(Би-би-си кызматынын “Жашылдардын көктөргө чабуулу” макаласындагы маалыматтар пайдаланылды)
Самаруддиндин бейити оймо-чиймелүү жабуу менен жабылган. Анын кыюусуна түстүү боёктор менен шейиттерди мактаган аяттар жазылган.
2011-жылдын 4-апрелинде Самаруддин аттуу Афган чегара сакчысы эки АКШ аскерин атып өлтүргөн.
Ошол күнү Самаруддиндин агасы Камариддин чегарада атышуу болгону тууралуу угуп, инисине телефон чалган.
“Аябай сарсанаа болуп, Самаруддинге эмне болгонун тактайын деп чалдым. Ал биринчи эле гудокто телефонду алды. Мен андан сенин базаңда бирөө эки америкалыкты атып салганын билесиңби деп сурадым. Ал болсо, америкалыктарды мен аттым деди”.
Самаруддин качып кетпестен үйүнө кайтып барган.
Анын жээни Гулям мындай дейт:
“Мен ага сен аларды диниң үчүн өлтүрдүң, демек, сыймыктанышың керек дедим. Ошол күнү алар Куранды өрттөшкөн эле. Баарыбыз ачууланып жатканбыз”.
Атышуу болордон бир апта мурда эле Афганстандын ар кыл аймагы тынч эмес болчу. Анткени АКШда чакан чиркөө өкүлдөрү Куранды өрттөдү деген аңыздар таркап кеткен.
Бул окуяга каршы демонстрациялар болуп, айрыкча түндүктөгү Мазари Шариф шаарында тополоңго айланып кеткен. Жаалданган жергиликтүү топ Бириккен Улуттар Уюмунун имаратын соккуга алып, бир нече чет элдикти өлтүргөн.
Самаруддиндин туугандары ал ушул окуядан абдан катуу таасирленгенин айтышты.
Баары Самаруддинди шейит кетти деп билишет. “Ал өз жашоосун дини жана Куран үчүн курман кылды”, – дейт Нур Мухаммад.
Самаруддин НАТО аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
Жергиликтүү эл Самаруддинди баатыр эсептешет. Аны акыркы сапарга узатууга миңдеген адамдар келген.
“Дарыянын жээги элге жык толду. Жаназасы укмуштай болду”, – дейт Самаруддиндин абасы Насраддин.
Самаруддиндин бейити зыярат жайына айланды.
Абасынын айтымында, жергиликтүү мечитке Самаруддиндин аты берилди.
“Ал тентек болгону менен эч кимге зыян келтирчү эмес. Апасына аябай жакын болчу. Кадимки эле жаштардай достору менен ары-бери басчу”, – дейт Гулям.
Окуяны иликтеген АКШ журналисти Анна Батдкин Самаруддин иштеген чегара полициясындагы анын кесиптештеринин реакциясына таң калган.
“Мен ал иштеген бөлүккө бардым. Бөлүктөгүлөрдүн баары аны “гозий” же баатыр дешти. Ушундан улам Афган коопсуздук күчтөрүнүн активдүү мүчөлөрү да аны “баатыр” кылып алышкан”.
Мындай көз караш, чынында аймактагы Батыш куралдуу күчтөрүнө олуттуу кыйынчылыктарды жаратат дейт Батдкин.
Самаруддиндин апасы баласын полицияга кошулуудан оолак кармоого аракет кылганын айтты.
“Мен ага бул ишти таштабасаң, чегара полиция постуна барып, өзүмдү-өзүм өлтүрөм деп айткам”.
Ушундай соккунун курмандыгы болгон АКШ аскерлерин эскерүү үчүн Германияда атайын иш-чара өткөрүлгөн.
Аскерлердин командири Полковник Жон О’Грейди:
“Эмнеге, кантип мындай окуя болуп кетти деген суроолор дале жоопсуз. Балким биротоло жоопсуз бойдон калат. Буга ылайык жооп табыларына да ишенбейм”, – деди