Бишкектеги башаламандык жана анын кесепети

1499
0

Бишкектеги башаламандык жана анын кесепети

18-майга караган түнү Бишкекте болгон ызы-чууда жалпы 29 киши жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Пакистандын элчилиги бул окуяда 14 жараны жапа чеккенин ырастады.

Окуя боюнча президенттен тарта бир катар аткаминерлер расмий билдирүүлөрдү жасады. Ал эми, Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шериф окуяга тынчсыздануу менен көз салып жатканын Х баракчасына жарыялады. Пакистан өкмөтү ишембиде 180дей жаранын өлкөдөн чыгарып кетти жана кетүүнү каалагандар үчүн атайын рейстерди уюштурууда.

Башаламандыкка себеп болгон окуянын хронологиясына кайта турган болсок, 13-майда египеттик жарандар менен жергиликтүү төрт өспүрүм баланын арасында чыр-чатак чыккан. Жергиликтүүлөр чет элдик студенттердин артынан жатаканага барып, ал жерде да мушташ чыгып, натыйжада алар чет элдик студенттер тарабынан сабалган. Бул окуяны чагылдырган видео 17-майдан 18-майга караган түнү социалдык тармактарга жайылып, жүздөгөн жергиликтүү жаштар жатаканадагы чет элдик жарандарды массалык түрдө ур-токмокко алган.

Бул окуянын келип чыгуусуна майда бейбаштык себеп болсо да, аны өз кызыкчылыгына пайдаланууга аракет кылган күчтөр болгону талашсыз. Айрыкча, оппозициялык топтор улутчулдукту козутуучу материалдарды таркатып, окуя адамдардын өлүмү менен коштолгону тууралуу жалган маалыматтарды жайышты. Муну менен топтолгон жаштардын нааразылыгын күчөтүүнү, бийликке каршы бурууну максат кылышты.

Мунун каршысында расмий бийлик топтолгондордун туйгусун басуу үчүн кылмыш кылган жарандарды кармоону токтотуп, жаштардын талабын, тагыраагы, мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерге каршы иштер жасалып жатканын айтып актанышты.

Расмий бийлик дал ушул сыяктуу жаштардын уюшуусунан, өлкөдөгү нааразылыктар бийликке каршы бурулуп кетүүсүнөн кооптонгондуктан, тик-ток платформасынын иштөөсүнө өлкө ичинде расмий түрдө бөгөт койгон эле. Анткени, аталган социалдык тармакта маалыматтар, айрыкча видео материалдар бат жайылгандыктан, коомдук нааразылыкты, коомдук пикирди пайда кылууда негизги курал болуп бермек.

Экинчи тараптан бул окуя бийлик үчүн чоң сабак болуп калды. Анткени, буга чейин расмий бийлик ар кандай клан жана саясатчыларды күч менен сындырып келсе да, күч органдарынын позициясы калктын нааразылыгына каршы жумшак экенин байкай алды. Тагыраагы, диктатура жолундагы аракеттери натыйжа бере электигине күбө болду. Ошондуктан, президент Жапаров расмий кайрылуусунда актануу менен мындай массалык башаламандыктар кайталана турган болсо күч органдары катуу чара көрө турганын белгиледи.

Түпкүлүгүндө, калктын нааразылыгы 13-майда болуп өткөн бейбаштык окуясына гана байланыштуу эмес эле. Тагыраагы, калктын нааразылыгы өлкөдөгү капиталисттердин дагы да көбүрөөк пайдага ээ болуу үчүн чет элдик мигранттардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануусуна карата күчөп жаткан. Анткени, пайданы гана өлчөө кылып алган жумуш берүүчүлөр жергиликтүү тургундарга төлөгөн маянага эки эсе арзан жумушчуларды сырттан алып келүүгө адаттанып жатышкан эле. Мындай мамиле адамдын табиятына тескери келген капиталисттик системада табигый көрүнүшкө айланып бүткөн. 18-майда болгон окуя мына ушул адилетсиз системага карата калктагы нааразылыктын бир көрүнүшү болуп калды десек жаңылышпайбыз.

