Борбор Азия режимдери Исламга каршы жарыша күрөшүүдө

2198
0

Борбор Азия режимдери Исламга каршы жарыша күрөшүүдө

Диктатуралык режимдери менен белгилүү болгон жана кара күчкө таянууну совет бийлигинен мурас кылып алган Борбор Азиядагы бийликтер Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө жарышууда. Бул жаатта кабыл алынып жаткан мыйзамдар дээрлик баары бири-бирине окшошуп барууда. Маселен, Өзбекстанда 24-июндан тарта 400дөн ашык мечит, намазкананы “буздуруу” же өндүрүштүк жайларга айлантуу максатында ишкерлерге өткөрүп берүү буйругу чыкты. Каттоодон өтпөгөн мечит-медреселерди жабуу аракети президент Мирзиёевдин диний маселелерди талкуулаган жыйынынан бир жума өткөндөн кийин пайда болду. Бул сыяктуу иштер тогут Каримов режими учурунда да жасалып келген.

Канкор Каримовдун зулумдугун улантып жаткан Өзбекстандын коопсуздук кызматы Хизб ут-Тахрирдин 23 мүчөсүн дагы кайрадан камакка алды. Ушул жылдын 9-майында болуп өткөн сот жараяны Каримовдун доорунда соттолуп, 1999-2000-жылдан бери 20 жыл өмүрүн камак-кыйноодо өткөргөн ошол мурунку айыптоолор негизинде өттү. О.э. Ташкент, Анжиян, Кокон, Карши жана Самарканд аймактарында дагы 16 жигит зомбулук жана терроризмде айыпталып кайрадан камакка алынып, Ташкентке жөнөтүлдү жана алардын үстүнөн тергөө башталды!

Ал эми, 25-июнда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы баланы мыйзамсыз диний билим алууга тартуу үчүн административдик жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мунун шылтоосу менен өлкөдө жайкы каникулда балдарга Куран окуткан лагер жана медреселер жабылууда. Муну менен катар имамдардын социалдык тармактар аркылуу үгүт жүргүзүшүнө, чет өлкөгө чыгышына тыюу салынды.

Буга чейин өзбек парламенти аялдардын никаб кийүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Булардын баары Өзбекстан режими Исламга жана Исламга чакырган ар кандай адамга душмандык кылууда Каримовдун жолунан бара жатканын көрсөтүүдө.

Тажикстанда аялдардын хижаб кийишине, эркектердин сакал коюшуна тыюу салына баштады. Айрыкча, 19-июнда Тажикстан парламентинин жогорку палатасы кабыл алган “Салттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө” мыйзам аркылуу улуттук маданиятка төп келбеген кийим кийүүгө, жарнамалоого жана сатууга тыюу салынмакчы. Башкача айтканда, хижаб жана никаб кийген муслималарга тыюу салынып, мыйзамды бузгандарга 65 миң сомони же 6000 АКШ доллары көлөмүндө айып пул салынат. Ушул эле мыйзам аркылуу айт майрамдарында белек берүүгө, конок тосууга чектөө киргизилүүдө. Мунун каршысында, Батыш сакофаты таңуулаган жарым жылаңач кийимдерге тыюу салынбайт.

Тажикстанда 2023-жылы “экстремизм” жана “терроризм” менен айыпталып 200дөн ашык адам кармалган. Өкмөт ошондой эле чет жакта илим алып, окуп жаткан студенттерди үйүнө кайтууга мажбурлап келет. Жалпысынан 718 студент кайтууга аргасыз болгон. Тажикстан тогуту терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү шылтоосунда, ал тургай жаңы төрөлгөн балдарга Исламий ат коюуга тыюу салды. Тажикстан бийлиги он миӊдеген кишинин сакалын мажбурлап алдырып, миңдеген аялдын хижабын чечтирди.

Казакстанда да 2023-жылы диний ишенимдерине байланыштуу жарандарды камап, айып пул салып, кармоолор уланууда. Уруксаты жок балдарга Куран окутканы үчүн айыпталган мусулмандар ондоп саналат. Казакстанда мектептерде окуучу кыздарга жоолук оронууга тыюу салынууда. Атырау облусунда мындай чектөөдөн улам мектепке бара албай калган кыздардын саны 150гө жеткен. Ал эми, 2023-жылдын күзүндө өкмөт никаб кийип жүрүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алган.

