Хаят Тахрир Шам Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн жана чындыкты айткандарды камакка алышынын себептери

655
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хаят Тахрир Шам Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн жана чындыкты айткандарды камакка алышынын себептери

Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Хаят Тахрир Шамдын разведкасынын чындыкты айткан адамдарга каршы камакка алуу кампаниясы Шам калкына каршы үлкөн кылмышка чөйрө даярдоо үчүн болууда. Бул кылмышты канкор Асад режими түркиялык досу менен биргеликте ишке ашырышы, чет мамлекеттер менен байланышып жаткан Жуланий башчылыгындагы жетекчилер аны аткарышы пландалган. Камакка алуу операцияларынан максат – фронтторду ачууну талап кылып жаткан, кылмышкер режимди кулатууга аракет кылып жаткан, анын тил бириктирүлөрүнө каршы турууга даяр туруу үчүн бардык күчтөрдү согушкер жамааттардын жетекчилерин кошпостон бириктирүүгө аракет кылып жаткан ар кандай үндү басуу. Анткени, бул согушкер жамааттардын жетекчилери бардык иштерин донор мамлекеттерге тапшырып коюшту жана кожоюну түрк режиминин буйруктарын аткаруудан башка иштери калбады».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Маселе ачык-айкын. Бизге 2019-жылы азат кылынган региондордогу таасирдүү адамдардын уурдалганы үлгү болушу керек. Ошондо бул адамдар региондогу кооп-коркунучту жоюу жолдорун талкуулоо жана канкор Асад режимин жеңүү максатында күчтөрдү бириктирүү жолдорун издөө үчүн чогулушкан. Алардын уурдалышы да кудум бүгүнкү күндөгүдөй ишке ашып, региондор толук режимге тапшырылган жана көпчүлүк жигиттер камакка алынган. ХТШ бүгүнкү күндө да дал ошол кылмыштарды кайталап жатат. Бул болсо, анык эскертүү болуп, ХТШ өз кожоюну болгон түрк режимине кызмат кылуу үчүн үлкөн кылмышты ишке ашырууга даярданып жатканын көрсөтүүдө. Демек, оо, Шам калкы, козголоңубузду уланткыла, намысыңарды сактагыла жана балдарыңарды кыргындан куткарып калгыла. О.э. бул коррупциячыл режимдерди кулатып, бизди өлтүрүп жаткандарга каршы чыныгы жооп бере турган чечим ээсине айлангыла. Жуланийдин жообу режимдин яхудийлерге каршы берген жообу менен бирдей болуп калды.

 

Роя гезити, №450, 2023-жыл, 5-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here