БУУНУН ӨКҮЛҮ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ СИРИЯГА КЕЛДИ

380
0

БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлү Стефан Де Мистура Асад режими жана муътадил оппозиция ортосунда жолугушууларды жаӊыдан жандантууга үгүттөө үчүн Сирияга келди. Мистура Сириянын тышкы иштер министринин жардамчысы Микдад менен жолугушту. Анын президент Башар Асад менен да жолугушуусу күтүлүүдө. Мистуранын Сирияга сапарынан көздөлгөн негизги максат, оппозициядагы муътадил (демократияны жактоочу) партия жетекчилери менен жолугушуп мамлекетте уланып жаткан кризис боюнча талкуулашуу.

БУУнун атайын өкүлүнүн жолугушуулары беш күнгө уланат. Де Мистура БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун тарабынан июль айында Сирия үчүн атайын өкүл кылып дайындалгандан бери алгачкы жолу Сирияга кадам басты. Мистуранын Сирияга сапары Асад режимине ачык-айкын эле жардам берип келе жаткан Россия жана Иранга уюштурган сапарынан кийин ишке ашууда.

Стефан Де Мистура өткөн айдын аягында Сирия үчүн жаңы бир “планы” бар экендигин жана бул план Сириядагы согуштарды аймактык көрүнүштө “тоӊдуруп” баруу экендигин ачыктаган болчу. Мистуранын айтымында, Сирияда тынчтык орнотуу жөнүндө айтууга азырынча эртелик кылат. Ошондуктан, эң абзел чечим аймактык көрүнүштө согуштарды “тоӊдуруу” кадамдарын таштап баруу.

Асад режими БУУнун Сирия маселеси боюнча атайын өкүлүнүн сунуштарына жашыл чырак жакты. Франциянын “AFP” маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, президент Башар Асад Мистуранын “Халабды тоӊдурулган аймакка айландыруу” сунушу боюнча жолугушуу өткөрүүгө даяр экендигин билдирген.

Мистурадан мурда кудум ушул мансапты ээлеген БУУ жана араб мамлекеттери лигасынын Сирия маселелери боюнча атайын өкүлү Лахдар Брахими Женевада Сирия режими менен оппозицияны бир столго топтоодо маанилүү роль ойногон эле. А бирок, Женева 2 конференциясы тынчтык жолунда маанилүү жана катъий чечимге жетише албаган абалда аяктады. Мунун натыйжасында Брахими отставкага кетти. Брахимиден мурда бул кызматты аткара албай Кофи Аннан да бул мансаптан кетүүгө мажбур болгон эле.

Туркистон:

АКШнын Сирияда Асаддан башка ишенимдүү тобу калбады. Ал дагы кайрадан Асад режимин тикелемекчи болууда. Бирок, эми өзүнүн тике көзөмөлү астында. Мистура айтып жаткан “тоӊдуруу” механизми, эл аралык уюмдар тарабынан көзөмөлгө алынып, оболу ушул аймактарга кирип барып жаткан камсыздоо тармактары жабылат. Аймак алдан тайдырылып, ошол алсыз абалында узак мөөнөткө кармап турулат. Мусулмандарды кадыржам кылуу максатында, кабарлар таркалышы мүмкүн болгон бардык тармактар үзүп жиберилет. Жалаӊ гана өздөрүнүн маалыматтык борборлору бир тараптуу багыттап турулат.

Бул АКШнын дүйнөнү колония кылуу ыкмаларынын арасындагы эң ыпылас жана жырткычтык ыкмасы болуп, тарыхта ушул сыяктуу изоляция кылынган жерлерде, ал тургай кээ бир химиялык куралдар сыноодон өткөрүлгөн абалдар да болуп өткөн. Мындан ушул изоляция кылынган аймактын жарандарын алсыратуу көздөлөт жана бул нерсе алар тарабынан өтө жашыруун сакталат.

Ислам үммөтүнүн аларга бул операциялары үчүн мүмкүнчүлүк беришинин өзү өтө чоӊ кыянат болот. Тынчтыкты шылтоолоп бул иштерди колдой турган мусулмандар тайпасы чыгат. Билип койгула, алар куфрдун малай саясатчылары болушат. Куфр дүйнөсү Шамга аскер алып кирүүдөн коркот. Ошондуктан, исламий аскерлерди аттандырууга аракет кылышат. Ислам дүйнөсүнүн бул иштерге болгон мамилесине карай алар өздөрүнүн аскерий базаларын да регион бойлоп жайгаштырып алышы мүмкүн. Ошондуктан, АКШнын ыпылас долбоорлорунун жүрүп барышы, биз мусулмандардын мамиле жана аракеттерибизге байланыштуу. Аллах акыретте бизди ушул амалдарыбыздан эсеп-китеп кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here