы саясатында мабдаий алсыздык болуп жатат, бул америка элинин жетекчилерин капиталисттик дүйнөнүн идеологиялык лидери статусунан айла жоктук менен артка кетүүгө түртүп жатат. Бул алсыздык тышкы саясаттагы максаттарды кайра карап чыгууга мажбур кылды. О.э колонизатордук тарыйкат өзү максатка айланып калды.
Бектурсун Азык