Жапаров электр энергиясы кымбаттай турганын кыйытты

3607
0

Жапаров электр энергиясы кымбаттай турганын кыйытты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров электр энергиясынын тарифине өзгөртүү киргизүү зарыл экенин билдирди.

“Биз капитализм куруп атабыз. Мындан ары байлар байлардай төлөйт. Буларга тарифти салыштырмалуу тездик менен көтөрүш керек. Тоолуу жерлерге өзүнчө тариф кала берет. Бирок этап-этабы менен энергетика өздүк наркына, рентабелдүүлүккө чыкмайынча, бизге инвестор келбейт. Колунда жокторго жардам берүүгө даярбыз. Акчабыз бар. 112 миң үй-бүлөгө тарифти 50 тыйын кылдык. Ушундай муктаж болгон 200 миңдин тегерегинде үй-бүлө бар. Тарифти аларга ылдыйлатпасак да, субсидия бергенге даярбыз. Калган 1 млн 200 миң үй-бүлө кичинеден ушул тарифке көнө башташы керек”, – деди Жапаров

Буга чейин Энергетика министри Таалайбек Ибраев 21-июлда Кыргызстанда электр энергиясынын баасы инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын көтөрүлүп турарын жарыялаган.

Кыргызстанда электр энергиясынын баасы быйыл 1-майдан тарта 23 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом болду. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөйт.

         Ал эми, энергетика тармагын каржылоого соңку алты айда 11,3 миллиард сом бөлүндү. “Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, өлкөдөгү энергокомпаниялардын 1 млн. 524 миңден ашуун абоненти бар. Анын 1,4 миллиону катардагы калк болсо, калганы өндүрүштүк, бюджеттик жана башка категориядагы керектөөчүлөр.

         Буга чейин энергетика тармагына чет өлкөлүк кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 миллиард долларга жакын каражат салынган. А бирок бул тармак терең тамыр жайган коррупция, бөлүштүрүүчү менчик компаниялардын талап-тоноосу натыйжасында бүгүнкү күнгө чейин кризистен чыга албай келет. Расмий өкмөт электр энергиясынын өздүк баасы өзүн актабай жатканын айтып келет. А бирок, электр энергиясы керектөөчүлөргө жетип келгенге чейин бөлүштүрүүчү компаниялар абадан акча жасашат.         Мындан тышкары, мамлекеттик ишканалар “табигый жоготуулар” шылтоосу менен уруп калышат. Бир кезде мындай жоготуулар 50%га чейин чыккан. Учурда бул көрсөткүч 22% тегерегинде экени айтылууда. Бул болсо 3 миллиард кВт саатка барабар. Башкача айтканда, мамлекетте таңкыс болуп жаткан 3 миллиард кВт/саат электр энергиясы бөлүштүрүүчү компаниялардын элдин үстүнөн тапкан кирешеси болууда. Белгилүү болгондой, ушул бөлүштүрүүчү компаниялардын көпчүлүгү бир кезде трансформаторлорду жана электр энергиясын узатуучу линияларды арзан баада менчиктештирип алышкан, алар энергетика тармагындагы учурдагы жана мурдагы чиновниктерге тиешелүү.

         Мындан тышкары, электр энергиясы айрым капиталисттер үчүн текейден арзан баага берилүүдө. Маселен, “МБТ Строй” компаниясы “Камбар-Ата-2” ГЭСине 1,5 млрд. сом салып, аны электр энергиясы менен кайтарып алат. Бул компанияга электр энергиясы бир МВт үчүн 50-60 тыйынга бааланууда.

         Расмий өкмөт энергетика тармагында ушул жана башка коррупциялык схемалар иштеп жатканына карабай, тармакка кайра-кайра карыз алууну токтотпой келет. Ал эми, карыз берген Дүйнөлүк банк сыяктуу каржы уюмдары калк үчүн тарифти кымбаттатууну талап кылат. Маселен, жогорудагы тариф саясаты тармакты “реформалоо” аты менен Дүйнөлүк банктын сунушу алкагында жүргүзүлүүдө. Банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде мындай деген: “Дүйнөлүк банк чыгымдарды жабуу үчүн ташталган кадам болгону себептүү муну колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”.

         Жогорудагылардан маалым болгондой, Кыргызстан калкы тарифтин көтөрүлүшү аркылуу зулумдук чегип жатканы жетпегендей, бийлик менен ымала түзгөн капиталисттик компаниялар элдин мүлкү болгон электр энергиясын текейден арзан тариф менен колдонууда. Демек, бүгүнкү Кыргызстандагы энергетикалык кризис жетишсиздиктен эмес, пайдага негизделген капиталисттик эл аралык системага байланганы үчүн пайда болууда.

        Мунун каршысында, Исламий шарият электр энергиясын умумий (жалпы) мүлктүн катарына кошкон. Ага мамлекет да, менчик компаниялар да ээлик кылышы мүмкүн эмес. Ибн Аббас риваят кылышынча, Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан:

اَلْمُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِى ثَلاَثٍ فِى الْمَاءِ وَالْكَلَإِ وَالنَّارِ

“Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик”. Бул хадисти Анас да ибн Аббастан риваят кылып, “анын акчасы арам” деген сөздү кошкон. Демек, умумий мүлктүн пайдасы же андан алынуучу киреше ар бир жаранга жетип барышын камсыздоо мамлекеттин мойнундагы милдет. Андыктан, зулумдуктун булагы болгон капиталисттик системаны уратып, ордуна шарий мамлекетти тикелөөгө, шариатты турмушка ашырууга аракет кылышыбыз шарт! Ошондо гана кара булут сыяктуу айланган зулумдуктардан кутула алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here