Эй, мусулмандар! Албетте силер Рафахта, Газада, кала берсе, бүткүл Фалестинде яхудийлер жасап жаткан кылмыштарды көрүп турасыңар

4024
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй, мусулмандар! Албетте силер Рафахта, Газада, кала берсе, бүткүл Фалестинде яхудийлер жасап жаткан кылмыштарды көрүп турасыңар

Ал эми өкүмдарлар Фалестинге жардам көрсөтүү үчүн армияны аракетке келтирбей, тескерисинче, өздөрүнүн кызыл сызыктарына да көз жумуп, Америка жана анын издештеринин ортомчулугуна канааттанышууда!

Эй, мусулмандар!

Жетишет… Яхудийлердин жырткычтыктары эбегейсиз адамдардын өмүрүн алды. Алардын бул кылмыштарынан жада калса бак-дарактар да аман калбады. Мына, эми алар Мисир режими кол салынса унчукпай карап турбайбыз деген кызыл сызык саналган Рафах өткөрүү пунктуна да кол салышты. Бирок, бул кызыл сызык яхудийлер басып алгандан кийин жашыл сызыкка айланды жана Мисир режими нааразылык билдирүү менен чектелди! “Ассошиэйтед Пресс маалымат агенттиги жогору кызматтагы Мисир расмийине таянып билдиришинче, Мисир Рафахка жасалган чабуулдун жүзөсүнөн Тель-Авив, Вашингтон жана Европа бийликтерине нааразылык билдирген”. (“Ал-Жазира”, 2024-жыл, 12-май). “Арабийя Хадас” агенттиги 2024-жылы 7-майда ушул кабарды жарыялады: “Мисир коргоо министринин мурунку жардамчысы генерал-майор Али Хифзий “Арабийя нет” жана “Хадас нет”ке берген эксклюзивдүү интервьюсунда Филадельфия коридору Мисир менен Газа сектору ортосундагы Фалестин буфер зонасы экенин билдирип, Куралдуу күчтөр Мисир чегарасын абдан ишеничтүү коргошун, эч бир (Израиль) күчтөрү жакындаша албастыгын, анткени бул кызыл сызык экенин баса белгиледи. Шейшемби күнү (Израиль) армиясы бир күн мурун башталган аскерий амалиятта Газа секторун Мисир аймагынан бөлүп турган Рафах өтүү пунктунун Фалестин тарабын толук көзөмөлгөн алганын жарыялады. Филадельфия коридоруна (Израиль) аскерий машиналары алгачкы жолу 2005-жылда кирген. Шейшемби күнү (Израиль) артиллерия чабуулун күчөткөндүктөн Газа сектору менен Мисир ортосунда жайгашкан Рафах өткөрүү пунктуна жакын аймакта калың түтүн көтөрүлгөн”.

Эй, мусулмандар!

Батыш, өзгөчө, Америка мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарларды башкарып, бул жаатта көңүлүн яхудий вужудун курчап турган мамлекеттерге бурууда. Анткени Америка мусулман армияларынын Газа согушуна аралашуусун каалабайт. Ал муну өзүнүн «Согушту кеңейтпөө» жөнүндөгү сөздөрү менен ачык айтты. Америка Кошмо Штаттары яхудий вужудунун күчсүз экенин жакшы билет. Анткени кол салуу башталгандан бери сегиз ай өтсө да яхудий вужуду өз максатына жетпеди. Акыйкатта болсо, ага каршы аз сандагы жана аскерий техникалары да аз момун топ гана турат. Андыктан, элестеткиле, эгер мусулман армиялары, кала берсе, Фалестиндин айланасындагы армиялар гана согушка аралашса кандай болот? Мына ушул нерсе Американы тынчсыздантып жатат. Ошондуктан Америка расмийлери араб өкүмдарларына басым өткөрүү аркылуу мусулман армияларынын Фалестин элине жардам көрсөтүүсүнө жол бербөө үчүн региондо шүмшүңдөп жүрүшөт. Түпкүлүгүндө, Америка бул малай өкүмдарларга басым өткөрүүсүнө зарылдык да жок. Анткени алар бүгүн эле эмес, тескерисинче 1948-жылдан бери Фалестинди яхудийлердин кол салуусунан азат кылууну четке кагып келишти. Батыш, өзгөчө, Америка расмийлеринин сапарларын үйрөнгөн ар бир киши алардан көздөлгөн максат мусулман армияларынын Фалестин элине жардам көрсөтүүсүнө жол бербөө экенин билет. Мына, АКШ мамлекет катчысы Блинкен региондон дээрлик чыкпай койду. Америка муну менен чектелбестен, регионго бир нече күндүк сапары менен Борбордук разведка башкармалыгынын жетекчиси Уилям Бернсти жөнөттү. Ал Катарга сапар кылган болсо да, анын сапары Мисир режими менен яхудий вужудуна, алардын ортосундагы өзгөчө Рафах маселесиндеги мамилелерди тартипке салууга багытталды. Бул жаатта “Арабий Жадид” 2024-жылы 8-майда ачыктаган ушул кабар көңүлдү өзүнө бурат: “Жеке булактар «Арабий Жадид»ге маалым кылышынча, баскынчы (Израиль) армиясынын аскерий техникалары Рафахка бастырып кирип, Филадельфия коридоруна, жада калса Фалестин тараптан Мисирдин Рафах өткөрүү путктуна чейин барышы Мисир тарап бул жөнүндө кабардар кылынгандан кийин, Америка менен толук келишилген абалда болду… Булак айтышынча: «Борбордук разведка башкармалыгынын жетекчиси Уилям Бернс Моссад жетекчиси Давид Барнеа менен бирге операцияны пландашкан жана Нетаняху менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө операциянын чектелүү болушу керектигин баса белгилеген»”.

