Аллах Тааладан башкага ант ичүүнүн арамдыгы

1732
0

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим

Асыл хадис менен

Аллах Тааладан башкага ант ичүүнүн арамдыгы

Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын жакшы салам менен баштайбыз. Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

Имам Муслимдин “Сахихинде” Аллах Тааладан башкага ант ичүүнүн арамдыгы тууралуу редакцияланган вариантында айтат:

حدثنا أبو الطاهر أحمد بن عمرو بن سرح عن سالم بن عبد الله عن أبيه قال: سمعت عمر بن الخطاب يقول: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: “إن الله عز وجل ينهاكم أن تحلفوا بآبائكم”. قال عمر: فوالله ما حلفت بها منذ سمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم نهى عنها ذاكرا ولا آثرا

Абу Аль-Тоохир Ахмад бин Амр бин Сарх бизге Салим бин Абдулладан, ал атасынан риваят кылат: “Мен Умар бин Аль-Хаттабдын мындай деп айтканын уктум: Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты: “Аллах Таала силерди атаңардын аты менен ант ичүүдөн тыят”. Умар айтты: Аллахка ант болсун, мен Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) тыюу салганын уккандан кийин эстеп да, артык көрүп да ант ичкен жокмун.

Исламдын турмуш майданында жоктугу себептүү анын ордуна бузук капитализм келгенден бери адамдар арасында Алла Тааладан башкага ант ичүү адаты жайылып кетти. Кээ бир мусулмандардын балдарына ант ичкенин, кээде намысына, кээде Каабага, кээде пайгамбарга, кээде аманатка ж.б.у.с нерселерге ант ичкенин көрөсүң. Негизи Аллахка же Анын ысым, сыпатынан башка нерсеге ант ичүү арам жана ширктин бир түрү. Ошондуктан, мусулмандын Аллах Тааладан башкага касам ичүүсү арам.

لقول النبي صلى الله عليه وسلم:” من حلف بغير الله فقد أشرك “

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): “Ким Аллахтан башкага касам ичсе, ал ширк кылган болот”, – деген.

Ал эми, Аллахтан башка нерсеге касам ичсе, мисалы, Каабага, Пайгамбарга, уулуна, энесине же кандайдыр бир нерсеге касам ичсе, бул ант ичилип жаткан нерсени ыйыктап, улуктаган болот.

Ал эми, шариатта Аллахтан башка эч кимди ыйыктап, улуктоо жайиз эмес.

Мындай туура эмес адаттар мусулмандардын камкор, чыныгы башкаруучусу, үммөткө туура түшүнүктөрдү сиңире турган халифасынын жоктугунан кийин пайда болду. Мусулмандар мунун ширк экенин билишпей, амалдарды жасап, сөздөрдү айта башташты. Демек, үммөт бул коркунучтардан сактануу үчүн анын коркунучун аңдап-сезип, ал себептүү эмнеге түшүп калганын да түшүнүшү керек. Мунун негизги себепкери – Үммөттүн  исламий түшүнүктөрүн өзгөртүүгө жана Батыштын капиталисттик түшүнүктөрүнө ээрчишине салым кошкон, узак убакыт үммөттүн мойнуна өкүмдар болгон фасык акимдер болду. Мусулмандар алар сүйлөгөн нерсени сүйлөп, алар ант ичкен нерсе менен ант иче турган болуп калышты. Аллах мындан сактасын.

Урматтуу бир туугандар кийинки “Асыл хадис менен” берүүбүздөн жолукканча Аллахтын тынчтыгы, ырайымы жана берекеси сиздер менен болсун.

1445-х 11-зул каада.

2024-ж 19-май. 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here