Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары

594
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

Адамдардын саламаттыгын сактоо – адамдарды дарылоо иш-чаралары

Бирок дарыланууну арамдан истисна кылат, нажасат жана арам нерселер менен дарылануу арам эмес:

Ал эми арам нерселер менен дарылануу арам эместигине далил  Анас розияллоху анхудан Муслим риваят кылган хадис:

رخص رسول الله صلى الله عليه وسلم – أو رخص – للزبير بن العوام، وعبد الرحمن بن عوف في لبس الحرير لحكة كانت بهما

Расулуллах с.а.в. Зубайр ибн ал-Аввам жана Абдуррахман ибн Авфга денеси кычышкан оорусу себептүү жибек кийүүгө уруксат берген же уруксат берилген. Жибек кийүү эркектерге арам, бирок дарылануу үчүн жаиз болду. О.э. Нисаий, Абу Давуд жана Термизилер риваят кылган хадис да бар, текст Нисаиники:

حَدَّثَنَا عَبْدُ الرَّحْمَنِ بْنُ طَرَفَةَ، عَنْ جَدِّهِ، عَرْفَجَةَ بْنِ أَسْعَدَ أَنَّهُ أُصِيبَ أَنْفُهُ يَوْمَ الْكُلاَبِ فِي الْجَاهِلِيَّةِ فَاتَّخَذَ أَنْفًا مِنْ وَرِقٍ فَأَنْتَنَ عَلَيْهِ فَأَمَرَهُ النَّبِيُّ صلى الله عليه وسلم أَنْ يَتَّخِذَ أَنْفًا مِنْ ذَهَبٍ

“Абдуррахман ибн Тарафа бизге чоң атасы Арфажа ибн Асаддын риваятына ылайык, анын мурду Исламдан мурдагы доордо Иттер күнүндө жараат алганда күмүштөн мурун жасаткан. Андан соң ал жер жыттанып кеткен. Ошондуктан Расулуллах саллаллоху алайхи ва саллам ага мурдун алтындан жасатууга буюрду”. Алтын эркектерге арам, бирок дарылануу үчүн жаиз болду.

Ал эми нажасат менен дарылануу арам эместигине далил Анас розияллоху анхудан Бухарий риваят кылган хадис:

أنَّ نَاسًا اجْتَوَوْا في المَدِينَةِ، فأمَرَهُمُ النبيُّ صَلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ أنْ يَلْحَقُوا برَاعِيهِ – يَعْنِي الإبِلَ – فَيَشْرَبُوا مِن ألْبَانِهَا وأَبْوَالِهَا، فَلَحِقُوا برَاعِيهِ، فَشَرِبُوا مِن ألْبَانِهَا وأَبْوَالِهَا…

“Адамдар Мединага келип, кыйналышканда, Пайгамбар с.а.в. аларды өз малчысына т.а. төөлөргө барууга, алардын сүтүнөн жана сийдиктеринен ичүүгө буюрду. Ошондо алар малчыга барышты. Төөлөрдүн сүтүнөн, сийдигинен ичишти” … اجتووا(кыйналганда) дегендин мааниси, аларга ал жердеги тамактар туура келбеди, ошол себептен ооруп калышты. Ошондо Расулуллах с.а.в “сийдик” менен дарыланууга уруксат берди, негизи, сийдик нажас болчу. Абу Хурайра розияллоху анхудан Бухарий риваят кылган хадисте мындай келет:

 قَامَ أعْرَابِيٌّ فَبَالَ في المَسْجِدِ، فَتَنَاوَلَهُ النَّاسُ، فَقالَ لهمُ النبيُّ صَلَّى اللهُ عليه وسلَّمَ: دَعُوهُ وهَرِيقُوا علَى بَوْلِهِ سَجْلًا مِن مَاءٍ، أوْ ذَنُوبًا مِن مَاءٍ، فإنَّما بُعِثْتُمْ مُيَسِّرِينَ، ولَمْ تُبْعَثُوا مُعَسِّرِينَ

“Бир бадавий ордунан туруп мечитте сийип жиберди, адамдар аны жазаламакчы болушту, Пайгамбарыбыз с.а.в. аларга: Аны коё бергиле (т.а. ишин бүтүрүп алсын), сийген жерине бир чака суу куйгула же артынан суу куюп жибергиле. Силер жеңилдетүүчү (жардам берүүчү) катары жиберилгенсиңер жана силер катуулаштыруучу (оордоштуруучу) катары жиберилген эмессиңер, – деди”. Хадистеги سجلا و ذنوبا сөзү суу толтурулган чаканы түшүндүрөт.

Ошондуктан, арам жана нажасат нерсе менен дарылануу арам эмес, бирок макрух. Мындай деп айтышыбыздын себеби, дарыланууда аракты пайдалануудан кайтарган риваят бар. Ибну Мажжа Торик ибн Сувайд ал Хазрамийден риваят кылат:

 يا رسولَ اللَّهِ إنَّ بأرضِنا أعنابًا نعتصِرُها فنَشربُ منْها قالَ لاَ , فراجعتُهُ قلتُ إنَّا نستشفي بِهِ للمريضِ قالَ إنَّ ذلِكَ ليسَ بشفاءٍ ولَكنَّهُ داءٌ

