Лавров кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды сындады

1358
0

Лавров кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды сындады

         Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанда жакында кабыл алынган кыргыз тили жөнүндө мыйзамга байланыштуу пикирин билдирди.

         “Бул идея жаңыдан жаралганда, биз кыргыз досторубузга бул анчейин демократиялуу эмес кадам экенин эскерткенбиз. Мен бардык мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча билип, ошол тил менен иштөөгө милдеттендирүүнү айтып жатам. Мамлекеттик кызматкерлердин бул тобуна мугалимдер да, мамлекеттик медициналык мекемелердеги дарыгерлер да кирип калды. Биз ишти улантабыз. Бир канча жолу эскерттик, бирок башка нукка салынып калды”, – деди Лавров.

         Ал орус тили жалпысынан басмырлоого кабылып жатканын, учурда жалпы бириктирүүчү фактор катары бааланган орус тилин кошо өнүктүрүү мезгил талабы экенин кошумчалады.

         Мунун артынан президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде мыйзамда орус тили дискриминация болсун деген түшүнүк жок экенин билдирди. “Бизге кыргыз тили кандай керек болсо, орус тили дагы ошондой керек. Анткени КМШ өлкөлөрү менен орус тилсиз иштей албайсың. Кытай, араб өлкөлөрүнө, ошол эле Европа өлкөлөрүнө барганда дагы орус тилинде сүйлөшүп атпайбызбы. Бул жерде биз өз тилибизди да толук өздөштүрөлү деп жатабыз”, –  деп актанды Жапаров.

         Буга чейин 17-июлда президент “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Ага ылайык мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Ошондой эле эл алдындагы расмий иш-чаралар дагы мамлекеттик тилде өткөрүлөт. Ал эми, расмий тил катары орус тили пайдаланылары сакталып калган.

         Эске салсак, аталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда Россельхознадзор 20-апрелде Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт азыктарын Россияга алып кирүүгө тыюу салды. Кийинчерээк ушундай эле чектөө балык продукцияларына да киргизилди. Натыйжада Садыр Жапаров Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевди кабыл алуу учурунда депутаттардын сунушун сындады. Муну менен катар Осмоналиевди кыргыз тилин латын алфавитине өткөрүү жөнүндө аңдабай айтылган сөздөрдөн карманууга чакырды. Ушундан кийин жогорудагы продукцияларды Орусияга алып кирүүгө уруксат берилди.

         Демек, Лавров ишара кылгандай мындан ары да Орусия тараптан басым-кысымдар уланышы күтүлөт. Анткени, Орусия Кыргызстанды өзүнүн колониясы катары көрөт. Ошондуктан, өлкөдөгү сакофий таасирин алсырата турган ар кандай аракетке каршы турат. Бул боштукту Батыш же Кытайдын таасири толтурушун да жакшы билет. Анткени, тил жана алфавит кайсы бир идеологиянын сакофатын жаюуда маанилүү ролду аткарат. Маселен, Социалисттик идеология келип, араб арибин алмаштырып, өз сакофатын кирилица жана орус тили менен жая баштаган. Бүгүнкү күндө капиталисттик идеологиянын өкүмдарлары болгон Батыш мамлекеттери англис тили менен латын арибин колдонот. Ошондуктан, алар үчүн ар бир өлкөдө бул алфавит колдонулушу маанилүү. Ошондой эле билим берүү тармагына гранттарды бөлүү менен өз таасирин кеңейтип барат. Маселен, өткөн жылы өлкөдөгү Билим берүүнүн сапатын жакшыртуу шылтоосу менен Евро биримдик 35 миллион евро бөлгөн.

     Жыйынтыктап айтканда, Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан, эл аралык саясат чыңалган учурда державалардын таасир талашуучу аймагына айланып барууда. Андыктан, биз мусулмандар өз динибизди жана Куран тилибизди үйрөнүүгө шашылышыбыз керек. Анткени, мусулмандар ушул тилди билүү менен гана өз диндерин тунук түшүнө алат жана жол көрсөтүүчү аалымдар өсүп чыгат. Ошондой эле, Ислам менен биригүү аркылуу гана мусулманда үстүбүздөгү колонизаторлордун басымы, зулумунан кутула алабыз.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here