ЕГИПЕТ: ХИЗБ-УТ-ТАХРИР ДИН АТЫНАН СООДАЛАШПООГО ЧАКЫРАТ

420
0

Египетте Хизб-ут-Тахрир аль-Исламия бийликтеги аль-Ихванул-Муслимийнди жана салафийлерди сынга алды. Хизб-ут-Тахрир аларды Алланын шариятына тескери иштерди кылууда айыптады жана Египеттен башталган Ислам революциясын Ислам мамлекетин тикелөө менен аягына жеткирүүгө чакырды.

Хизб таркаткан баракчаларында төмөнкүнү баса белгиленген. Үммөттү чегаралар, “светтик” конституциялар менен бөлүп таштаган жана жарандык коом деген сыяктуу түшүнүктөр менен уулаган Батыш дүйнө карашын жоготкондо гана Ислам революциясын толугу менен ишке ашырууга болот. Шариятта болсо «демократия», «светтик мамлекет», «улуттук биримдик бийлиги», «либералдуу исламий коалиция» деген терминдер жок. О.э. анда ар кандай конвенцияларды урматтоо жана аларга баш ийүү деген нерсе да жок, анда бир гана Шариятты урматтоо жана аны аткаруу бар. Анда мыйзам чыгарууну адамзатка берип койгон “элдик бийлик” деген нерсе да жок, анда кожоюндук – Шарияттыкы, бийлик жүргүзүү – Үммөткө таандык деген түшүнүктөр бар.

Хизб ут-Тахрир маалымат офисинин башчысы Шариф Зайд мындай деди:

«Мубарактын диктаторлук башкаруу доору бүттү, андан кийин шайлоолор болуп өттү. Бийликке «Ислам – чечим» ураанынын авторлору келишти. Көтөрүлгөн калк Исламды сүйгөндүктөн, аларга турмушта Исламды колдонот деп үмүт артышты. Тилекке каршы, Ислам колдонулмак түгүл, алар айтып жүргөн ураандардын бири да аткарылган жок.  Алар колдонуп жатабыз деп жаткан “ислам мубарактын “исламынан” эч бир айырмаланбайт».

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here