Бисмиллаахи рахмаанир рахиим
Асыл хадис менен
Пенде жакшы көргөнү менен бирге болот
Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.
عن أنس رضي الله عنه أن رجلا سأل النبي ” صلى الله عليه وسلم عن الساعة فقال: متى الساعة؟ قال: وماذا أعددت لها؟ قال: لا شيء إلا أني أحب الله ورسوله صلى الله عليه وسلم فقال: “أنت مع من أحببت”. قال أنس: فما فَرِحْنا بشيءٍ فَرَحَنا بقولِ النبي صلى الله عليه وسلم: “أنت مع من أحببت”، قال أنس: فأنا أحب النبي صلى الله عليه وسلم وأبا بكر وعمر، وأرجو أن أكون معهم بحبي إياهم وإن أعمل بمثل أعمالهم.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, бир адам Пайгамбардан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): “Кыямат качан болот?” – деп сурады. Ал айтты: “Ал үчүн эмне даярдадың?” Ал айтты: “Менин Аллахты жана Анын Элчисин (саллаллаху алейхи уа саллам)ды жакшы көргөндөн башка эч нерсем жок”. Ал айтты: “Сен жакшы көргөнүң менен бирге болосуң”. Анас айтат: “Биз пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам)дын: “Сен сүйгөнүң менен бирге болосуң” деп айткан сөзүнүнө сүйүнгөндөй башка нерсеге сүйүнгөн эмеспиз. Мен Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)ды, Абу Бакрды жана Умарды жакшы көрөм. Аларды жакшы көргөнүм үчүн алардай амал кылсам, алар менен бирге болсом деп үмүт кылам”.
“Ал үчүн эмнени даярдадың?” Тактап айтканда, Кыямат болгондо анын сыйлыгын алуу үчүн кандай жакшылыкты даярдадың? деген маани.
Аль-Хафиз мындай дейт: Аль-Карманий Пайгамбарыбыз (с.а.в) суроо берүүчү менен даанышмандык ыкмада маектешкенин айтты. Ал суроо берүүчүдөн өзүнө эмне тиешелүү же маанилүүрөөк экенин сурабастан аны кабыл алды. Башкача айтканда, ал Аллахты жана анын элчисин жакшы көрөм дегенин кабыл алды. Андан башка ага маанилүүрөөк нерсе сурабады.
“Сен жакшы көргөнүң менен бирге болосуң” башкача айтканда алардын (бейишке кирген топтун) бири болуу назарда тутулууда. Мындан Бейиште даражалар ар түрдүү болсо анан кантип алар бирге болушу мүмкүн деген суроо чыгат? Бирге болуу дегени баардык нерседе бирге болууну билдирбейт. Балким, бир нерседе чогуу болгонду билдирет. Башкача айтканда, бейишке бирге киргенди билдирет анын ичиндеги даражаны билдирбейт. Даражалар ар кандай болсо да, бейишке бирге кирүү бирге болууну билдирет.
Анас (радыяллаху анху) айтты: “Биз пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи уа саллам)дын: “Сен сүйгөнүң менен бирге болосуң” деп айткан сөзүнүнө сүйүнгөндөй башка нерсеге сүйүнгөн эмеспиз. Сахих Муслимде Анас (р.а) айтат: “Биз Исламга кирүү менен сүйүнгөндөн кийин Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)дын: “Сен сүйгөнүң менен бирге болосуң” деп айткан сөзүнүнө сүйүнгөндөй башка нерсеге сүйүнгөн эмеспиз. Ал айтты: “Мен Пайгамбарды (саллаллаху алейхи уа саллам)ды, Абу Бакрды жана Умарды жакшы көрөм”. Анас (радыяллаху анху) пайгамбарыбызды (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана анын эки сүйүктүү сахабасын бирге жакшы көрөрүн айтты. Аларды (Аллах алардан ыраазы болсун) жакшы көрүү – Расулулла (с.а.в)ды жакшы көрүүнүн бир бөлүгү болот. Анткени чыныгы сүйүү сүйүктүүсүнүн жакшы көргөн нерсесин жакшы көрүүдө жана жек көргөн нерсесин жек көрүүдө аны менен бирге болууну талап кылат. Абу Бакр жана Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) Анын сүйүктүү сахабалары.
Аллах Таала айтты:
{قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ}
“Айткын: Эгер силер Аллахты сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, Аллах силерди сүйөт”.
Аллах Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам)ды жана анын эки сахабасын (Аллах алардан ыраазы болсун), бул дүйнөдө жана кабырда бир жайга чогултту жана алар Бейиште да бирге болот. Алар пайгамбарлардан жана элчилерден кийин төрөлгөндөрдүн эң жакшылары. Алардын эң жакшысы – Абу Бакр (радыяллаху анху). Сообу жагынан Умардан кийин Усман, андан кийин Али (Аллах алардан ыраазы болсун) жана башка бардык сахабалар.
Ал эми биз, урматтуу бир туугандар! Акырет жашообузга эмнелерди даярдадык?
Эгер биз Аллахтын Элчисине бедуин жооп бергендей жооп берсек, биз Аллахты жана Анын Элчисин канчалык жакшы көрөбүз? Чыныгы сүйүү сүйүктүүсү жакшы көргөн нерсесин жакшы көрүү жана жек көргөн нерсесин жек көрүүнү талап кылат деп жооп бердик. Аллах жана Анын Элчиси сүйгөн нерсени биз сүйөбүзбү? Биз Аллах Тааланын сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн Аллахтын Элчисине ээрчийбизби? Эгер биз ушул даражаны жана ушул жакшы көрүүнү мураска алгыбыз келсе, анда түнү-күнүбүздү Аллахка жана Анын Элчисине (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) моюн сунуу менен өткөрүшүбүз керек. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) амалында Ислам мамлекетин курду, Исламды жашоого алып келди жана элге жеткирди. Демек, биз Исламды кайра тирилтүү үчүн аракет кылышыбыз керек. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын мурасын Пайгамбарлык туура жолдогу Халифалыкты калыбына келтирүү үчүн талыкпай аракет кылып, Сүйүктүү пайгамбар Мухаммад (с.а.в) курмандык берген нерсеге курмандык беришибиз керек. Мына ошондо биз Аллахтын сүйүүсүнө жана Анын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам)дын сүйүүсүнө татыктуу болобуз.
Аллах буйруса, келерки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолугушканга чейин сиздерди Аллахтын камкордугуна, коргоосуна жана коопсуздугуна калтырабыз. Сиздерге Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
1446-х, 30-жумаадус-саани.
2025-ж, 1-январь.