Халаб жана Идлибдин шаарларында Хаят Тахрир Шамдын разведка кызматынын кылмышкерлерине жана Швецияда Куръани Каримдин өрттөлүшүнө каршы бир нече демонстрациялар уюштурулду

711
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халаб жана Идлибдин шаарларында Хаят Тахрир Шамдын разведка кызматынын кылмышкерлерине жана Швецияда Куръани Каримдин өрттөлүшүнө каршы бир нече демонстрациялар уюштурулду

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын радиосу 2023-жылы 30-июнда, жума күнү тараткан кабарына ылайык, Халабдын Баб, Сурани Иъзаз, Сахара шаарчаларында жана Идлибдин Атма качкындар лагеринде жума намазынан кийин демонстрациялар болуп өттү. «Сый-урматты тебелеген адамдар фронтторду таптакыр ачпайт» деп аталган демонстрациялар Хаят Тахрир Шамдын разведкасынын зомбулуктарына каршы өткөрүлдү. О.э. демонстрациялар Швецияда Куръани Каримдин өрттөлүшүнө каршы нааразылык катары өттү. Демонстранттар согушкер жамааттардын жетекчилери Башар режиминин кыргындарына унчупай турушканын каралап, камакка алынгандарды азат кылууну талап кылышты. Муну менен бирге, эгер исламий өлкөлөрдөгү малай мусулман өкүмдарлары арасында эр киши болгондо, Куръани Карим өрттөлбөгөн болот эле деп баса белгилешти. Бул иш-чаралар менен бирге, мубарек Курбан айт майрамынын экинчи күнү Хаят Тахрир Шамдын разведкасынын операцияларына каршы массалык иш-аракеттер уланды. Массалык иш-чаралардын катарында Халабдын түштүгүндөгү Салкин, Атама, Куфри Тахрим, Тирманин, Килли сыяктуу шаар жана райондордо о.э. Дайри Хассан качкындар лагеринде, Халабдын түштүгүндөгү качкындар лагеринде, Идлибдеги Карама качкындар лагеринде, Идлиб, Атариб, Сахара, Баб, Иъзаз жана Суранда, Халабдагы Кафара шаарында да кечки демонстрациялар өттү.

Роя гезити, №450, 2023-жыл, 5-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here