Өзбекстан бийлиги Исламга каршы күрөштү күчөтүүдө

2202
0

Өзбекстан бийлиги  Исламга каршы күрөштү күчөтүүдө

Диктатуралык режими менен белгилүү болгон жана кара күчкө таянууну совет бийлигинен мурас кылып алган Өзбекстан бийлиги Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүдө. Маселен, Өзбекстанда 24-июндан тарта 400дөн ашык мечит, намазкананы “буздуруу” же өндүрүштүк жайларга айлантуу максатында ишкерлерге өткөрүп берүү буйругу чыкты. Каттоодон өтпөгөн мечит-медреселерди жабуу аракети президент Мирзиёевдин диний маселелерди талкуулаган жыйынынан бир жума өткөндөн кийин пайда болду. Бул сыяктуу иштер тогут Каримов режими учурунда да жасалып келген.

Канкор Каримовдун зулумдугун улантып жаткан Өзбекстандын коопсуздук кызматы Хизб ут-Тахрирдин 23 мүчөсүн дагы кайрадан камакка алды. Ушул жылдын 9-майында болуп өткөн сот жараяны Каримовдун доорунда соттолуп, 1999-2000-жылдан бери 20 жыл өмүрүн камак-кыйноодо өткөргөн ошол мурунку айыптоолор негизинде өттү. О.э. Ташкент, Анжиян, Кокон, Карши жана Самарканд аймактарында дагы 16 жигит зомбулук жана терроризмде айыпталып кайрадан камакка алынып, Ташкентке жөнөтүлдү жана алардын үстүнөн тергөө башталды!

Ал эми, 25-июнда Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы баланы мыйзамсыз диний билим алууга тартуу үчүн административдик жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мунун шылтоосу менен өлкөдө жайкы каникулда балдарга Куран окуткан лагер жана медреселер жабылууда. Муну менен катар имамдардын социалдык тармактар аркылуу үгүт жүргүзүшүнө, чет өлкөгө чыгышына тыюу салынды.

Буга чейин өзбек парламенти аялдардын никаб кийүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. Булардын баары Өзбекстан режими Исламга жана Исламга чакырган ар кандай адамга душмандык кылууда Каримовдун жолунан бара жатканын көрсөтүүдө.

Түпкүлүгүндө, заалим Мирзиеев башында турган өзбек режими күрөшүп жаткан диний баалуулуктар өздөрү улуулап жаткан конституциялык мыйзамдарына жана эл аралык мыйзамдарга тескери келет. Тагыраагы, демократиядагы дин тутуу жана жеке эркиндик адамга каалаган динин тутунууга жана каалаган атрибутту колдонууну кепилдеп берет. Бул “баалуулук” светтик мамлекеттин конституциялык мыйзамы болуп саналат. А бирок, Батыш жана анын жүгүртөгүнө айланган малай акимдер эл аралык майданда өз идеясынан баш тартууну эчак эле баштаган. Башкача айтканда, Батыш үчүн бул эркиндиктер Ислам жана мусулмандардан башкаларга гана колдонулат. Маселен, сатанизм же дагы башка бузукулуктар үчүн дин эркиндиги берилет. О.э мусулмандардан башкалар үчүн каалагандай кийим кийүүгө, а түгүл, жылаңач жүрүүгө жол ачып беришет. А бирок, Ислам баалуулуктарына келгенде маселе башкача каралат. Бул болсо, демократиялык түзүм менен диктаторлук түзүм бир тыйындын эки тарабы экенин, экөөсү тең өз каалоосун адамдардын каалоосунан үстөм коюшарын билдирет! Айрыкча, Ирак, Ооганстан, Сирия жана акыркы Газадагы болгон окуялар эркиндик, аялдар жана балдардын укугу деген ураандар бомбалар менен кошо жерге көмүлүп калганын ачык көрсөтүп койгон.

Акыйкатта, мусулмандар дааватты же исламий иш-амалдарды колонизатор каапырлар же алардын малай акимдери уруксат бергени үчүн, же болбосо, адамга эркиндик берилгени үчүн кылбайт. Тескерисинче, аларды “Исламий баалуулук жана жакшы иш” деп кылат. Андыктан, бул кыянатчы жетекчилерге айтаарыбыз, Алладан корккула жана Исламга жүздөнгүлө! Негизи силердин милдетиңер Исламий баалуулуктарга каршы күрөшүү эмес. Тескерисинче, мечиттерди куруп, ал жайларда шарт түзүү эле! Медреселерди ачып, мусулман жаштарына өз диндерин үйрөтүү эле! Хижаб жана никабга каршы күрөшүү эмес, жарым жылаңач, бузукулуктарды тыйып коюу эле. А бирок, өкүнүчтүүсү, силер Алланын алдындагы азиздикти эмес, колонизаторлорго малайлык кылуу менен кордукту тандап жатасыңар! Албетте, силердин аракетиңер туура жолго кайтмайынча, бул дүйнөдө кордукка, акыретте катуу азапка кириптер кылат! Колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктары бүтүндөй таш кабат. Аллах Таала айтат:

)وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ(

«Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк». (8: 30). Дагы айтат: “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын” (2: 214).

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here