Түркмөнстанда болсо мусулмандар ар дайым күч органдарынын көзөмөлү астында болуп, мезгил-мезгили менен полиция мусулмандардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, диний адабияттарды конфискациялап турат. 2014-жылдан баштап Түркмөнстан “дин тутуу эркиндигин олуттуу бузган” өлкөлөрдүн катарына кирет. Мамлекеттин күч түзүмдөрү тарабынан 50 жашка чейинки мусулмандардын сакалын мажбурлап алдыруу, андан соң арак ичүүгө  мажбурлоо, буга моюн сунбаган ыймандуу мусулмандарды катуу таяктап, эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга камап салуу адаттагы көрүнүшкө айланып калган. Мамлекеттик кызматкерлер жана аскер кызматкерлери үчүн намаз окуу сыяктуу ибадаттарга тыюу салынган. Буга моюн сунбагандар дароо иштен алынышат жана ар түрдүү материалдык жана физикалык кысымдарга кабылышат.

Кыргыз бийлиги да жогорудагы диктаторлордун катарынан кем калышпай никаб жана узун сакал коюуга каршы иш баштаган. Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда никаб жамынып жүрүүгө жана узун сакал коюуга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарылган. Документте эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталган.

Кыргыз бийлиги муну менен эле чектелбей, мечит жана медреселерде рейддер өткөрүп, расмий каттоодон өтпөгөндүгү шылтоосу менен ондогон мечит жана медреселер жабылды. Маселен, өлкө боюнча 71 мечит жана 28 медресе расмий каттоодон өткөн эмес деген шылтоо менен жабылган. 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынган. 48 мечитке жана 40 медресеге өрт коопсуздугунун талаптарын бузганы үчүн акты түзүлгөн. Ал эми, 55 мечитке жана 6 диний окуу жайга акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Муну менен катар Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир” саясий партиясына мүчө болгондугу үчүн 2023-жылы 43 адам кармалган. Салыштырып алганда, 2022-жылы тогуз киши кармалган. Ал эми, жыл башынан бери хизбге каршы күрөш күчөтүлүп, ондогон жигиттер тергөө абактарына камалып, соттолууда. Расмий бийликтин хизбге жана Исламга каршы күрөшү муну менен чектелбей, ар кандай провокациялык иштер менен коштолууда. Маселен, Бек-Абад айылында бир нече жайда мамлекеттик тууну алмаштырууга айыптап 16 жана 19 жаштагы муслима кыздарды кармады. 31-майда жана 4-июнда өткөрүлгөн рейддердин натыйжасында окуяга байланыштуу дагы төрт муслима эже-карындаштарыбыз тергөө абагында кармалып турат. Мындан тышкары, 2023-жылы Бишкек, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жалпысынан “Йакын Инкар” уюмуна мүчө делген 25 адам кармалган. Үстүбүздөгү жылда да бул жамаатка мүчө болгону үчүн ондогон мусулман камакка алынды.

Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул баалуулук светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, Батыш жана анын жүгүртөктөрү эл аралык майданда өз идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин экриндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Ирак, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын көрсөтүп койгон.

Түпкүлүгүндө, мусулмандар дааватты же ислам өкүмдөрүн колонизатор каапырлар же алардын малай акимдери уруксат бергени үчүн же адамга эркиндик берилгени үчүн кылбайт. Тескерисинче, Исламий баалуулук жана жакшы иш деп кылат. Андыктан, бул кыянатчы жетекчилерге айтаарыбыз, Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер Исламий баалуулуктарга каршы күрөшүү эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! Хижаб жана никабга каршы күрөшүү эмес, жарым жылаңач, бузукулуктарды тыйып коюу эле. А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар! Албетте силердин аракетиңер туура жолго кайтканга чейин бул дүйнөдө кордук, акыреттеги азабы катуу болоору шексиз! Колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктары бүтүндөй таш кабат. Аллах Таала айтат:

)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(

«Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк».        [8: 30]. Дагы айтат: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын” (2: 214).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here