Кытай менен 3 млрд долларлык келишим түзүлдү

1695
3

Кытай менен 3 млрд долларлык келишим түзүлдү

         Кыргызстан Кытайдын компаниялары менен Нарын дарыясына Казарман ГЭСтер каскадын куруу меморандумуна жана инвестициялык келишимге кол койду.

         Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, бир жыл ичинде техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып, курулуш иштери башталат. “Энергетика министри Таалай Ибраев наркы 2,4-3 млрд долларлык төрт ГЭСти куруу келишимин макулдашты. Бүгүн келишимди расмий тапшырабыз. Бул кубаттуулугу 1200 МВттык ири долбоор. Бир жылда техникалык-экономикалык негиздеме бүтөт”, – деди Жапаров.

         Долбоор 2024-жылы башталып, 2030-жылы ишке берилет. Каскад төрт гидроэлектростанциядан турат. Алар: Ала-Бука ГЭСи (600 МВт), Кара-Булуң-1 ГЭСи (149 МВт), Кара-Булуң-2 (163 МВт) жана Тогуз-Торо ГЭСи (248 МВт). Министрлер кабинети келишимдин шарттарын азырынча ачык айткан жок.

         Буга чейин президент Садыр Жапаров энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жарлыгына кол койгон. Бул жарлык дал ушул сыяктуу инвестициялык долбоорлорду ыкчам ишке ашыруу үчүн кабыл алынганы айтылууда.

         Белгилүү болгондой, Орусиянын аймактагы таасири алсырагандан улам, Кытай экономикалык, саясий жана сакофий таасирин бекемдеп барууда. Маселен, сакофий жактан Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кытай менен биргелешип сериал тартуу боюнча келишимге кол койгон. Бул долбоорго Кытай тарабынан 63 миллион доллар бөлүнүп, 25 миллионго жана 38 миллионго эки сериал тартылмакчы. Ага чейин кытайлык окумуштуулар Кыргызстандын тарыхын үйрөнүү үчүн өлкөгө келген эле. Маалым болгондой, тарых, адабият, анын ичинде, кино –сакофий курал болуп, бүгүнкү күндө колонизатор кафирлер мусулмандардын зээнине өз сакофаты  жана дүйнөкарашын көбүнчө телесериалдар аркылуу сиңирүүдө.

         Саясий жактан Кыргызстан бийлиги Батыштын басымдарынан качып, айрым жагдайларда Орусия этегине жамынып жатса да, негизинен Кытай багытын карманууда. Орусия болсо Кытай менен болгон кызыкчылыктары себептүү, аймактагы айрым кызыкчылыктарынан Кытайдын пайдасына баш тартууда. Маселен, саясий партияларды түзүү макулдашуусу артында, биздин өлкөлөрдө кытайчыл партиялар түзүлүп, алардын бийлик үчүн ат салышуусуна жол ачылып барууда.

         Экономикалык жактан Кытай менен болгон тыгыз алаканы статистикалык маалыматтар да күбөлөп турат. Маселен, Кыргызстандын 2022-жылдагы тышкы соодасы 11,8 миллиард долларды түздү. Тышкы соодада 2022-жылы Кытай биринчи орунга чыгып соода алака 4,1 млрд долларга жетти. Ал эми, Кытайдын статистикасында Кыргызстанга мындан 4 эсе көп товар киргизилгени белгиленген. Кыргызстанды Кытайга байлаган дагы бир фактор мамлекеттин тышкы карызы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 жарым млрд долларды түзсө, анын 2млрд долларга жакыны Кытайга тиешелүү. О.э грант берүү жагынан да Кытай биринчи орунга чыкты жана Кыргызстанга салынган түз инвестициянын 33%ы Кытайга тиешелүү.

         Буга кошумча, Кытай коопсуздук жана коргонуу жаатында кызматташтык астында аскерий таасирин да күчөтүп жатат. Мында экстремизм, терроризм, сепаратизмге каршы күрөшүү шылтоо кылынууда. Белгилүү болгондой, кудайсыз кытай өкмөтү намаз окууну, орозо кармоону, эркектердин сакалы менен аялдардын хижабын да терроризм жана экстремизмдин белгиси деп эсептейт. Кыргыз өкмөтү менен боло турган кызматташтыкта да, ошол исламий баалуулуктар жайылышынын алдын алууну о.э. Кытайга каршы маанай жаратууда негизги орунду ээлеген исламий жамааттарга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылары анык. Булар экстремизм жана сепаратизм шылтоолору астында алып барылат.

         Түпкүлүгүндө, Кытайдын аймактагы таасири артышы мусулмандардын кызыкчылыгына каршы келерин унутпашыбыз керек. Айрым инфраструктураны жакшырткан долбоорлорго алданбашыбыз зарыл. Анткени, бул долбоорлор Кытайга көз карандылыгыбызды дагы да күчөтөт. Буга кошумча, Кытайдан алынган кредиттер кайра эле өз компанияларына жумшалат. Бишкек ЖЭБин оңдогон, жол курган компаниялар буга ачык мисал.

        Кыргыз өкмөтүнүн Орусия чеңгелинен кутулуу жолунда Кытай тарапка жүздөнүшү бул “жамгырдан качып, добулга тутулуу” сыяктуу иш болуп эсептелет. Бул нерсе мамлекеттин келечеги жана мусулман калктын  ыйман-ишеними үчүн олуттуу коркунуч. Бирок, расмий өкмөт Кытай бере турган грант жана карыздардын акысына кытайлык компанияларга мамлекеттин эшиктерин кеңири ачып берүүдө. Азыр Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубуздун башына түшүп жаткан зулумдар көпчүлүк үчүн жомок сыяктуу сезилүүдө. Турмуш чындыгында Кытайдын баскынчылыгы активдүү түрдө кирип келе жатат.

        Андыктанбиз мусулмандар кудайсыз Кытайдын  аймакка кирип келүүсүнө каршы туруп, коомдук пикирди пайда кылууга аракет кылышыбыз зарыл. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон үммөттүн кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге жана динсиз Кытайдын аймактагы баскынчылык саясатына каршы турушубуз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

3 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here