“Я Расулуллах, өлкөбүздө жүзүмдөр бар, биз аны сыгып ичебиз, – дедим. Жок – деди, мен кайрадан кайталап: “Аны менен оорулууларды дарылайбыз”- дедим.  Ал шыпаа эмес, тескерисинче оору, – деди”. Бул арам же нажас “аракты” дары деп ичүүдөн кайтаруу болуп эсептелет. Бирок жогорудагы хадистерде келгендей, Расулуллах с.а.в. нажас “төөнүн сийдиги” менен дарыланууга уруксат берди. О.э. арам болгон “жибек кийүүгө” да уруксат берди. Албетте, бул уруксат берүүчү хадистер Ибн Мажжанын хадисинде келген кайтаруу катъий эместигине т.а. арам жана нажас нерсе менен дарылануу макрух экендигине карина(ишара) болуп эсептелет. Ошондуктан, дарылануу максатында гана апийим өндүрүүгө тиешелүү болгон дары-дармектерди керектөө макрух болуп, жаиз. Дары-дармектерди өндүрүүдө апийимди, арам, нажас нерселерди иштетпей коюу абзел. Бирок дары-дармектерди өндүрүүдө колдонулса, анын өкүмү макрух. Оорулуу адамдын курамында апийим же арам, нажас нерсе болгон дарыларды кабыл алышы макрух болгондой эле, дарылануу үчүн канды керектөөнүн өкүмү да макрух, арам эмес.

Көбүнчө дарылык үчүн канды иштетүү кокустан, шашылыш абалдарда болот, аны кыска убакытта топтоп, иштетүү мүмкүн болбойт. Ошондуктан, зарылдык болгондо, кан жана ага тиешелүү иштерди ишенимдүү жана жетиштүү өлчөмдө даярдап,  даяр абалга келтирүү иштери важиб болот:

  • Кан донорлору үчүн өзүнчө кан топтоочу станцияларды түзүү боюнча исламий мамлекет иш алып барат. Бул станциялар тургундардын, бейтаптардын муктаждыгын эсепке алган абалда бардыгына оңой болушу үчүн көчүп жүрүүчү же бир жерде туруктуу болушу мүмкүн. Канды топтоого кепил болушу үчүн армияда бул иш туруктуу иш болот, анткени ушул аркылуу жетиштүү көмөк көрсөтүү ишке ашат.
  • О.э. кандын түрүн, группасын аныктоо, аларды текшерүү үчүн жана кан аркылуу өтүшү мүмкүн болгон оорулардан сактануу үчүн лабараторияларды даярдоо боюнча иш алып барат.
  • Кан даярдап койгон жерлерди, анын түрлөрүн, жарактуулук мөөнөтүн жазуу үчүн электрондук билдирүүлөр, жазуулар үчүн негиздерди пайда кылыш керек.
  • Адамдарды армияга алып жатканда кан группасы, ден соолугу жөнүндөгү документ сыяктуу маанилүү медициналык маалыматтарды даярдап коюу важиб болот, анткени ушул аркылуу жихад учурунда жарадар болуп, канга зарылдык пайда болгондо ага туура келе турган канды аныктоо жеңил болот.
  • Медициналык дарылоону алдында оорулардан сактануу максатында ар бир канды текшерүү важиб болот.
  • Заманбап электр жабдыктарынын эң алдыңкылары менен жабдылган, зарылдык болгон учурда тез жана жеңил камсыздоодо кан жана анын тармактары үчүн жогорку деңгээлдеги шарттары болгон, ылайыктуу температура менен жабдылган кан сактоочу жайлар  жана анын тармактары үчүн станцияларды куруш керек болот. О.э. маал-маалы менен зарылдык болушу мүмкүн болгон жерлерге, туруктуу жашаган жерлеринен алыста болгон жайларга, мисалы, аскерий даярдык өтүүчү жерлерге, же согуш болуп жаткан аймактарга жакын жерлерге жетиштүү кан сактоочу орундарды пайда кылыш керек болот.
  • Жихад Исламды жайылтуу жана мусулмандарды коргоо үчүн зарыл иш болгондуктан, кан куюу станцияларына – жарадар болгондорду дарылоого зарыл болгон кан жана ага кошумча болгон нерселер менен армиянын алдыңкы сызыктарын (фронттук линияларды) камсыздоо үчүн – ар дайым даяр туруу важиб болот. Ушул максатта кан сактоо станцияларынын ар тараптагы фронттук линиялардагы жарадарларга кан жеткирип берүү үчүн фронттун артындагы жана байланыш аймактарындагы аскерлерден кан топтой турган атайын тармактар ачылат. Таңкыстык болуп, дарылоо кечикпеши же тескерисинче, топтолгон кан колдонулбай калбашы үчүн кан сактоо станцияларынын түзүмүндө топтолгон өлчөм менен талаптын ортосундагы тең салмактуулукту сакташ керек, анткени талаптын көлөмү менен топтолгон запастын ортосунда айырма болбосун. О.э. кандын запасы талаптан ашып кетпеши керек, мөөнөтү өтүп, кан таштандыга айланбашы керек.
  • Мужахиддерди, бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгону себептүү кан тапшырууга шыктандыруу максатында мамлекет маал-маалы менен үгүт өнөктүгүн жүргүзүп турат. Кан таншыргандардын ар биринин кан группасы текшерилет жана бул маалыматтар кан сактоо станцияларынын архивине жайгаштырылат. Себеби, кокустан бир күнү алар канга муктаж болуп калышса алардын кан группасы белгилүү болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here