Андан кийин Америка атайлап сөз таратты. Муну айрым өкүмдарлар жана бир катар маалымат каражаттары алкышташты. Америка менен яхудий вужуду ортосунда келишпестик орун алып, яхудийлер АКШ куралдарынан пайдаланышы мыйзамга тескери имиш. Блинкен да бул жөнүндө чалгытуу таризинде айтып өттү. Бирок, акылдуу кишилер бул нерсени жакшы түшүндү. Анын Конгресске сунуштаган отчётунда мындай делет: “АКШ мамлекет департаментинин жума күнкү отчётунда (Израиль) Газа согушунда АКШ куралдарынан пайдаланышы сынга алынды. Бирок, бара жаткан жүктөрдү токтотууда мыйзамбузууларга жол берилгени туурасында жетиштүү далилдер болбогон”… Отчётко ылайык: “(Израиль) «куралдарды эл аралык гуманитардык укукка тескери түрдө колдонгон» деп баа берүү акылга сыят… Бирок Кошмо Штаттар «анык бир жыйынтыкка келе албаган…»”. Отчётто минтип кошумчаланат: “Кошмо Штаттар (Израиль) өзүнүн «иш-аракети же кайдыгерлиги» себептүү уланып жаткан гуманитардык кырсыкка салым кошконуна ынанса да, бирок «бул жардамдардын жеткирилиши жана өткөрүлүшү (Израиль) расмийлери тарабынан атайылап «тыюу салынган жана чектелген» деген корутунду келбеген…»”. (“Халиж” гезити, 2024-жыл, 11-май. Вашингтон – AFP).

Бул нерселерден бир эле учурда каралоо да, актоо да камтылган сөз оюну көрүнүп турат. Америка минтип бир тараптан яхудийлерди колдоп-кубаттоону жана мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарларды алдоону көздөп жаткан болсо – түпкүлүгүндө бул малай өкүмдарлар алдоосуз да анын буйруктарын ишке ашырууга даяр ­– экинчи тараптан, адамдардын көзүнө Американы яхудий вужуду менен карама-каршы болгондой кылып көрсөтмөкчү болууда.

Эй, мусулмандар!

Мусибат – колонизатор кафирлердин, айрыкча, Америкаг итаат кылган өкүмдарлардир. Бул өкүмдарлар Американын айтканын айтып, кылганын кылышууда. Алар шахиддердин жасаддарын өз көздөрү менен көрүп, наристелердин ый-муңун өз кулактары менен угуп турушат. Инсандар өз перзенттери жана аялдары менен бирге көчүрүлүп жатканына күбө болушууда. Өкүмдарлар булардын баарын көздөрү менен көрүп, кулактары менен угуп турушат, бирок бул нерсе аларда Муътасимдин эрдигин ойготподу. Анткени, алар армиялардын Газадагы бурадарларына жардам көрсөтүүсүнө тоскоолдук кылышты. Кала берсе, алар шахиддерди санап, өз басма сөзүндө аларды «өлүктөр» деп атап, эмне болуп жатканын карап турушат. Алардын түзүгүрөөк делгени бейтарап туруп, Аллах жана Расулунун душманы болгон яхудийлер менен чар тараптан кол салууга учурап жаткан Газадагы мусулмандар ортосунда ортомчулук кылышууда.

Эй, мусулман армияларындагы аскерлер!

Яхудийлерге каршы согушуу жана мубарек жерди азат кылуу үчүн өкүмдарлардан буйрук күтүшүңөр «алма быш, оозума түш» дегенге окшойт. Андыктан, демилгени колуңарга алгыла, албетте Аллах силер менен бирге жана Уммат силерди ээрчийт. Душманыңар Газаны жерден, деңизден жана абадан кантип бомбалап, күлгө айлантып жатканын албетте көрүп, угуп турасыңар… Ко-ош, эмнеге бурадарларыңарга жардам бербей жатасыңар же согушпай жатасыңар?!

Эй, мусулман армияларындагы аскерлер!

Силердин араңарда, айрыкча, Кинана жана Шам жеринде аскерлерди жетектей турган, калган армиялар да, алардын артынан Уммат да такбирлер менен аны ээрчий турган акылдуу киши жокпу?!

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ فِي ٱلۡحَيَوٰةِ ٱلدُّنۡيَا وَيَوۡمَ يَقُومُ ٱلۡأَشۡهَٰدُ﴾

«Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган күндө да жардам беребиз»                                                          [40:51]

Жетишет! Эй, мусулман армиялары! Шылтоо издөөчүгө шылтоо, далил издөөчүгө далил калбады. Душманыңарга кыжырданып, бирок эч нерсе кылбоодон пайда жок. Тескерисинче силер Аллах Азза ва Жалла айткандай:

﴿قَٰتِلُوهُمۡ يُعَذِّبۡهُمُ ٱللَّهُ بِأَيۡدِيكُمۡ وَيُخۡزِهِمۡ وَيَنصُرۡكُمۡ عَلَيۡهِمۡ وَيَشۡفِ صُدُورَ قَوۡمٖ مُّؤۡمِنِينَ ﴾

«Алар менен согушкула, (ошондо) Аллах аларды силердин колуңар менет азаптайт, кор кылат жана силерди алардын үстүнөн женишке ээ кылат, ошондой эле момун коомдун дилдерин кандырат, көңүлдөрүндөгү кам-кайгыны кетирет»                                                                                                                                     [9:14]

 

Хизб ут-Тахрир                                                                                     5-зулкаъда, 1445-х.

13-май, 2024-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here