Албетте, бул окуяда бузук капиталисттик идеологиянын саркындысы болгон улутчулдук пикиринин салымы болгону да талашсыз. Анткени, колонизаторлор Халифалык мамлекетин кулатып, мусулман өлкөлөрүн майда улуттук мамлекетчелерге бөлүп таштагандан кийин ал жерлерде өз таасирин кармап туруу үчүн улутчулдук, мекенчилдик пикирлерин кеңири жайышты. Муну менен таасири астындагы улуттарды бири-бирине каршы коюп, алардын үстүнөн өкүмдарлык кылууну максат кылышты. Буга биз 1990, 2010-жылдары Орусия өкүмзордугу менен уюштурулган өлкөдөгү улут аралык жаңжалдарда күбө болгонбуз.

            Андыктан, мындай бузук иштер кайрадан кайталанбашы үчүн мусулмандар ар бир окуяга акыйдасынан келип чыгып жандашуусу шарт. Башкача айтканда, эки адамдын ортосундагы келишпестик же мушташка улутчулдук назарынан эмес, мусулман-мусулманга зыян жеткирбейт деген Ислам көз карашы негизинде жандашуусу керек.

Анткени, Ислам бул жахилияттан калган түшүнүктү четке каккан. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبِيَّةٍ»

«Ким улутчулдукка чакырса, ал бизден эмес»,

«دَعُوهَا، فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»

«Аны таштагыла, себеби ал жийиркеничтүү».

Аллах Субханаху айтат:

يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوباً وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِير

«Эй инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек (Адам) жана бир аял (Хавва)дан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң такыбааларыңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар». [49:13]

Бирок, бул мусулман өз туугандарын, жашап жаткан коомун жек көрүшү керек дегени эмес. Тескерисинче, Ислам үй-бүлөсүнө, коомуна жакшы мамиледе болууга буйруйт. Аллах Таала Ниса сүрөсүндө “Аллахтан жана туугандарыңардан мамиле үзүлүп калышынан этият болгула” деген.

Исламдагы арам кылынган улутчулдук – бул мусулмандардын бурадарлык мамилесинин ордуна курулган, өзүнүн гана жакындарын туура же туура эмес иш кылышына карабай коргогон, алардын гана жетекчи болушун каалаган түшүнүк. Мындай түшүнүктөгү адамдар бир улуттун баалуулуктарын бардык нерседен өйдө коёт. Өз улутундагылар кылмыш кылса да башка мусулмандардан артык көрүлөт.

            Андыктан, эй мусулмандар! Жахилият саркындысы болгон бул бузук пикирди таштагыла. Анын ордуна Адам (а.с)дан таркаган бардык мусулмандарды бир тууган кылып жарыялаган Ислам пикирин бекем кармангыла! Айрыкча, эки бир тууган элдин арасына жасалма чек араларды орноткон, мусулмандарды бири-бирине кас көрсөткөн бузуку капиталисттик системаны тарых таштандысына ыргыткыла! Анткени, биздин акыйдабыз Палестинадагы согушту палестиналыктардын, Пакистандагы жакырчылыкты пакистандыктардын, Кыргызстандагы көйгөйлөрдү кыргызстандыктардын гана маселеси деп карабайт! Тескерисинче, жер жүзүндөгү ар бир мусулмандын көйгөйүн үммөт маселеси катары карайт.

            Эй мусулман жетекчилер! Силер да өз улутуңарга жан үрөп билдирүүлөрдү жасагандын ордуна жалпы үммөттүн маселеси үчүн аракет кылгыла! Улутчулдук саркындыларын таштап, колонизаторлор сызып берген жасалма чек араларды бузуп таштагыла! Бул иш бул дүйнө жана акыретиңер үчүн нажат болуп калса ажеп эмес!

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here