Өзбекстанда мурунку залим режим уланууда

4621
0

بسم الله الرحمن الرحيم

#PleaFromUzbekistan

#صرخة_من_أوزبيكستان

#ЎЗБЕКИСТОНДАН_ФАРЁД

Өзбекстанда мурунку залим режим уланууда

Жер бетиндеги түрдүү жайларда уланып жаткан согуштар эл аралык абалды олку-солку кырдаалга кептеп койду. Бул согуштардын кээ бирлери ири державалардын түздөн-түз кагылышууларына жакындатууда. Андан тышкары чечилбей келе жаткан экономикалык жана социалдык проблемалар адамдарды туңгуюкка салды. Капиталисттик ач көздүктөн улам пайда болгон бул нерселер дүйнөнүн туруктуулугуна кедергисин тийгизип жатат. Мына ушундай кырдаалда колонизатор кафирлер өз таасирлерин, бийлигин, өкүмзордугун сактап калуу үчүн дүйнө бойлоп Ислам жана мусулмандарга каршы ар кандай күрөшүн күчөтүштү. Себеби, Ислам бүгүнкү капитализмдин жана башка ар кандай идеологиянын реалдуу альтернативасы болуп эсептелет. Исламдын рахматын жана адилетин көргөн ар кандай адам капитализмден заматта баш тартышы талашсыз. А түгүл, толук Исламды кабыл алуусу шексиз. Ошондуктан колонизаторлор Исламга жана мусулмандарга каршы аёосуз күрөш алып барышат. Алар бул күрөштө аларга малай, алардын таасири астындагы мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерди да катуу ишке сала башташты. Мунун жаркын мисалын Өзбекстан режими чагылдырып турат.

Өзбекстан эли Исламды бекем карманган калк, а түгүл алардын эркин коммунисттердин зулуму да сындыра албады. Коммунисттерден кийин Өзбекстанда бийликке келген тогут Каримов Исламга каршы күрөшүп, хижабга, сакалга катаал чараларды көрдү, үрөй учурган кылмыштарды жасады. Каримов режими Хизб-ут-Тахрирдин пикирлери эл арасында жайылып жатканын көрүп, Хизб мүчөлөрүнө душмандыкты күчөттү. Ташкенде 1999-жылы алдын ала даярдалган жардыруулардан кийин тогут Каримов Хизб-ут-Тахрирди айыптады. Ошондон тартып Хизб мүчөлөрүн аёосуз камакка алуу, кыйноо, зулум өткөрүү, жада калса өлтүрүү кампаниясы башталды. Акыйкатта болсо 1953-жылы түзүлгөндөн бери Хизб ут-Тахрир зомбулукка эч качан барбаган, Хизбди зомбулукта айыптоо ачык айкын жалган жалаа болуп эсептелет. Батыш жана анын колундагы малай мусулман режимдери өздөрүнүн бул жалган жалааларын эч качан далилдеп бере алышпады. Себеби, Хизб ут-Тахрирдин Исламды жашоого кайрадан алып келүүдөгү тарыйкаты маддий иштерге жол бербеши анык. Ага карабастан, миңдеген Хизб мүчөлөрү камакка алынды. Алар тогуттун зындандарында түрдүү зулумдуктарды көрүштү. Каримовдун тушунда шахид болгон Хизб мүчөлөрүнүн кербени абдан узарды. Бирок бул сыноолор жигиттерибиздин эркин, кайратын сындыра албады, тескерисинче дааваттагы бекемдигин күчөттү.

