Мубарек Шам козголоңу нусрат жана үстөмдүк баскычына жакындашууда

1517
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мубарек Шам козголоңу нусрат жана үстөмдүк баскычына жакындашууда

 Устаз Ахмад Муаз

Оор кырдаалда калган адамдар майнаптуу чараларды көрүшү үчүн жакын же алыс келечекти билиши, же ал жөнүндө түшүнүккө ээ болушу керек. Муну Куръани Каримде айтылган Муса алайхиссалам менен салих бир пенденин ортосундагы маектен билебиз:

﴿وَكَيْفَ تَصْبِرُ عَلَى مَا لَمْ تُحِطْ بِهِ خُبْراً﴾

«Өзүң ээлеп албаган – кабардар болбогон нерсеге кантип сабыр кыласың?!»           [18:68]

Калктар жана умматтар да ушундай. Алар жетекчилер анык кабарларды жеткиришине жана максаттарды түшүндүрүп беришине муктаж. Антпесе, алар максатты түшүнүп жетишпесе, башына түшө турган нерселерге кантип сабыр кылышы мүмкүн?! Кантип кыйынчылыктарды көтөрүшү жана курмандыктарды бериши мүмкүн?!

Мубарек Шам козголоңу чынчыл саясий жетекчиликти ээрчибегени үчүн ушул этаптарда чоккуларга кабылып, көптөгөн тузак жана фитналарга учурады. Бул болсо, анын жетишкендиктерин текке кетирип, ийгиликсиздикке туш кылды. Козголоңчулар жана аларды колдоп-кубаттаган эл Сириянын түндүк-батыш бөлүгүндө ири камак лагери сыяктуу жайда курчоодо калышты. Булардын бардыгы белгилүү бир долбоорго жана туура жолго ээ болгон, туура жолдо адашпай кадам таштай турган, козголоңду акыл менен башкара турган жетекчиликтин жоктугунан болду. Анткени, козголоң акыл менен башкарылганда гана душмандын тузагына түшпөстөн, өз максатына жетет.

Хизб-ут-Тахрир козголоңчуларга насаат кылууда жана кеңеш берүүдө күчүн аябаган болсо да, Хизб мүчөлөрү тил бириктирүүчүлөрдүн фитнасын кыйратуу жана козголоңдун аракети артка кетишине жол бербөө үчүн колдорунан келгенче аракет кылган болушса да, бирок, калк жетекчилигин колго алган согушкер топтордун башчылары буга кулак салышпады. О.э. Хизбдин козголоңдун багытын өзгөртүү үчүн мамлекеттер тарабынан жасалган айла-амалдар туурасындагы катуу эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан жок. Тескерисинче, алар кан жана курмандыктар эсебинен өзүнүн жеке кызыкчылыктарына жетүүгө аракет кылып, өздөрүн да, козголоңду да мамлекеттерге жана алардын разведкаларына бүтүндөй көз каранды кылып баткакка батырышты. Натыйжада, алар мамлекеттер эмнени буюрса аткара турган кулдарына айланып, ал тургай, кулдуктан чыгуу кыйын даражага жетти, кыймыл-аракети «мугалимдин» буйруктарына көз каранды болуп калды.

Бүгүнкү күндө коозголоңдун эрк-чечимин көзөмөлдөп жаткандар өздөрүнүн тар пикири себептүү, бийлик, аброй жана акчанын артынан ээрчигендиктен козголоңчуларга балээден башка нерсени алып келген жок. Түпкүлүгүндө, согушкер топтор диктатор Сирия режимин кулатууда калкка жардам берүү үчүн түзүлгөнүн унутушту. Акыйкатта болсо, бул режим Шам калкына каршы эң чоң кылмыштарды жасап, аларга кыянаттык кылды, аларды өлтүрүү, малай илманий режимди сактап калуу үчүн кошуун жана куралдуу топторду тартты… Элибиз анын бийликте турганынын төлөмүн өзүнүн каны жана перзенттери менен  төлөп жатат. Бирок, режимди кулатуу үчүн түзүлгөн топтор болсо, донорлордун колдоп-кубаттоосуна жетишүү жана алар менен алака кылуу баткагына малынышты. Канкор режимди кулатууда, калкыбыздын эркин жана кадыр-кыйматын кайра тикелөөдө алдыңкылардан болуунун ордуна, турмуштун бардык тармактарында өз өкүмүн өткөрө турган, турмуш иштеринде катуу зулум кыла турган болуп калышты. Алар муну менен элди кылмышкер режимдин кучагына кайтууну кабыл алууга мажбурлашмакчы.

Бул зулум жана зомбулуктар адамдарга кеңири көлөмдүү өзгөрүүлөрдү жасоого үндөшү зарыл. Албетте, ушул өзгөрүү аркылуу тил бириктирген мамлекеттер тарабынан Шамда тургузулган, козголоң жана жихад маскасы астында адамдардын азап-кыйынчылыктарынан күн көрүп жаткан малай жетекчилер кулатылат.

