Россия Өзбекстанда бир нече мектеп курууга даяр
Россия Өзбекстанда орус тилинде жана Россиянын программалары негизинде билим бере турган бир нече мектеп курууга даяр. Бул тууралуу Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Москвада уюштурулган Өзбекстан менен Россиянын өкмөт башчылары деңгээлиндеги биргелешкен комиссиянын жыйынында билдирди.
“Ушундай көрүнүштө, окуучулар орус маданияты жана салттары менен жакшыраак тааныша алат. Сиз тараптан кызыгуу билдирилсе, бул жааттагы сунушту карап чыгабыз”, – деди Россиянын өкмөт башчысы.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов “Орус тилинде билим бере турган мектептерди куруу сунушун ыраазылык менен кабыл алабыз” деп, Россиянын сунушун кабыл аларын билдирди. Ариповдун айтымында, “Класс” долбоорунун алкагында Өзбекстандагы орус тилинде билим бере турган мектептер үчүн мугалимдерди көбөйтүү зарыл.
О.э. Россия Кыргызстанда да жалпы баасы 500 млн доллар болгон тогуз мектептин курулушун каржылап жатат. Эки өлкөнүн президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров 1-сентябрда мектептердин курулушуна старт берген.
Комментарий: Колонизатор мамлекеттерге башка калктарды моюн сундуруу үчун эң ийгиликтүү жолдордун бири – ошол калктын аң-сезимине өз сакафатын сиңирүү. Бул болсо, таалим-тарбия системасын колго алуу менен ишке ашат. Ошондуктан, колонизатор мамлекеттер “үчүнчү дүйнө” деп аталган мамлекеттердин билим берүү системасын көз каранды кылып алуу үчүн миллиондогон каражаттарды бөлүп жатканына жана мектептерди куруп жатканына күбө болуп жатабыз. Себеби, билим берүү аркылуу адамдын түшүнүктөрү жана дүйнө карашы калыптандырылат.
Колонизатор мамлекет бир мамлекеттин билим берүү системасын каржылаган соң, демек билим берүү программасын да, албетте өзүнүн сакафатынан келип чыгып түзүп берет жана өсүп келе жаткан жаш муунга кайсы предметтен кандай сабак берүү жол-жобосун да ал тартиптештирет. Ал тургай мугалимдерди да өзү жөнөтөт.
Ушундай болгон соң, Россиядан Өзбекстанга келе турган мугалимдер орус сакафатын, рус маданиятын жана дүйнө карашын алып келишип, өсүп келе жаткан жаш муунду ушул негизде тарбиялайт. Себеби, алардын негизги максаты жаш муунга өздөрүнүн сакафатын сиңирүү аркылуу келечекте өз сакафаты менен сугарылган кадрларды өстүрүп чыгаруу. Бул нерсе Мишустиндин “Ушундай көрүнүштө, окуучулар орус маданияты жана салттары менен жакшыраак тааныша алат” деген сөздөрүнөн да көрүнүп турат. Керек болсо алар – акчасын төлөп койгондон кийин – бул тармактын майда-чүйдөсүнө чейин киришип, окуучулар кандай кийиниши керектигине чейин аралашат. Ошондуктан, билим берүү системасын көзөмөлдөө сакафий колония кылуунун эң ыңгайлуу жана ишенимдүү жолу деп айтууга болот.
Белгилүү болгондой, Россия Борбор Азия республикалары үстүндөгү саясий жана экономикалык таасирин жоготуп бара жатат. Ушундай болушуна карабастан, Россия Өзбекстанда эле эмес, бүтүндөй аймакта орус тили жана орус сакафатын сактап калуу о.э. орус маданияты жана орус дүйнөсүнүн позициясын бекедөө орус мектептерин курууга олуттуу аракет кылууда. Себеби, анын табигый ресурстарга бай өлкөнү жөн эле берип коюу ниети жок.
Бүгүнкү күндө Орто Азияда эле эмес, бардык Ислам дүйнөдөгү билим берүү системасын түптөн өзгөртүү зарыл болуп калды. Ал үчүн Исламий билим берүү системасын киргизүүдөн башка чара жок. Анткени, Исламдын үммөт перзенттерин тарбиялоодо, жаш муундун аң-сезимин ачууда жана жаштарды билимдүү кылууда өз жолу бар. Инша Аллах, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети тикеленери менен биринчи даражалуу Исламий билим берүү системасын шаръий өкүмдөргө ылайык колдонот. Халифалык мамлекети өзүнүн мындай исламий билим берүү системасы аркылуу дүйнөдөгү илим-билимдин борбору болгон өз ордун кайрадан калыбына келтирет. Натыйжада, изилдөө, жаңылык жаратуу жана илимий ачылыштарда алтын маданият пайда болот. Тыянактап айтсак, бүгүнкү күндө куфр сакафатынын таасирине түшүп калган билим берүү системасын тазалап, түпкү негизине кайтаруунун бирден-бир жолу Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу.
Абдурахман Адилов