Каримовдон кийин бийликке Мирзиёев келди. Ал бийликке орношуп алганга чейин чоң-чоң убадаларды берип, элдин көзүнө катаал Каримовдон “сылыгыраак” болуп көрүнүүгө урунду. Бирок бүгүнкү күнгө келип Мирзиёевдин убадалары жалган экени улам ачыкталып бара жатат. Себеби Каримов режимин эске салган ыкмалар ишке салынып, ошол эле сакалга, хижабга, никабга каршы чаралар көрүлө баштады. Ошондой эле Хизб жигиттерине карата зулумдуктар күчөдү. Канкор Каримовдун зулумдугун улантып жаткан Өзбекстан бийлиги Хизб ут-Тахрирдин 23 мүчөсүн дагы кайрадан камакка алды. Ушул жылдын 9-майында болуп өткөн сот жараяны Каримовдун доорунда соттолуп, 1999-2000-жылдан бери 20 жыл өмүрүн камак-кыйноодо өткөргөн ошол мурунку айыптоолор негизинде өттү. О.э. Ташкент, Анжиян, Кокон, Карши жана Самарканд аймактарында дагы 16 жигит зомбулук жана терроризмде айыпталып кайрадан камакка алынып, Ташкентке жөнөтүлдү. Алардын үстүнөн тергөө уланууда! Жигиттерди өлтүрүү, алардын туугандарын же үй-бүлө мүчөлөрүн камакка алуу менен коркутуу, жубайларын зордуктоо менен опузалоо методдору дагы ишке салына баштады. Бул жагдайлар Каримовдун режими уланып жатканын ырастап турат!

Ушул орунда колонизатор Батыш бул маселеде Өзбекстан режимин колдоп жатканын айта кетүү зарыл. Өзбекстан режими бул зулумдуктарды колонизаторлордун толук колдоосу менен ишке ашырууда. Себеби адам укуктары жөнүндө ооз көбүртө сайрап келген Америка жана Батыш мамлекеттери Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө үн чыгарышпайт. Акыйкатта болсо ал жерде миңдеген адамдар “диним – Ислам” дегени үчүн эле камакта кармалып, ар кандай зөөкүр кыйноолорго туш болушууда, ал тургай өлүмгө учурап жатат. Бул чындыкты жаш-кары, баары билери шексиз. Ал эми, Батышты өзүнүн кызыкчылыгынан башка нерсе кызыктырбайт, Батыш адам укуктары жана демократия үчүн кымындай да кайгырбайт. Тескерисинче, ал Халифалыкта көөдөлөнгөн Исламды душман деп билет, аны жок кылуу үчүн болгон күчүн жумшайт жана бардык малайларын ишке салат.

Жогоруда айтылгандай Өзбекстан эли Исламды бекем карманган калк, алардын эркин коммунисттердин зулуму сындыра албады жана алар бүгүнкү либерализм терисин жамынгандардын зулумуна да каршы турары шексиз. Ислам дааваты улана берет, бирок өкүмдарлар өтмүштөгү залимдердин абалынан сабак алуусу кажет. Аллах Таала айтат:

﴿وَالَّذِينَ يُؤْذُونَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ بِغَيْرِ مَا اكْتَسَبُوا فَقَدِ احْتَمَلُوا بُهْتَانًا وَإِثْمًا مُّبِينًا

«Мумин жана муминаларга жөнү жок азар бергендер жалган жалаа жана ачык айкын күнөөнү өзүлөрүнө алыптыр» [33:58]. Дагы айтат:

إِنَّ ٱلَّذِینَ یَكۡفُرُونَ بِـَٔایَـٰتِ ٱللَّهِ وَیَقۡتُلُونَ ٱلنَّبِیِّـۧنَ بِغَیۡرِ حَقࣲّ وَیَقۡتُلُونَ ٱلَّذِینَ یَأۡمُرُونَ بِٱلۡقِسۡطِ مِنَ ٱلنَّاسِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِیمٍ

Аллахтын аяттарын тана турган, пайгамбарларын жазыксыз өлтүрө турган жана адамдар арасынан адилеттикке чакыруучу кишилерди өлтүрө турган кимселерге албетте жан чыдагыс азап бардыгы жөнүндө «куш кабарды» жеткиргин! (3:21).

Ал эми, Хизб жигиттерине келген ар кандай сыноо алардын ыйманын гана бекемдейт. Анткени, Аллахтын убадасы анык ишке ашуучу убада экенине бекем ишенишет! Аллах Таала айтат:

﴿وَأُخْرَى تُحِبُّونَهَا نَصْرٌ مِنَ اللهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ﴾

«Жана (Аллах силерге) дагы башка силер сүйгөн (бир нээматты да берет, ал) Аллах тарабынан болгон нусрат жана жакын фатх, сүйүнчү кабарды жеткиргин!» [61:13].

Кыргызстандан Борбордук басма сөз үчүн жазган

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here