Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек

139
0

Сирия бийлиги кулады: мусулмандар алданып калбашы керек

Мусулмандар көптөн күткөн нерсе жүз берип, Сирия бийлиги кулады. Бул күн үчүн канчалаган кандар төгүлдү, канчалаган курмандыктар берилди жана жарым миллиондон ашуун адамдын өмүрү кыйылды! Асад бийлигинин кулашы абдан тез болду. Ага каршы ноябрдын акырында аскерий аракет башталып, Шамдын колго алынуусу жана бийликтин кулашы менен жыйынтыкталды.

Америка малайы болгон Асаддар династиясы Сирияны элүү жылдан ашуун башкарышты. Өткөн кылымдын 70-жылдары бийликти ээлеп, өзгөчө зөөкүрдүгү менен белгилүү Хафиз Асад 2000-жылы көз жумгандан кийин, бийликке анын уулу Башар Асад келди. Сирия режими бул учурда – Ливанга таасир өткөрүүдө, Иракка каршы согушта жана башка маселелерде Американын региондогу кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарып келди. Мындан улам, Сирия режими Американын региондогу маанилүү куралдарынын бири болуп саналат. Ошондуктан, “Араб жазы” деп аталган козголоңдордун эпкини менен Сирия режиминин да кулашына жол бербөө үчүн Америка болгон аракетин көрдү. (Негизи “Араб жазы” алкагындагы козголоңдор  “Ислам жазы” деп аталышы керек эле. Себеби мусулмандар капиталисттик диктаторлук режимдерге каршы көтөрүлүп, Исламды талап кылып чыгышкан. Бирок Батыш бул козголоңдорду Исламдан буруу, козголоңдордун Ислам негизинде өөрчүп кетишине жол бербөө үчүн “Араб жазы” аталышын берди).

2011-жылы Сирияда башталган козголоң бат эле өлкөгө жайылды. Адамдар Исламды талап кылышып, диктатор Сирия режимин четке кагып демонстрацияларды уюштурушту. Буга атасынан калышпаган зөөкүр Башар Асад кыргындар, өлтүрүүлөр, намысты тебелөөлөр, куугунтуктар менен жооп берди. Себеби, Башар Асад кылмыштарды жасоодо эч бир чекти көрбөгөн, жазага тартылуудан коркпогон. Анткени Америка аны ар кандай олуттуу жазадан коргошун билген эле. Ошентип режимдин кандуу жооп аракетинен улам адамдар колдоруна курал алып, аскерий каршылыкка өттү. Мунун натыйжасында режим көзөмөлдөгөн аймактар улам азайып, өлкө аймагынын 20 пайызы гана анын колунда калды. Бирок малайы Башар Асаддын ордуна альтернативдүү кадр таба албаган Америка бир тараптан Россияны азгырып, экинчи тараптан региондогу дагы бир куралы Иран режимин (Иранга караштуу аскерий бөлүктөрдү) тартып, аларды Сирия режимине жардам берүүгө багыттады. Башка тараптан Түркияны ишке салып, аны козголоңчулардын арасына кирүүгө үндөдү. Бул үч режим (Иран, Россия, Түркия) Сирияга байланыштуу уюштурулган Астана коференцияларынын кепилдөөчүлөрү болуп калды. Негизи ушул Астана жана башка Женева конференциялары Сириядагы козголоңду басууга, Сирия режимин сактап калууга, козголоңчуларды тизгиндөөгө каратылган.

Ушундай колдоо алган Сирия режими көзөмөлдөгөн аймактарын кайра кеңейтип, аёосуз кыргындарды жасады, ал тургай өз элине каршы химиялык куралдарды колдонду. Ал эми демократиянын атасы саналган Америка режимдин бул кылмыштарына көз жумуп, жогоруда айтылгандай олуттуу жазага тартылуудан коргоп келди. Бул жагдай Башар Асад режими Американын куралы болгондугун ырастап турат.

Бирок Сирия режими ушундай аскерий жана саясий колдоо алганына карабастан, козголоңду токтото албады. Тескерисинче убакыт өткөн сайын алсырап, бийликти кармап калуу мүмкүнчүлүгүн жоготту. Бул абал ушул чындыкты ачык-айкын көрсөтүүдө – мусулмандар эч качан үмүтсүз болушпайт, эч качан аракетин токтотушпайт. Аларды курмандыкка, сабырга, кайратка, эрдикке үндөгөн нерсе – бул Ислам! Мусулмандар ким Аллахтын динине жардам берсе, Аллах ошолорго нусрат берерин жакшы билишет. Шам мусулмандары ушул үчүн аракет кылышты, ушул үчүн үмүт кылып жашашты. Мындан кийин да бардык аракет Ислам үчүн болушу керек. Себеби, Үммөт Ислам үчүн курмандык берди, сабыр кылды, ар кандай оор кыйноолорго жана абалдарга чыдады.

Учурда Сирия режими кулаганын маалымат каражаттары жар салып жатат. Ошол эле маалда Америка жетектеген Батыш өлкөлөрү, эл аралык уюмдар, Американын куралы болгон региондогу малай режимдер кудум убакыттан уттуруп жибергендей “өлкөдө батыраак мыйзамдуулук орнотулушу керек”, “2254-резолюцияны ишке ашыруу зарыл”, “өткөөл өкмөт түзүү керек”, “эл аралык укукка негизделген кадамдар болушу шарт”, “өлкөнүн жаңы саясий жараянын түзүү үчүн Сирия эли менен иштешүүгө даярбыз” деген билдирүүлөрдү бере башташты. Алар Сириядагы абал алардын көзөмөлүнөн чыгып, Исламдын тикеленишин алдын алууга аракет кылышууда. Америка ар кандай конференциялар, демилгелер, Түркия сыяктуу режимдер аркылуу Сирия мусулмандарын тузакка түшүрүүгө аракет кылып келди, мындан кийин да аракет кылат. Ошондуктан Батыш жана алардын куралдары болгон режимдер тараптан болгон демилгелерге берилбестен, алардан алыс болуу зарыл. Алар кайра эле Сирия режимине окшогон капиталисттик режимди тикелөөнү көздөшөт. Сирия эли жана мужахиддери ушул үчүн кан төгүштү беле?! Албетте жок! Алар Ислам үчүн жанын, малын сарпташты. Ушундай калыс аракеттер үчүн Аллах жеңиштерин берип жатат. Андыктан он үч жылдык оор аракетти текке кетирбөө керек. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык гана мусулмандар эңсеген, арзуу кылышкан өзгөрүүгө алып барат. Андан башка ар кандай демилге жана аракеттер караңгылык, жахилдик, зулумдукка алып барат. Аллах Таала айтат:

žcuŽÝÇZuŠs9ur} ª!$# `tB ÿ¼çnçŽÝÇYtƒ 3 žcÎ) ©!$# :”Èqs)s9 {̓tã

«Албетте, Аллах Ага (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»       [22:40]

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here