Бахчели: Европа Союзу бизден алыс турсун
Түркияда Улуттук кыймыл партиясынын (МНР) жетекчиси Девлет Бахчели Түркиянын Европа Союзуна мүчөлүк талабы токтотулушу керектигин айтып чыкты. Бахчели бул тууралуу партиянын борбордук аткаруу кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Түркиянын Европа Союзуна мүчө болуу темасы жабылып, таптакыр кайрадан ачылбашы керек.
Түркия бир чечимге келүүнүн алдында турганын белгилеген Бахчели жалпысынан төмөнкү сөздөрдү айтты: “Өздөрүнчө, бизди жубатуу аркылуу алардын айланасында чарк айланып жүрүшүбүздү каалап жатышат. Ырасында Европа Союзу бизди каалабай жаткан соң жана “көзүңдүн үстүндө кашың бар экен” дегендей шылтоолору түгөнбөй жаткан соң, биз да аларды каалабай турганыбыз жөнүндөгү партиябыздын пикирин сүйүктүү калкыбызга жеткирип коймокчубуз. Европа Союзунун ыпылас, кинээге толгон сүйлөшүүлөр китебин кайрадан ачылбай турган кылып жаап салышыбыз керек. Биз үчүн Европа Союзу бүттү. Биз Европа Союзу менен төрөлгөн эмеспиз, Европа Союзу болбосо деле өлүп калбайбыз. Бардыгыбыз эле Европа Союзуна байланыштуу эмес жана Европа Союзу болбосо деле жолдо калбайбыз. Европа Союзу жолунда 60 жылды сая кетирдик, дагы 60 жылды сая кетирүү ниетибиз жок, ар кимдин оозун карап отурбайбыз. Өлкөбүздү теңсинбеген, улуттук намысыбызга тил тийгизе турган союздун ичинде – алар каалашса да – боло албайбыз. Дүйнө Европа Союзунан эле турбайт. Түркия өзүнүн тарыхий эстеликтери, цивилизациясы, теңдешсиз маданий байлыгы, боордоштук жана жакшы кошуначылыгы менен айланасында досторду пайда кылууга кудуреттүү. Түрк Мамлекеттери Уюму тарых жана географияны бириктирүүдө. Түрк жана Ислам коомдору Африка жана Балкандагы мамлекеттерди камтыган абалда жаңы дүйнөнүн жол картасын сыза алат. Европа Союзу ишин кылсын. Алдоосуна ишенип, артынан жүрө турган жаңы итааткөй мамлекеттерди тапсын да, бизден таптакыр алыс турсун”.
Комментарий: Девлет Бахчелинин ушул билдирүүсү мындан эки күн мурда Европа Союзу тууралуу оюн билдирген Эрдогандын билдирүүсүнөн жаңырды. Эрдоган АКШга жөнөп жатып уюштурган маалымат жыйынында Европа Союзунун Түркия жөнүндөгү отчётуна токтолуп: “Европа Союзу өзүн Түркиядан алыс кармоого аракет кылууда. Биз да бул маселеге мамилебизди билдиребиз, керек болсо, Европа Союзу менен жолубузду ажыратабыз”, – деген эле. Буга Европа Союзунун “Түркияны союзга толук кандуу мүчө кылуунун ордуна аны менен стратегиялык өнөктөштүктү сунуштаган” отчёту себеп болду.
Чындыгында Түркия биримдикке мүчө болуу үчүн Европанын Исламдан алыстоону жана европача жашоону көздөгөн бир нече талаптарын эч бир экиленбестен кабыл алды. Ал тургай, наалаты Мустафа Кемел доорунда да жокко чыгарылбаган, зынага тыюу салган мыйзам беренеси Европанын талабы менен Эрдоган доорунда жокко чыгарылды.
60 жыл кордуктан кийин, эми бүгүнкү күнгө келип Түркиянын Европа Союзуна мүчө болушу мамлекет үчүн жападан-жалгыз вариант эместиги, тескерисинче Түрк Мамлекеттери Уюму сыяктуу башка альтернативалык варианттар да бар экендигине ишара кылуу менен Европа Союзуна эскертме жолдонууда.
Бирок унутпашыбыз керек болгон нерсе, мусулман Түркия калкын бакубат жашоого алып чыгуу үчүн – Түрк Мамлекеттери Уюму да, Европа Союзуна мүчө болуу да жана буга чейин Эрдоган сунуштаган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуу да эч качан чечим боло албайт. Мунун бирден-бир чечими – Халифалык мамлекетин тикелөө. Халифалык мамлекети гана Түркия калкынын эле эмес, бардык мусулмандардын келечеги үчүн, ал тургай бүтүндөй адамзаттын келечеги үчүн чыныгы чечим болуп эсептелет. Анткени, бүтүндөй адамзатка бактылуу жашоо тартуулоого кудуреттүү болгон мамлекет – бул Халифалык мамлекети.
Зохид Заргар