Шам козголоңу жараянын, анын бир баскычтан экинчи баскычка өтүп жатканын күзөтүп жаткан киши бул баскычтын өтө олуттуулугун толук түшүнүп жетет. Адамдар пикирлөө баскычынан иш кандай болушу, козголоңду жамынып алып, аны күчсүз режим менен нормалдашуу жана жарашуудан турган кыйроого тартып жаткан козголоң душмандары менен кандай күрөшүү баскычына өтүштү. Туурасы, өзгөрүү амалиятын аягына чыгарууга жана режимди кулатууга жол бербей жаткан жалгыз тоскоолдук согушкер топтордун жетекчилери экендиги туурасында коомдук пикир калыптанат.

Чет мамлекеттер менен мамиле кылган топтордун жетекчилери режимди кулатуу максатынан баш тартышты. Ал тургай, анын кулатылышын кооптуу деп билип калышты. Ушул себептен улам, калкка кылган кыянаттары үчүн катуу эсеп-китеп кылынышат. Акыйкатта болсо, режимден коргошу үчүн алардын түзүлүшүнө мыйзамдуулук түсүн берген ушул калк эле. Муну менен топ жетекчилери режимдин чегараларын коргоп калышты. О.э. качкындар лагерлеринде жана Сириянын түндүк-батыш бөлүгүндө ири камак лагери көрүнүшүндөгү жайларда жашоо өтө оор болгон соң, абалды өзгөртүүгө алып бара турган ар кандай чыныгы аракетке каршы турушууда. Бул топтордун жетекчилери кийинки баскыч туурасында эч кандай түшүнүккө ээ эмес. Түркия жана анын артындагы Америка жетектеген мамлекеттер көргөн нерсени көрүшөт. Негизи, Америка өз каалоосун ачык айтып, араб жетекчилерине өздөрүнүн каргаша саммиттеринде тогут Башарды күтүп алууну буюрду, түрк режимин да Сириянын кылмышкер режими менен жарашууга үндөдү. Түркия иш жүзүндө ушул багыт боюнча бара жатат. Ошол эле убакта, топтордун жетекчилери азат кылынган аймактардагы элибизди дагы эле алдоого урунуп, түрк режими Асад менен жарашууну ачык айтып жатканына карабастан, аны союздаш деп жарыялашууда. Мунун жалгыз себеби – пикирлөө жараянынын катып калгандыгы, алсыздык о.э. чөгүп бара жаткан кемени куткара турган туура чечимди кабыл алуудан коркуу.

Ал эми, бүгүнкү тездешип бара жаткан окуялар алдында, топтор кылмышкер Асад режимине каршы согушуудан баш тартып, ар кандай кадырлуу, хур жана саясий аң-сезимдүү кишилерди куугунтуктап, бул нерсе козголоң жана козголоңчулар үчүн үлкөн кооп-коркунучтардан кабар берип жатканда биз батыл үстүнө курулган нерсе да батыл экенине өзгөчө маани берүүбүз керек. Анткени, оболу Аллахка, андан кийин өздөрүнө таянып келген козголоңчу күчтөрдү Фарс булуңу жана Түркия сыяктуу чет мамлекеттерге таяндырып коюу козголоң үчүн үлкөн стратегиялык жаңылыштык болду. Себеби, бул нерсе козголоңду ушул мамлекеттерге туткун кылып койду. Эгер, биз бул катаны оңдоп, Аллахка кайтып, Ага тобокел кылып, Анын арканын кайра бекем кармабасак, козголоңубуздун максатын жүзөгө чыгарууга, душмандарыбыздын зомбулугунан кутулууга жана жолубузду ар дайым күзөтүп-оңдоп турууга таптакыр жетише албайбыз. Чет мамлекеттерге байланган саясатчылардын кылмышкер Сирия режимин кулатуу туурасындагы жалындуу айтылган ураандарына келсек, булардын сокур тыйынчалык кыйматы жок болуп, алар көз боёмочулук жана жалгандан башка нерсе эмес.

Түрк режими Асад режимин кулатуу максатын унутту. Ушуга ылайык, ага байланган топтор анын жолун ээрчип жатышат. Негизи, бул, канкордун кучагына алып баруучу жол болуп, эбак эле калыс адамдарга ачык-айкын болгон. Ушул себептен улам, бул калыс адамдар өз эрк-чечимдерин кайтарып алууга жана Аллахтан жардам сурап, козголоңду өз максатына жеткирүү үчүн бардык тармактарда тартип менен кадам таштоого аракетти баштоо керек. Бул болсо аң-сезимдүү калыс саясий жетекчиликке ээрчүү менен ишке ашат. Анткени, бул жетекчилик чет мамлекеттер менен да, эл аралык уюмдар менен да байланышпайт. Пикирлөөдө да, туйгуда да, акыйдада да жалгыз Аллахка байланып, Аллахка тобокел кылып, канкор режимди кулатуу жана Ислам түзүмүн жашоого кайтаруу үчүн болгон күчү менен иш алып барууда. Негизи, Аллах Шам жана анын калкын таптакыр текке кетирбейт. Себеби, Өзү кепил болгон. Биз алдыда Аллахтын нусраты келе жатканын, Аллах Өз динин үстөм кылуу жөнүндөгү убадасынын жүзөгө чыгышына көз ирмемчелик, ал тургай, андан да аз убакыт калганы туурасында ыйман калкы болгон Шам калкына кушкабар берип жатканын көрүп турабыз. Демек, аракет кылуучулар мына ушундай бакыт үчүн аракет кылып калышсын.

 Роя гезити, №452, 2023-жыл, 19-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here